КҮН АВТОПОРТРЕТИН ТАРТЫП БҮТӨ ЭЛЕК
КУБАТБЕК ЖУСУБАЛИЕВ
Раман башка жөнүндө ойлоду...
Алиги адам жөнүндө ойлонуудан коркту.
Ал адам жөнүндө ойлонуудан дайыма коркот... «Эмне болду?» – деди ал. «Эч нерсе болгон жок» – деди кайра өзүнө.
«Жок» деген жакшы сөз, – деп ойлоду Раман.
Раман дагы чылым күйгүздү.
– Көп чекпесеңчи, – деди Жамбы.
– А мен ошондогу Чоң эненин салкын жүзүндөгү муңду түшүнбөпмүн. Бала экемин. Азыр ошону эстесем ыйлагым келет...
Чоң эне кеч кирери менен бүк түшүп жатып алды. Тамакты да: «Көңүлүмө барбай турат» – деп ичкен жок. Адатынча: «Уккан, көргөндөрүңдү айтып берчи, ата» – деп сурабады.
– Баласың, ата, – деди бир гана.
– Мен бала эмесмин, – деди Раман.
– Ооба. Сен эми эркексиң... – деди Чоң эне.
Раман Чоң энесин аяды. Сүйлөшкүсү келди. Эркелегиси келди.
– Менин энем сулуу...
Тизесине коомай отурду. Бетинен өпкүлөдү.
Бул түнү сүйлөшүшкөн жок.
Раман китеп окуп кирди. Кайра бат эле тажап, барактай баштады.
«Тынчтыгынан» качат. Аттап өтөт.
«Согуш» деген сөздү издейт. Ал жерин окуп бүткөнден кийин, дагы издей баштайт.
Тажады. Анан Наташаны издей баштады. Наташанын биринчи балы ага абдан жакты. Сүйүндү. Өтө жакты. Андрейге ыраазы болду.
Бал бүткөндөн кийин кайра уйкусу келди.
Толстой чалга баары бир ыраазы болгон жок...
Китепти жапты.
Бул китеп Раманга кыштын узун жадаткан түндөрүнө окшоду.
10
Дайыма эртең менен Чоң эне курут эзет.
Кара кесеге курут куюлат.
Күн автопортретин тартат...
Кээде бороондун айынан келбейт. Үч-төрт күн катарынан келбейт...
Чоң эне үч күндөн бери тынчсызданат...
Рамандан дагы сурады:
– Күн эртең менен чыга турганбы, ата?..
– Жок, бүркөө.
– Күндүн энеси өлгөн окшойт...
– Чоң энеси өлбөсө болду... Кайра чыгат... Мен кеттим.
– Каякка, кеч киргенде эми?..
– Кыйноого...
Раман киного кетти.
...Колхоздун клубунун ичи жыкжыйма. Өңчөй чөкө таандай чуркурашкан жаш балдар. Анча-мынча эриккенинен келген жаш жигиттер сороюшуп эң артта топтошуп турушат. Чылым чегип жатышат... Алардын көзү майрамга келишкендей жасанышкан келин-кыздардын үркөрдөй тобунда.
Раман алардын ичинен Лайлини көрдү.
Экөөнүн көзү кокусунан урунуша түштү.
Лайли тескери карап кетти. Рамандын жүрөгү туйлады. Уу-чуу...
Залдын ичин чылымдын ачуу түтүнү булуттардай жиреп жүрөт.
Кино башталды.
Титрдеги жазууларды жаш балдар эжелеп, жабырап окушат.
– Ле-й-те-н-ан-т. Лейтенант!
– Эй, чычкактар, жапкыла оозуңарды! – деп кыйкырды арттагы жигиттердин бири.
– Мынабу лакыйган жинди тосуп алды бизди, – деп чыйылдады баягы «лейтенантты» баарынан бийик кыйкырып окуган жаш баланын үнү.
Эми жымжырттыкты экранда жарылган бомбанын үнү бузду.
Дагы, дагы, дагы жарылды...
Жер эңшерилет...
Жердин онтогону угулат...
Өрт. Ышкырган октор... Та-та-та!.. Адамдар чалгы менен чапкандай сулашат.
Адамдардын онтогону угулат...
Өтүктөр сырак этет.
Миллион өтүктөр жүгүрүп жүрүшөт...
Ушу кезде жалгыз өтүк экранга согулду. Бирөө атып урду. Согуш болуп жаткан экран кулап түштү.
Согуш токтоду.
Селдейип эң алдыда турган кишини Раман заматта тааныды. Залдагылар «дуу» кыраан-каткы күлүштү.
Мүйүздүү шайтандын күлкүсү да угулду.
– Ха-ха-ха!!!
Адам-жинди бирдеме-бирдемелерди сүйлөнүп, өкүрүп-бакырып залдан качып чыкты. Жанынан өтө бергенде Раман анын купкуу жүзүндөгү сулуу узун тырыгынан ылдый аккан жашын байкады.
– Мына, чычкактарга, силерге кино! – деп кыйкырды баягы жигит.
Санын чапкылап каткырды...
– Ишенбейм. Ошол адамга күлүштүбү? Ойлосоң, ушул адам күлө турган ишпи?.. – деди Жамбы.
– Билбейм. Мага ошондой көрүндү. Баары ыкшып күлүп жатышкандай көрүндү. Менин аларга ачуум келди...