КҮН АВТОПОРТРЕТИН ТАРТЫП БҮТӨ ЭЛЕК
КУБАТБЕК ЖУСУБАЛИЕВ
Ал чоорду эң жакшы тартат.
Айылдагы балдардын баарынан кыйын тартат. Раман чоор тартканда чоң эне эмнегедир эмшеңдеп ыйлай берет... Ага чоор тартууну чоң эне өзү үйрөткөн... азыр Раман өтө эле бийик, өтө эле бийик чокунун башына чыгып чоор тарткысы келди.
А бирок андай чоку жок.
Ал оюнда гана жашайт.
Оюндагы өз чокусуна салыштырганда тигил тоолор бейиттеги эски мүрзөлөргө окшойт.
Рамандын эми аларды карагысы келген жок. Жол боюндагы тамдардын бооруна жазылган ураандарга эрксизден көз жүгүрттү. «Жашасын 1-Май!..» калганын окуп бүтө элегинде Рамандын кыркынчы өтүгү карга тайгаланып кетти. Дагы бир аз баскандан кийин бузулган үйдүн чалдыбар дубалынын боорунан: «Согуш отун тутандыруучуларга өлүм!» – деген өчүңкү эски жазууну окуду. Кайсы дубалда эмне жазылгандыгы көп жылдардан бери ага беш колдой тааныш. Аларды эми окугусу келген жок.
Раман көңүлүндө таптакыр башканы ойлоп баратты.
Кандайдыр бир түпөйүл ой жүрөгүн өйүтөт.
Чалдыбардан кийинки үйдүн алдында, дубалды тырсылдата койгулап ыйлап жаткан эки-үч жашар баланы көрдү. Бала өтө эле эрке өңдөнөт.
Чаңырып-чаңырып алат да:
– Ата-аа-а! – деп чалкалап коёт.
Атасы да жүгүрүп үйдөн чыкты.
– Жүр, уулум! Оп-аа! – ата уулун асманга көкөлөтө кармаганча, аңкайып тиктеп жолдун ортосунда турган Раманга карап жылмайып күлүп койду.
Раман жин тийгендей жөнөй берди.
Алиги бала көтөргөн адам «буга эмне болду» дегендей жүгүрүп бараткан Рамандын артынан суроолуу карады...
Раман чуркап баратты.
Тоолор да асманга карап чакырып жаткансыйт...
– Ата-аа-а!..
Бул сыйкырдуу сөз анын кулагынан кетпеди.
Раман өзү биринчи класста окуп жүргөндөгү болгон бир окуяны алиге унутпайт.
Азыр да ошону эстеди.
Мугалим Раманды доскага чыгарып: «Ата, атка така как» – деп жазгын деди.
Раман доскага: «Эне, атка така как» – деп жазды.
Балдардын баары кыраан-каткы күлүштү.
– Эмне үчүн минтип жазасың? – деп сурады мугалим.
– Менин атам жок... – деп Раман ыйлап жиберди.
Раман ушуну алиге дейре унутпайт.
Азыр «ата» деген сөздү түбөлүккө айтпай турганын ойлогондо көкүрөгү кысылып, көзү каканактады...
– Бул жаман сөз! Жаман... уккум келбейт, – деди Раман өзүнө.
«Мен жок жерде айткылачы?! Дайымаөзүңөргө өзүңөр ыраазысыңар, башканы байкабайсыңар. Менин көзүмчө таарынып ыйлабагылачы атаңарга? Атаңарды сөз кылбагылачы! Муну сатып берди, тигини сатып берем деди атам дебегилечи мага. Атаңарга айтсаңар, менин көзүмчө силерди эркелетпесин. Мени менен баратканда атаңарга учкашып кетип калбасаңар? Ошентсеңер... Мен силерден суранам...»
Ушинтип кыйкырды Рамандын ичиндеги бирөө. Раманды бул ойлор аёосуз эзди.
Рамандын үйү мектептен алыс. Анын үстүнө жолдун орто ченинде ээн мүрзөлөр бар. Жол ошол ээн мүрзөлөрдү аралап өтөт. Раман ошерден жалгыз өткөндө дайыма сүрдөйт. Кээде коркунучтуу ойлор келип, төбө чачы тик турат.
Азыр да ошол ээн мүрзөлөргө жакындап баратты.
Былтыркы ушул жерде ыйлаганын эстеди...
...Ошол күнү Раман менен Эмил мектептен кеч чыгышты. Ыр-хор кружогундагылар түштөн кийин калып ырдашкан эле. Тышта алай-дүлөй бороон болуп жатыптыр. Дуулдаган шамал карларды асманга сапырат.
Карлар тегирмендин тозундай чаңыйт.
– Будуң-чаң...
Раман кээде дем алалбай аптыга түшүп жатты. Бороон тумчуктурат. Бирок экөө бороонду тоотушкан жок. Көңүлдүү келатышты. Бороон экөөнү дегдеңдетип айдап алгансыйт...
Кээде экөө орундарынан жылбай туруп алышып, бороон менен сүйлөшүшөт, ага тийишип мазакташат:
– Кана, кыйын болсоң эми түртчү?
Бороон түртөт...
Экөө кубанычтуу күлүшөт да, топоңдоп бороондун алдына түшүшөт.
– Кана, мени учурчу? – Раман шырымалын канатка окшотуп бороонго жаят...