Абдылдажан Акматалиев

Арслан Койчиевдин мистикасы жана реализми

Абдылдажан Акматалиев

Ошентип, Бактыгерей Избасаровдун беш дептерлик баяны түздөн-түз Чыңгызхандын  арбагынын “айтып берүүсү”, аяны аркылуу жазылган. Демек, Чыңгызхандын арбагы ошондой эле Өзбекстан илимдер академиясынын  Кол жазмалар фондусунда  “өтө жашыруун” делген гриф менен сакталган, Избасаровдун аяндык баянында далма-дал келген, бирок мезгилдик жактан  андан көп жылдар мурда  жазылган, капысынан ЦК менен КГБнын, Илимдер академиясынын кызматкерлерин дүрбөлөңгө салган кол жазманын башка, мурдагы вариантынын да “автору” десек болот.

Көркөм чыгармачылыктагы мистика менен реализмдин кесилишиндеги мындай ыкманы кыргыз адабиятында Арслан Койчиевге өз оюн эң жогорку философиялык-эстетикалык  чекке жеткирүүгө мүмкүндүк түзгөн.

Арслан Койчиевдин романындагы типтештирилген реалистик каармандар Аблеухов, Хайруллаев, Абдуллаев, тарыхый каармандар Элбасар, Өзбекхан, Бердибекхан ж.б. болсо, Чыңгызхан мистикалык – аян берүүчү каарман болсо, Бактыгерей жогорку каармандарды реалдуулукту жана мистиканы бириктирүүчү, байланыштыруучу ортодогу каарман.

Ооба, дүйнөлүк адабиятта мистика менен реализмдин айкалышында жазылган чыгармалар бир топ. Атасак, Габриель Гарсия Маркестин “Жалгыздыктын жүз жылы” романындагы окуялар “магиялык реализм” стилинде берилет эмеспи. Ошондой эле Михаил Булгаковдун “Мастер менен Маргаритадагы” чыгармачыл адамдар менен көзгө көрүнбөгөн сыйкырдуу дүйнөнүн аралаш берилиши, Кафканын “Метаморфоза” чыгармасында жалгыздык жана руханий кыйроо трагедиясы, Орхан Памуктун “Менин атым – Кызылында” сүрөтчүлөр турмушу менен мистикалык элементтер руханий аң-сезимге байланыштуу берилет.

Чынында эле Арслан Койчиевдин “Бакшы жана Чыңгызхан” романынын жогорудагы чыгармалар менен салыштырма-типологиялык метод менен изилдесе, көп жалпылыктарды жана айырмачылыктарды тапса болот.

Арслан Койчиевдин романында  Чыңгызхандын өзүнүн эмес, анын бешинчи-алтынчы муундагы урпагы, кыбыра-чыбыраларынан болгон Өзбекхандын доорунан берки окуялар сүрөттөлөт. Чыңгызхандын тукумдарынын ортосунан  ырк кетип, Чыңгызхандык Йасада (мыйзам-осуяттарында) айтылгандарды бузуп, барк албоону башка уруудагы моңгол балдары эмес, өзүнөн тике тараган  өз урпактары баштагандыгы  романда көрсөтмөлүү, көркөм элестүү баяндалат. Чыңгызхан төрт уулуна энчилеп бөлүп берген аймактардын жана андан кийинки жоортулдарда дагы  кеңейтилип басып алынган аймактардын хандары “алтын уруктун” (Алтын уруг”) тукумдары, ата жолунан тайып, ар кимиси өзү басып алган аймактагы элдин ырын ырдап, динин, каада-салтын, үрп-адатын, маданиятын артык көрүп, тутуна баштаган учурдан берки көрүнүштөргө байланыштуу эпизоддорду автор көз алдыга тартат.

“Алтын ордонун” хандык тактысына ээлик кылган эки бир туугандын балдары  Элбасар менен Өзбекхандын согуштук беттешүүсүндө үстөмдүккө ээ болгон Өзбекхан төмөндөгүчө ой жүгүртөт: “Касиеттүү Чыңгызхандын канынан бери агылган, Жоочу хандын каны болуп агылган касиетти оодарат деген ушу. Тээ ала жаздан эки курдай бет келип, экөөндө тең алалбаган жоосун мына бүгүн – барс жылынын буйруктуу күнү, түш оой талкалап, “засаг, засаг” [1] деген капырлардын тарак тамгалуу туусун жыкты. алтын асабалуу айчыктуу туусун Сарайга тикти. Оомат оойт деген ушу, ушу турган көк дөбөдөн жер кыйыры көз алдына алаканга салгандай көрүнүп, жердин бети чеңгелине батып  турду”.

А.Койчиев тарыхтын кургак фактыларын жандандырып, алардын жандуу элесин окурмандын көз алдына тартат.

Тарыхый маалыматтардан келтире кетели: “Узбекхан приходился племянником хану Наср ад-Дину  Токте и внуком хану Иксар (Илбасар, Илбасмыш) по протекции могущественного эмира Кадака был объявлен ханом, при этом сам  Кадак стал главным визирем. Но в январе 1313 года Узбек вместе с Беклярбеком Кутлуг-Тимуром, прибыв из Ургенча, чтобы сказать близким покойного хана  Тохты слова утешения, убил Иксара и Кадака. В январе года Узбекхан взошел на трон”.

15.10.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.