Үмүт Култаева
ЗАЙЫРБЕКТИН ЖАН-ДҮЙНӨСҮНДӨГҮ КАРАМА-КАРШЫЛЫК
“сынган терезе” – бузулган турмуш экени белгилүү. Мына ушундай жагымсыз психологиялык абалдын гаммасы “улуган ит” аркылуу турмуш көрүнүшүнүн образын кульминациялык чекке жеткирген. Эгер жалгыздык феномени жалаң ушундай терс эмоция менен жагымсыз жагдайлардан турса, акындар, алардын ичинде Ажыматов ага эмне үчүн арбалат? – деген суроо да логикалуу.
Көрсө, чыгармачыл адамдардагы жалгыздык руханий санаа, кусалык менен коштолот экен да, ал төмөнкү артыкчылыктары менен адамды өзүнөн өзүн издөөгө мажбурлайт экен:
· өзүнүн чөйрөсүндөгү жашоо позиция, көз караш, ой жүгүртүү инсанды канааттандырбай, бир типтүүлүктөн бөлүнүп, өз алдынча ой жүгүртүүгө, оригиналдуу пикир айтууга болгон жан-дүйнө муктаждыгына кабылат;
· учурдагы жашоого канааттанбай калуу, жашоонун жаңы шартына, нугуна, ритмине, образына болгон муктаждыкты сезүү;
· коом багыт алган агым менен макул болбоо, андан иренжүү же ага “бунт” менен каяша айтуу;
· руханий жапа чегүү санаасына кабылуу.
Жогорудагы факторлор инсанды өз дүйнөсүнө “саякат жасоону” талап кылгандыгы менен баалуу. Ошол саякатты турмуш тажрыйбасы коштогон калемгер жалгыздык тагдыр экенин да сезди:
Ичине сени батырбай,
Ташташып кетсе жакындар,
Жабыркап калба анчалык,
Жапжалгыз болот акындар[1].
Ырас, тагдыр болгон соң, З.Ажыматов жалгыздыкка арбалып жатканын аң-сезиминде туйса да, туйбаса да анын жан-дүйнөсүнүн талабы экенин төмөнкү ыры дагы бир жолу тастыктайт:
Жалгандыктар мүмкүн мени аксатты,
жалтак кылып, жабыктырып, чарчатты.
Жасалма окшойт түпкүрүндө бул турмуш,
жакшы көргөн байлык, бийлик, мансапты.
Жан адамга тийбей балким керегим,
жалгыз келгем, жалгыз кете беремин.
Ыйманымды ченегиси келишсе,
ырда калат тайыздыгым, тереңим…
[1] “Акын доско” ырынан