КҮН АВТОПОРТРЕТИН ТАРТЫП БҮТӨ ЭЛЕК
КУБАТБЕК ЖУСУБАЛИЕВ
Раман өзүн өзү билбей кетти. Жалгыз өтүктү алды да, эшикти көздөй жүгүрдү.
кычыраган суук.
Асман туптунук.
Жылдыздар сойку жымыңдашат.
Раман клубдун жака-белин карады. Жок. Жакынкы үйлөргө барды. Жок! «Үйүнө кеттиби» – деп ойлоду. Чуркап баратып жолдо бирөөгө урунду. Экөө тең тайгаланып карга жыгылышты.
– Раман, токтосоң, өтүгүң калды.
Лайли экенин үнүнөн тааныды.
– Менин өтүгүм дейсиңби! Апкел бери!..
Раман өтүктү жулуп алып дагы чуркады...
– Раман, токтосоң... Экөөбүз издейбиз...
– Жинди го? Кимди издейсиң?..
Раман аябай ачууланды. Артынан калбай келаткан кыздын үнүн дагы укту.
– Раман токтосоң... Экөөбүз...
Рамандын эми аябай ачуусу кайнады.
– Жинди десе! Кимди? Кимди издейсиң?!.
Бечара кыз шашканынан айтып салды.
– Атаңы...
– Мына сага атаңы! Мына!
Раман өзүн өзү бийлей албады. Лайлини бет талаштыра коюп-коюп жиберди.
Лайли карга жыгылып калды.
– Атам айткан... – Лайли улуу кардан араң туруп жатып ый аралаш ушинтип айтты.
Раман мунусун уккан жок.
Кыйла узап кеткен. Ал дале чуркап баратты. Арданганынан ыйлагысы келди.
Раман баары бир ишенбейт.
Эң жакшы көргөн адамынын оозунан ушул сөздү угам деп ойлогон эмес. Балдар да кээде ушинтип шылдыңдашат. Раман аларга ошол замат эле муш көтөрөт. Өлбөгөн жерде калышат.
Азыр бул жөнүндө ойлогусу келбеди.
...Раман эшиги ачык үйгө кирип, ширеңке чакты. Төрдөгү самандын үстүндө кулагын шалпайтып, сууктан коргологон жалгыз жоор эшек жатыптыр. Жок...
Эшекти өтүк менен салгылап айдап чыкты.
Эми эмне кыларын билбеди.
– Өлмөктөн доңуз копсун! Эшекче болбойбу, бир жерге баш калкалагандыр!..
Жалгыз өтүктү төргө ыргытты да, үйүнө жөнөдү.
Чилде. Чыйкылдаган суук.
Эшек араң бүжүрөп басып баратат. Туягынан кар кычырап, түндүн мазасын кетирет.
Өрдөштөгү үңкүрлүү кызыл таштан Баюулунун үргөнү угулат.
Чоң энесинин: «Баюулунун үргөнүн укпа, жамандыктын жышааны» дегенин эстеди.
«Ушу карыгандар бир балээни айтып дөөдүрөй беришет» – деп ойлоду Раман.
Анын бардык нерсеге жини келди.
Өзүнө да...
Жылдыздарга да...
Адеп тайгаланган өтүгүнө да...
Өтүгүн жерге уруп, уруп сөктү...
Залдагы жанын чапкылап каткырган жигитти эстеп, ага да жини келди.
Раман адам-жиндинин согушта болгонуна эми ишенди.
– Бат эле келип калдың го, ата? – деди чоң эне.
Раман унчуккан жок.
– Кызык бекен, ата?
– Өтө кызык, – деди Раман.
Чоң эне да экинчи сүйлөгөн жок.
Раман негедир согуш жөнүндө ойлоду...
Бул түнү анын түшүнө да согуш кирди. Эки-үч жолу чочуп ойгонду...
11
Бул күнү Рамандардыкына эки атчан адам келди.
– Жигит, ким болосуң? – деди бирөө жылмайып.
Экинчиси дулдуюп унчуккан жок.
– Касымов.
– Ысмыңчы?
– Раман.
Чоң эненикин да сурап жазышты.
– Кол койгула.
– Эмне үчүн? – деди Раман.
– Тынчтык. Дүйнөгө тынчтык үчүн. Же сен согушту каалайсыңбы? – деди алиги адам дагы жылмайып.
Экинчиси дулдуюп эч унчуккан жок.
Раман кол койду.
Чоң эне бармагын басты.
Рамандын «сиз үчүн мен эле коюп коёюн» дегенине болбоду.
Чоң эне балчайтып бармагын басты.
Алиги адам муну көрүп, Раманга көзүн кысып жылмайып койду. А экинчиси дале дулдуюп унчуккан жок...
Эки атчан адам айыл кыдырып кетишти.
12
Чоң эне дайыма эртең менен курут эзет.
Күн автопертретин тартат...
Кара кесеге курут куюлбаганына көп болду. Ал өз ээсинен баягы суук түндө ажырабадыбы!
Өкүрүк-бакырык деле болгон жок.
Согуш талаасында өлгөн жоокердей тынч гана жерге коюп коюшту.
Адатта адам өлсө, тирүүлөр чогулган жерде кеп болот. Антүүчү эле, минтүүчү эле раматылык дешет.
Жаманын да, жакшысын да бирдей эскеришет.
Ал турсун басканынан, турганынан, күлгөнүнөн өйдө зерикпей кеп кылышат. Булардын чын ыкластуу муюган ойлуу жүздөрүнө карап: «Тирүүлөр, боорукер болгула» – деп кыйкыргың келет!