Үмүт Култаева

ЗАЙЫРБЕКТИН ЖАН-ДҮЙНӨСҮНДӨГҮ КАРАМА-КАРШЫЛЫК

Үмүт Култаева

Зайырбектин өзүнөн өзүн таба албай, кризистик кырдаалга кабылышында өзү  сүттөн ак дегенге деле болбойт. Ошол эле учурда жалпы руханий чөйрөдөгү азыркы кризистик кырдаал аны бир топ күнөөдөн  “актайт” дегенге негиз бар. Себеби, калемгердин  аргасыз кырдаалында кийинки мезгилдеги бүтүндөй адабияттын көйгөйлөрү бар. Аруу тилек, асыл ой менен жазган ырларына көңүл бурган окурмандын жоктугу, Жазуучулар союзу менен жаш калемгерлердин ортосундагы байланыштын үзүлгөнү, калем акы алганды мындай кой, кол жазманы жарыялоо үчүн, тескерисинче, каражаттын зарылдыгы бир жагынан маанайын чөктүрсө, экинчи жагынан, улуттук баалуулуктардын наркынын кетиши, адамды, адисти  барктоо критерийлердин жоголуп баратышы калемгердин “жанын жай алдырбай” жатпайбы. Анан да башкысы акынды акын катары шыктандырган жагымдуу дем жок. Ошондуктан Зайырбек кээде бул жашоодон орун табышынан да күмөн санап кетет. Калемгердин:

Өткүр кезим билбейм кайда чачылды,

өкүнүчтөн көтөрө албайм башымды.

Мен өзүмдү таппай кетсем өмүрдөн,

мүрзөмө түк жазбагыла атымды[1], - дегени –

анын өзүнө өзү  айткан эң катуу сөз, койгон катаал талап. Өзүн өзү таанууда окумуштуулар төмөнкү   үч  критерийди белгилешет:

1)    өзүн-өзү (жоопкерчиликти сезүү, парызын билүү) тарбиялоо;

2)    өзүн-өзү (адистигин, чыгармачылыгын, интеллектуалдык деңгээлин) өркүндөтүү;

3)    руханий эркиндикке (күнкорсуздукка) ээ болуу

Ырас, бош кеткен өмүргө өкүнүү жоопкерчиликти сезүү. Ал эми жеке парзын таануу, өзүн-өзү таануунун башкы белгиси. Ушул көз караштан караганда З.Ажыматов адамдык парзын ыр жазууда деп билет, ал жакшы ыр жазуунун азабына арбалып, изденүү жолуна түшкөндөй.

Коркуп турам калемимди алуудан,

Коркуп турам келген сапты жазуудан.

Ойноок кезде оңой көрүп өзүңдү,

Оо, ыр дүйнө сага бекер кабылгам.

 

Кулун чактан сени менен бирге өстүм,

Кумарыңа бүт эркимди бийлеттим.

Бирок аттиң, мен ыр жазбай кезинде,

Ырлар мени жазышаарын билбепмин.



[1] Темасыз ырларынан

11.10.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.