КҮН АВТОПОРТРЕТИН ТАРТЫП БҮТӨ ЭЛЕК
КУБАТБЕК ЖУСУБАЛИЕВ
Андан атасы жөнүндө ой дале кетпеди.
Ал дайыма өзүнчө ойлойт.
Раман кызык бала...
Чоң эненин эми уйкусу келбейт. Бардык кары адамдардай эле чоң эне да өзүнүн эскерүүлөрүндө көбүрөөк жашайт.
Раман бала кезиндегидей бырылдап уктап кетти. Чоң эне колун абайлап алып барды да, жүзүнөн сыйпалады. Жуурканын кымтылады.
– Эне-е...
– Укта, уктай бер, ата...
«Сергек, айланайын» – деп ойлоду чоң эне. Анан өзүнчө кобурады:
– Бала, бала...
«Бала энеге кээде өтө эле ырайымсыз, адилетсиз» – деп ойлоду чоң эне.
Кичинекейинде тентектиги үчүн тилдеп койсо, Рамандын:
– Көр, көр! – деп карматпай качып кетип калгандыгын, бирде чычаланы кармата коюп, каткырып күлгөнүн эстеди.
А бирдечи... Ошонусу кызык. Чоң эне аны эстеген сайын жылмаят.
...Жайдын күндөрү үйдүн алдындагы арыктан суу агат. Анда энсиз тактайдан көпүрө бар эле. Бир күнү ошол көпүрөдөн экөө өтүп баратышты. Раман орто ченине келгенде сууга кулап кетти. Суудан чыккандан кийин чоң эне: «Эмне болду, ата?» – деп сураса: «Сизди туурап көзүмдү жуумп алдым эле» – деп жооп берди Раман. Чоң эне аргасыздан күлгөн...
Ушинтип чоңойгонун көрбөй, жүз токтото албай калганына капаланды. Чоң эне небересинин кичинекей кезинен эмне эсинде калса, ар түн сайын кайрадан көрүп чыгат. Кары адамдардын эскермелери көп коюлгандыктан ленталары үзүлгөн, кызыктуу эски фильмдерге окшош.
Чоң эне Рамандын караанын дагы көргүсү келди...
...Апаат жылдар. Коштошуу. Күнүгө ызы-чуу. Ачарчылык. Чоң эне кырманда буудай тазалайт. Бригадир атыр алардан көзүн албайт. Үч жашар Раман булдурап жанында.
Чоң эне анын чөнтөктөрүнө кызыл буудайдан толтурду да:
– Раман, кагылайын. Үйгө барганда кууруп берем. Менин жанымдан жылбай отур, – деп шыбырады. Жаш бала айбан да, эмнени түшүнсүн?!
Бир маалда:
– Сал капка! – деген бригадирдин корсулдаган үнүн угуп чоң эне жалт карады. Кичинекей сары чийкил, купкуу Раманы чоң кара канар каптын жанында алаңдап коркуп турат. Чоң кара канар кап. Жанында кичинекей Раман. Каптын оозуна колу араң жетет. Чөнтөктөгү буудайларын капка шашып салып жатат. Кээде бытыйган уучундагы буудайлар каптын оозуна жетпей чачылып кетет. Раман согончоктоп кара каптын оозуна тырмышат.
– Ар кимиңер күнүгө ушунчадан уурдап кетсеңер, пронтко эмне калат? Окшошкон гана какшаалдар! – деп бригадир аялдарга көнүмүш кыйкырыгын салды. Кырмандагылар баары жумуштарын токтотушуп, кара кап менен Раманга үн-сөзсүз карашты.
Оор түйшүктөн арып-чарчаган адамдардын көздөрү... Раман алаңдап коркуп салып жатат. Чоң эненин жанындагы аял шолоктоп ыйлап жатты...
Үн-сөзсүз тигилген көздөрдөн жалтана, бригадир башын жерге салып четке чыга берди. Раман акыркы уучун капка карабай туруп, чачып жиберди да, чоң энеге карап тейтеңдеп чуркап келатты. Кырмандагылар дале кыймылдашпай белгисиз бир нерсени күтүп турушту. Бригадир чаң жутуп, чарчаңкы кызарган көздөр эмнени күтүшкөнүн түшүндү.
Ал үнсүз макул болду.
Узун сөздөрдүн бул жерге кереги жок эле.
Үнсүз сүйлөшүү бүттү.
Адамдар кайрадан жумушка киришишти.
Чоң эненин жанындагы аял дагы эле шолоктоп ыйлап жатты...
...Фильм үзүлдү.
Азыр кайра башталат.
Түн. Сыртта бороон дале терезени черткилейт. Чоң эне дайыма сыйкырдуу түндө жашайт. Чоң эненин түндөрү кээде капкара, кээде буурул болуп өзгөрөт. Чоң эне көптөн бери буурул түндө жашайт...
Раман уйкусурап сүйлөдү:
– Ассалоом алейкум, Күн!
Дагы түшүнүксүз бир нерселерди балдырап тим болду. Чоң эне небересин акыркы жолу көргөнүн эстеди.
...Чоң эне күндө үйдөн алысыраак жердеги кызыл ташка олтуруп жол карайт. Батып бараткан күндү карайт. «Күн жолдон чыгып жолго батат. Жолдор күндөн башталып, күндөн бүтөт» – деп ойлойт Чоң эне.