КҮН АВТОПОРТРЕТИН ТАРТЫП БҮТӨ ЭЛЕК
КУБАТБЕК ЖУСУБАЛИЕВ
Ал караган жол да алоолонуп батып бараткан күндөн башталат. Чоң энеге кичинекей Раманы күнгө барып окуп кайткандай туюлат.
Ана, өрттөн качып чыгышкандай топоңдошкон топ балдар күндөн чыгышты. Алар күнгө чалынып мүдүрүлгөнсүп чыгышты. Эң артында бирөө сөлпөң-сөлпөң этип жортуп коёт. ал – Раман. Дайыма балдардын артында калат. Дайыма... Дайыма...
«Өтө эле чабал» – деп ойлойт Чоң эне. «Куураган гана желмогуздар, бирөө да карап койбойт» – деп ичинен кейийт. Китеп кабын жанына бекем кысып, сөлпөң-сөлпөң этип жортуп, Раман келатат. Балдардын эң артында калат. Дайыма... Дайыма...
...Фильм дагы үзүлдү. Бул эч качан бүтпөйт. Бүтпөс фильм.
Эртең түнү кайра башталат.
Чоң эне ошондон бери күндү көрө элек.
Аябай, аябай сагынды... Ошол мыйзам учкан күз, Чоң эненин акыркы көргөн күзү: көзүнөн күн кетип, түн кирген күз.
Ошондон бери таң атпайт.
Күн чыкпайт...
Ошол мыйзамдуу күздөн бери чоң эне түндө гана жашайт.
Чоң эненин түндөрү баш-аягы жок, түптүз, кадрсыз кара лентадай.
Азыр түн. Бороон...
Бирок Чоң эненин түнүндө бороон да болбойт, ай да чыкпайт, жылдыздар да жымыңдашпайт.
Асманы жок керең түн.
«Мындай түндү эч бир адамга көргүлүк кылбасын. Кудай таалам» – деп ойлоду Чоң эне...
Эшикте кабылан улуй баштады.
– Кет! Кет! Башыңды тарткыр, – деп кыйкырды чоң эне, төшөктөн обдула...
– Эмне, эне?
– Кабылан эле, ата. Чочудуңбу?
– Жок, – деди ойгонгон Раман.
Кабылан үйдөн алысыраак барып дагы улуп кирди.
– Бороон дагы эле уктай элекпи, эне?
– Тамтаңдабачы, ата.
Чычкандар дале кебек салынган тулупту эрмектеп жатышат.
– Чычкандар эмне укташпайбы, эне? – деди Раман.
– Башыңа гана көрүнгүр!
Чоң эне кабыланга ачууланды.
– Кара кемпир, сиз уктаган жоксузбу?
– Менин уктаганыма көп жыл болбодубу, ата...
– Түш көрдүңүзбү? Мен түшүмдө учуп жүрүптүрмүн...
– Токтоно электигиң, ата.
– Атамды көрөсүзбү?
– Көп болду, атаң түшүмө кирбейт.
– А мен көрдүм... – деди Раман.
– Айтчы, кандай экен?
– Атам кара каштуу, кара көздүү чырайлуу киши экен... Атам бизге тарыхтан айтып берип атыптыр (Раман тарых сабагын өтө жакшы көрөт). Атам мени эң алдыңкы партага отургузуп койду. Атам мени доскага чыгарып сурады. Мен айтып бердим. Атам мага «беш» койду. Атам: «Менин уулумдай окугула» – деди балдарга кайрылып. Атам мени... – Раман унчукпай калды.
Раман бул эки сөздү армандуу, өзгөчө кумар менен айтты. «Мунун баары калп!» – деп кыйкыргысы келди. Анте алган жок. Антүүнү каалабады... Айткандарына ишенгиси келди.
– Анан бир жакка кетип калды... – деди Раман акырын.
– Каякка?
Чоң эне эрдин кесе тиштенди. Үнү буулуп араң чыкты. Чоң эне баарына түшүндү.
Раман жооп берген жок. Айткандарын кайра унутууга шашты.
– Менчи? Мени көрөсүзбү?
– Сен сөлпөң-сөлпөң этип балдарга жете албай окуудан келатканың түшүмө кирет.
– Мен ошондо канчанчы класста элем, эне?
– Биринчиде...
– Мен төртүнчүгө дейре кантип окуганымды унутуп калдым. Сен адамдын сүрөтүн көрүнгөн жерге тарта бересиңби? Эсеп дептериңдин чоло жери жок, – деп агай уруша берүүчү. Ушу гана эсимде калыптыр. Азыр тегирменчи го, ошол окуткан мени, билесизби?
– Ооба, ооба. Аны кантип билбейм. Атаңды да ошол окуткан да. Бечара, кыштын күндөрү сага атайы келип, атына учкаштырып ала кетчү. Анан, ошол жылдары кар өчөшкөндөй улуу түшө турган.
– Ооба, эне. Ал жолдо менден «Эр Панфиловду» ырдап берчи деп көп сурачу...
– Укта эми, ата, эртең окууга барасың.
– Эртең базар.
– Укта, ата.
– Мен адам-жиндини көрдүм, – деди Раман.
– Укта, ата...
– Мен адам-жиндини көрдүм дейм!