Үмүт Култаева
ЗАЙЫРБЕКТИН ЖАН-ДҮЙНӨСҮНДӨГҮ КАРАМА-КАРШЫЛЫК
Ыргагына кошкон ызгаар, бороонун,
Ырлар менин узатарым, коногум.
Мурунураак билсем болмок, эх десең,
Ыр бар жерде ыйдын дагы болорун.
Өтөт күндөр өкүт салып жаш жанга,
Өтөмүн жетпей асыл саптарга.
Оо, ыр дүйнө, кайберен ыр кубам деп,
Кожожаштай турам бүгүн аска да...[1]
Аскада туруу − акын үчүн бар же жок болуу, Ч.Айтматов айткандай, ар бир жакшы чыгарма жазуу үчүн өлүп, кайра тирилүү. Андыктан ал рух дүйнөгө биротоло сүңгүп кирүү зарылдыгын сезди.
1. Өзүн өзү таануудан рух дүйнөсүн таанууну көздөй. Адамдын жан-дүйнөсүндөгү карама-каршылык кризистик абалдан чыгып, турукташуу үчүн руханий дүйнөнүн өлбөстүгүн таануу зарылчылыгын пайда кылат. Сократтын тили менен айтканда, адам рухтун өлбөстүгүнө ишенбесе, ага акылдын да, билимдин да кереги жок болчу. Ушунун өзү адамды руханий изденүүгө жетелеп, өмүр-өлүм түшүнүгүндө акыл калчоого алып келгенин улуу адамдардын чыгармачылыгы аркылуу билебиз го. Кызыгы, жан-дүйнөсүндөгү карама-каршылыктын табиятында жаткан кудуреттүү күчтүн деминен улам, денедеги өмүрдүн убактылуу, рухтун түбөлүктүү экенин таануу да З.Ажыматовго башкалардын эртерээк келиптир.
Убактымды жашап бүтүп ченеген,
учуп чыгам кишендеген денемен.
Уч-кыйырсыз чексиздикке кетемин,
үйүм – аалам, асман болот керегем.
Кутуламын бул тирүүлүк, түрмөдөн,
кутуламын сенден – сүйгөн, сүйбөгөн.
Куну кымбат эркиндикти, чындыкты,
кубанамын таап ошол дүйнөдөн[2].
Рух дүйнөгө кирип, көңүл-маанайындагы тең салмактуулукту сезген соң, калемгердин ырларында көтөрүңкү пафос байкалат. Ал бир кезде жанына тынчтык бербеген “жинди дүйнө, жинди доор, жинди менден”[3] кутулуп, максаттуу жашоого, жаңы дем жаңы ырларды жаратууга бел байлап, руханий