Үмүт Култаева

ЗАЙЫРБЕКТИН ЖАН-ДҮЙНӨСҮНДӨГҮ КАРАМА-КАРШЫЛЫК

Үмүт Култаева

                    Карытып пайдасы жок ай, жылдарды,

                    Калдактап кайран өмүр калбырланды.

                     Каалгыйт айланамда жөө туман,

                    Көк деңиз, жарты кайык алдымдагы...

 

Өмүрдү мейкиндик жана мезгил ченемдеринен алып караганда, 35 жаш карый турган мезгил беле? Албетте, жок. Бирок 35 жаш улуттук адабиятта (Алыкулдан кийин ) чыгармачылык өмүрдүн бир баскычы, жашоого олуттуу мамиле жасоонун мезгилдик ченеми болуп калды белем,  Зайырбек өтөп жаткан өз өмүрүнүн маңызын ойлогонго даремети жеткен экен.  Ал эми “дос, жардан бөлүнүшү” жашаган коому менен келише албай калгандыгы;  мейкиндиктеги “көк деңиз” менен “жарты кайык” коомдон обочолонуп калган жалгыздыктын метафорасы. “Айланада каалгыган жөө туман” − доор жүзү.  Көк деңиз чексиздик (мейкиндик) болсо, андан жарты кайык минген адам сүзүп өтө алабы? Бул да карама-каршылыктын бир көрүнүшү деген туура болор.

Ырас, жалгыздык концепти “этникалык, маданий менталитет менен шартталган түшүнүктүн баалуулук катары сөз жана фразеология менен образдуу берилиши”[1] болгон соң, калемгер  “Жесир” аталган ырында жалгыздыктын ички табияты менен азабын элдик менталдык этномаданий лексика “жалгыз жаздык” менен образдуу бере алган:

Жан биргесин сууруп коюндан,

 Жан алгычтан карек оюлган.

Жатат жалгыз, жалгыз жаш келин,

Жалгыз жаздык башка коюнган.

 

Шамал дагы кирип оюнга,

Күз түнүндө күчөп согууда.

Сынган эле... колу тийбеди,

Терезесин бүтөп койууга.

 

Улуп ити короо четинде,

Убайымдуу күндөр өтүүдө.

Уюп турган түндөр уламдан,

Узак болуп барат жесирге…

“Жесир” сөзүнүн өзүндөгү жүрөк үшүткөн семантикалык маани “жаш жесир” деген сөз айкашы менен дагы тереңдеп, окурманды аянычтуу маанайга алып келсе, кийинки саптардагы согуп жаткан  “шамал” да жай же жаз күнүндөгү жумшак жел эмес. Адатта, дүйнөлүк адабиятта деле “күз”, “кыш” мезгилдери адамдын муздаган көңүлү, кусалык, санаа менен ассоциацияланат;



[1] Караңыз:Подзолкова  Н.В. Концепт "одиночество" в немецкой и русской лингвокультурах . Дисс. канд.филол.наук. М., 2005.

 

11.10.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.