КҮН АВТОПОРТРЕТИН ТАРТЫП БҮТӨ ЭЛЕК
КУБАТБЕК ЖУСУБАЛИЕВ
Чоң эне унчукпай койду.
– Сиз дагы уктайсызбы? – деди Раман.
Капысынан адам-жинди жөнүндөгү ой башына кире калганына бушайман жеди.
– Мен уктап калдым, – деди Чоң эне.
– Эмне үчүн иттер бороондо улушат, эне?
Кабыландын дале муңдуу улуганы угулуп жатты.
– Билбейм, – деди чоң эне.
– А мен бороон менен тең уктайм.
Раман адатындай өзүнүн жеке дүйнөсүнө шуңгуду. Оюндагы эң эле бийик, эң эле бийик чокусу элестеди... Ошол чокуга чыкмак болду. Бу сапар Лайлини ээрчитип алды. Экөө чокуга чыгып баратышты. Лайли чарчап калат.
– Уу-у, алыс турбайбы!..
– Алыс, Лайли, – дейт Раман.
– Бар! Барбайм. Аябай бийик экен...
– Менден бөлөк бул тоону эч ким билбейт. Бул менин тоом. Менин гана. Аты: «Ааламдын чокусу» – дейт Раман.
– Экөөбүздүкү.
Раман унчукпайт. Акыры «Ааламдын чокусуна» жетишет... Дүйнөнүн төрт бурчу тең көрүнөт.
– Уу-у, э-эй! жер картадагыдай эмес турбайбы! Баары жапжашыл...
– күн... Жаз... – дейт Лайли тамшанып.
– Менин жеримде дайыма жаз... Дайыма күн, – дейт Раман алыска-алыска карап.
– Күн батпайбы?
– Күн батпайт. Бул күн да меники, – дейт Раман.
– Экөөбүздүкү, – дейт Лайли.
Раман унчукпайт. Экөө алысты-алысты карашат.
– Раман, Раман, газеталарда эмне үчүн калпты жазышат?
– Эмне деп?
– Баланча жерде согуш болуп атат, түкүнчө жерде деп. Карасаң кай жерде согуш? Эч жерде. Тыптынч.
– Менин жеримде согуш болбойт, – дейт Раман, сыймыктуу.
Раман чоорун тартат.
Лайли жанында шолоктоп ыйлайт.
Жөнөкөй чоордун үнү ааламды кезип жөнөйт...
Түбөлүктүү жаз менен дем алган касиеттүү жер чоордун коңур үнүн тыңшайт.
«Менин чоорумдун үнүн ийининде жаткан жыландар да угушат» – деп ойлоду Раман уйкуга көзү илинип баратып.
Раман түш көрдү.
...Лайли экөө дале баягы чокуда катар турушат. Лайли учуп жөнөдү. Экөө булуттарды аралап баратышты. Лайли жоголуп кетти... Бир нерсе болуп эле Раман төмөн кулады. Зуулдап келип жерге «былч» этеринде чочуп ойгонду.
Рамандын көзү умачтай ачылды. Жылуу төшөктө жатканын көрүп сүйүндү.
– Эмне болду? Чочудуң да, ата? – деди чоң эне.
8
Раман кийинип эшикке чыкты. Күн чайыттай ачылыптыр. Асман көпкөк чакчаят. Алыскы аппак тоолордун баштары эртең мененки ачылган кызгалдактардай кызара баштады. Күн тийип келатат...
Раман түндөгү «жаз келгенче уктайм» дегенин эстеди.
Бүгүн жекшемби.
Раман күнөскө отуруп алып китеп окуйт. Ал «Биздин замандын кишилерин» окуй турганын ойлоп ичинен кымылдады.
– Азыр көң калайм, кара кемпир. Чырмайып жылынып отура бересиз. Күн чыкканча, – деди Раман.
– Күн барбы, ата?
Чоң эненин көнүмүш суроосу.
– Күн чыгат, эне.
Рамандын көнүмүш жообу.
– Мени олтургузба, ата. Казанды алып, суу ысыт. Курут эзейин. Анан күнгө чыгабыз.
Чоң эне катыратып курут эзүүдө.
Раманды ой басты. Өзүнчө капаланды.
Чоң эне дайыма курут эзгенде Раманды ой басат. Капаланат.
– Кара кемпир...
Кайра унчукпады. Раман дайыма башка жөнүндө ойлойт. Чоң эне курут эзип жатты.
Жалгыз аяк жолдорго окшогон чекесиндеги бырыштарынан тер чыкты. Азыр тиги нуктуу бырыш менен келип көзүнө куюлат.
– Кара кемпир...
– О-ов. Курсагың ачтыбы, ата?
Раман дагы унчуккан жок.
Чоң эне куруттарды кыжынгандай мыжыгып эзет.
А Раманды түпөйүл ойлор эзди.
«Эне, менин балпайган Чоң энем! Эгер сенин көзүң соо болсо кандай жакшы болор эле...» – дегиси келди.
Бирок унчуккан жок.
Чоң эне куруттарды мыжыгып жатат.
Ал таштарды эзгенсийт.
«Зулайка жеңени чакырып келейин, ошол эзип берсин» – деп Раман нечен жолу айткан.
– Кой, балам, өздөрү келбесе, алардын да өз тиричилиги бар, – деп Чоң эне болбойт. таарынгандай сүйлөйт.
Жок! Чоң эне таарынбайт. Раман билет го. Эч анте элек. Антпейт. Бирөөлөргө арыз-муңун айтып ыйлабайт. Чоң эне бирөөлөргө өзү жөнүндө эч сүйлөбөйт. Андайларды жаман көрөт. «Начар адамдар арызчыл, муңчул, таарынчаак болот» – дейт Чоң эне.