Абдылдажан Акматалиев

Арслан Койчиевдин мистикасы жана реализми

Абдылдажан Акматалиев

Бактыгерейге Чыңгызхандын арбагы эки ирээт айланчыктап келет. Биринчи ирээт тагдырына нааразы болгон кызымтал Бактыгерей капыстан маданият үйүнө кирип калып монгол улутундагы  киши черткен күүнү  уккандан кийин жолугат. Моңголдун “мөрүнхүүр” деген кылдуу аспапта ойногон күүсүн Бактыгерей көкүрөгү толо сагыныч, куса-ызаасын козгоп, берилүү менен угат. Бул күү ага “даңкан талаанын тегиз бетинде мойнун созо төшөлүп учуп, дүбүрт салган күлүктүн ээсин издеп кишенегениндей”, күлүк менен ээсинин табышкандыгы кубанычындай, ажырашкандагы арман-ызаасындай угулат. Ушул учурда атасынын күлүк айгырын тартып алгандагы кайгысы, ызасы эсине түшүп, өмүрүндө биринчи уккандагы күүнү дал ошондой чечмелеп, дал ушундайча кабыл алышына анын көңүл түпкүрүндөгү дал ошол окуя себеп.

Монгол андан кийин “Учан талаанын кыйырындагы ый” аттуу көмөкөй менен аткарылчу элдик ырды аткарып берет. Ошондо Бактыгерей Избасаров да кошо түйшөлүп, мындай ойго чөмүлдү.

«Эмнени сүйлөдүң? Эмне деп безелендиң, карагым? Эмнени айтып, эмнени эсиме куя албай чебелектеп кыйналдың, карагым? Башыңды кейип-кепчигендей чулгуп-чулгуп, каарың төгө карагандай туюлдуң, каргадыңбы, карагым? Кыйгачтуу көзүңүн кычыгынан чолок жаш «мөлт-мөлт» этип кылгыргандай болду эле аядыңбы, карагым? Эмне мынча жан далбастадың, карагым! Чулдураган тилиңди түшүнбөсөм да, бир маалда арааны ачылган көмөкөйүңөн «каан», «каан» дегендей какшадың, канды айттыңбы, же канымды айттыңбы, карагым? «Хабырга! Хабырга!» дегениңди даана аңдадым, «кабыргам» дедиңби, карагым? Оголе көп бирдемени божурадың-ов, боорум дедиңби, бооруңа тарткың келдиби, карагым! Боор батырышкың келдиби, карагым!..»

Кызуулуктан чалыштап, ыр-күүнүн таасиринен чыга албай, өзү менен өзү сүйлөшүп келе жаткан Бактыгерей кимдир бирөөлөр анын сөзүнө аралашып, жандап келе жатканын байкабай да калды. Темтеңдеп сүйлөшүп, сырдашып келе жаткандыгын кимдигин билгиси келген суроосуна “Ханмын!” деген жоопту каңырыш угуп, бирок кайталап сурай албайт. Бирок, “Кесирлигиңди карматпа, Бактыгерей! Шешесине асылып, ашата сөккүдөй атаңдын кеги бар беле? Же бир жөн жүргөн жоролошуң беле?! Кусуру болот, кусуру! Аны сөкпө сен, жектебеген сен эле калдыңбы?! Жабык дүйнөдө сен шордуу болсоң, ачык дүйнөдө мен шордуу”, деп ойлогондорунан улам, анык болбосо да Бактыгерей анын кимдигин боолгологондой.

Күү угуп, жолдо келатып сырдуу караанга жолугуп, “сүйлөшүп” келгенден кийин үч күн, үч түн кадагандай отуруп аян болуп келген баянды эки дептерлик кылып кагаз бетине түшүрөт. Жазгандарын үч жылдан кийин жоготуп алып, аны таң атпай Юнус хандын күмбөзү жакка издеп барып, ошол жактан Чыңгызхандын арбагына экинчи ирээт жолугат. Экинчи ирээт жолукканда үч дептерлик баян жазылат.

Биз сөз кылып жаткан Бактыгерей Избасаровдун түпкү теги Чыңгызханга барып такалат. Бекеринен ага аян берилип, “Чыңгыз-наме” баяны жазылып жаткан жок. Бактыгерей төрөнүн урпагы болгону үчүн сыймыктанат. Аян болуп келген Чыңгызхандын арбагы менен сырдашат. Дал ушул Бактыгерейге Чыңгызхан өзү жөнүндө нааме жазууну тапшырат. Бактыгерей тапшырманы кантип аткарып салганын да түшүнбөй калат. А.Койчиев мистика менен реализмди ширелиштирилип бергендиктен, кайсы жерден окуя мистика башталып реализмге өтүп кеткенин же реализмден мистикага окуянын өткөнүн окурман аңдабай калат.    

Аян ... биздин улуу манасчылар да өзүлөрүнүн манасчылык өнөрүн Манастын улуу арбагына, күчтүү рухуна байланыштырып, “Манас” айтып калуусунун себебин түшүндө Манас баатырды, Семетейди же чоролордун бирин көрүп, алардан Айкөлдүн баянын айтуу жөнүндө тапшырма алгандыгын айтып, эпосту айта баштаганда окуялар, сөздөр өзү эле тизмектелип келип турат деп түшүндүрүшкөн. “Манастын” жазма “вариантын” жазгандардын да айрымдары арбак-рухтан келген баянды кагазга түшүргөндүгүн айткан учурлар бар. “Манаста” Манастын баяны, Манастын доору, анын эрдик окуялары баяндаларын белгилеп өтөлү.

15.10.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.