КҮН АВТОПОРТРЕТИН ТАРТЫП БҮТӨ ЭЛЕК
КУБАТБЕК ЖУСУБАЛИЕВ
Күн тийди.
– Ассалоом алейкум!
– Ким, ата?
– Күн, – деди Раман.
Терезеден кирген күндүн нурлары чоң эненин кардай чачтарына корголоду. Раман муну эми гана байкады.
Мурда буурул көрүнчү эле.
Нуктуу бырыш менен көзүнө куюлганы келаткан, тоголонгон шар сымал тамчы тер, күндүн боёкторун сорду.
Күн сүрөтчү.
Автопортретин тартып жатат.
Раман болсо дайыма башка жөнүндө ойлойт.
– Кара кемпир...
– Болдум, ата. курут жумшак экен, үбөлөнөт жаныбар. Малташа жейсиңби? – деди Чоң эне.
«Дайыма кыйналганын жашырат. Саратан жеген эме кайдан үбөлөнсүн, таштай катуу да» – деп ойлоду Раман ичинен.
«Чоң энемдин ордунда болсом бир күн да жашабас элем. Өзүмдү атат элем»...
Раман чоң энесинин купуя күчүнө таң калат...
Кара кемпир...
– Болдум, ата. Нан жабанда. Дагы тоңуп калгандыр. Кыштын энеси өлгөн окшойт...
– Кара кемпир...
– Нанды ысыттыңбы, ата?
– Жок!.. Эмне үчүн сиздин көзүңүз жок? А башкалардыкы бар? – деди Раман.
– Тамтаңдабачы, ата!
– Эмне үчүн?
– Билбейм, ата, ыйлап жүрүп ушинттим го...
– Жөнү жок эле ыйлай бердиңизби?! – деди ачууланган Раман. Чоң эненин өзү жөнүндө кайдыгер сүйлөшү аны ачуулантты.
Рамандын ачуусу келди.
Чоң эне көпкө дейре унчукпады.
– О, күн жаныбар чыктыбы? Чекем ысыды го. – күндү кармалап көргүсү келгендей колун созду. – Жөнү жок дедиңби, ата. Ошол үчүн энебиз да.
– Эмне үчүн анда бардык энелер сокур эмес?
– Бардык энелер окшош эмес, ата, улуу кудайым сүйгөн пендесине мээнет берет.
– Анда кудайыңыз улуу акмак экен!
– Кой, ата, көп тамтаңдабачы!
Чоң эненин да ачуусу келди.
Раман унчукпай калды. Кичинекей кезиндеги ыйлаган көп түндөрүн эстеди. «Энемдин көзүн жакшы кыл» – деп кудайдан суранып, жалынып ыйлагандарын ойлоду.
– Кел, көр оокатты ичели, ата. Атаңа наалат! Кийим жыртылса жамап коёсуң, жүрө берет. Жаман кекиртекти да жамап коёр болсочу? Ата, сен чоңойгондо адамдардын сообун ал. Ушуга жамак тап. Сени ошол үчүн окутуп жатканымды бил, ата.
Бул чоң эненин тамашасыбы же чыныбы – Раман билбейт.
– Ушундайлардын сообун албай эле койдум.
– Антпе, ата. Ар кимди өзүңдөй көр.
– Ушулар соопту билишеби? Сиздин көзүңүз адеп ооруганда эмне үчүн бирөө доктурга алпарган жок? – Раман ыйлап жибере жаздады.
– Баласың, ата...
– Баласың! Баласың... Өзүңүз деле айткансыз...
– Мен алжыган кемпирмин. А сенчи?
– Мен алжыган чалмын, – деди Раман.
– Канчага чыктыңыз? – деди Чоң эне күлүңдөп.
– Он бешке...
Раман да аргасыздан күлүп жиберди.
– Баласың, ата, баласың... Көп тамтаңдабай жүрчү.
– Мен тамтаңдабайм, – деди Раман.
– Оп, бали! Менин асыл уулум да...
Бул сүйлөшүү Раманда оор из калтырды.
Тамак ичип бүткөндөн кийин чоң эне казандын түбүндө калган курутту чоң кара көмөч аякка куйду, үстүнө бир жапырмак май салды.
– Барбайм, – деди Раман. – Дайыма эле ошол өз атын билбеген жиндиге тамак ташып мен эмне...
– Башы кара, буту айрыгабы? – деди Раман кекээрдене. Чоң эне болор-болбос башын ийкегиледи. Раман чыгып кетери менен өксүп-өксүп ыйлады.
– Оо, көр кудай! Ата-баланы мындай кыла көрбө. Көр кудай ай! – деди Чоң эне.
Бул там кыйла обочо. Айылдын тоо тараптагы четинде. Мурун элдин көбү ушул тарапта эле. Алар жол боюна жаңы там салып көчүп кетишти. Рамандар капкара морлуу соройгон чалдыбардын арасында жалгыз калышты.
Эл чалдыбардын бирөөнү жакшылап оңдоп, шыбап коюшкан. Ошондо адам-жинди жашайт.
Азыр каалгасы оңурайып ачык турду.
Ал үйгө эч ким басып барбайт.
Иттердин да изи жок. Кээде гана айылдагы чалдар же кемпирлер жаш балдарын жумшаса коркуп келбегендиктен, өздөрү оокат ташып барышат.