Кара курт

Мар Байжиев

Кара курт

Сыдык эшикти тосуп турган Урмамбет менен төлгөчүнүн жасоолун жөөлөп кирип барса кемпири жаңыдан «бал китеп» ачтырып жаткан экен, ал алып барган көмөчтү томпойтуп мүшөктүн оозуна коюп коюптур.

– Ой, кемпир, сен акмак болгуң барбы, бас, сабы сынык шибегени таап бер! – Сыдык камчысын кончуна сайды.

– Койчу, абышка, Аскарбайыма төлгө салдырайынчы, көптөн бери кат келбейт, – деп жалынды зайыбы.

– Бас! Бул айтканды мен деле айтам, жүр! – Сыдык күпүлдөп камчысын кайра колуна алды.

– Антип айтпаңыз, аксакал, – деди төлгөчү, – биз айтканды сиз китепсиз айта албайсыз, алла тааланын бул китебинде бардыгыбыздын тагдырыбыз жазылуу. – Төлгөчү китептин бир бетин ачып жиберди.

«Сыдык Булкунбаев, аскерде улуу баласы бар», – деген арапча жазуу Сыдыктын көзүнө илине түштү. Мунун баарын Урмамбет жазып бергенин ал кайдан билсин.

– Бул китептин айтууна караганда сиз кудайды таарынтып, жаратканга тилиңиз тийип жүрүптүр, аксакал. Антпеңиз…

– Сен зулум, нан жегиң келсе келип жеп кет, жумушта жүргөн элди алдабай жоголгун, же болбосо азыр мылыйса чакырам! Ой кемпир, бас үйгө! Аңырайбай!

– Наныңызды алыңыз, аксакал, сизге бекер эле төлгө тартып берейин, – деди сылык үн менен төлгөчү, – кандай түш көрүп, эмне болооруңузду, аты-жөнүңүздү, бардыгын айтып берем, ишенип коюңуз.

– Ой, Сыдык, ачтырып көрсөң эмне дээр экен, ачтырсаң, – деп калышты бери жактагылар.

Сыдык зайыбын колдон жетелеп, эшикке чыгып баратканда төлгөчү китебин ача коюп:

«Атыңыз Сыдык экен, атаңыздын аты Булкунбай, аскерде улуу уулуңуз бар экен, Сталинград деген чоң шаардын түбүндө салгылашып жүрөт, жакында кат келет…» – деп эле эбиреп-жебиреп окуп жиберди.

Демейде мындай балакетке ишенбеген Сыдык уулунун атын укканда жибий түштү көрүнөт: – Эмне, эмне дедиң? – деп бери басты.

– Уулуңуз узун бойлуу, ак жүздүү жигит экен. Согуш башталгандын экинчи күнү кетиптир, келинчек алганына үч күн болгон экен, – төлгөчү сөздөрүм буга кандай таасир этип жатат экен дегенсип Сыдыкты карады.

– Өзүм да билем, эл да билет, Урмамбет да билет! Сен мен билбегенди айтчы, кыйын болсоң. – Мен качан, эмнеден өлөрүмдү гана билбейм! -деди Сыдык.

– Ажалың кара курттан! – деп коңк этти төлгөчү.

– Аны кайдан биле койдуң?

– Китеп айтты, аксакал. Бүгүнкү күнү жаман түш көрөсүз, түшүңүздө кара мышык бетиңизди тырмайт, тура калып жети токоч баабэдин бериңиз. Күндөрдүн биринде түшүңүзгө кара курт кирсе ажалыңыз ошондон!

– Сыдык унчукпай чыгып кетти. Ишендиби, жокпу? Бирок, эртеси ишене баштады. Эртең менен эрте уулунан кат келди: «баягы эле Сталинград шаарынын жанындабыз, кечээ чоң салгылашууга катыштык», – дептир.

– Кечөөкү зулум чын айткан окшойт, кемпир, – деди Сыдык.

– Мен айтсам ишенбейсиң, чалым, баарын эле туура айтып жатыптыр, айтканы айткандай…

Ошол эле түнү Сыдыктын түшүнө бир чоң карала мышык кирди. Ал казан майлаган куйрук майды жеп жаткан экен. Сыдык «мыш»! дегенче оңбогур секирип келип бетин тытып кетти, чочуп ойгонгон Сыдык эки саат көз ирмебей жатты.

 Бир топтон кийин зайыбын капталга түрттү:

– Кудай урган, баягы шүмшүк чын эле бир балакет билген эме го! Мына кызык… Түшүмө мышык кирип, бетимди тытып кетти!

Сыдыктын түшүн кемпири коңшуларына айтты, заматта айыл бүт укту. Кечке жуук Сыдык үңкүйүп кочкор туз татыткан ак чайга талканды өлчөп салып ичип олтурганда салам айтып Урмамбет кирип келди.

– Ии, Сыдыке, кабагыңа каар жаап калыптыр, теги мал-жан аман эсенби?

– Шүгүрчүлүк, Ууру-мамбет, – Сыдык жактарбагандай жооп берип, шор эттирип чайын ууртады.

– Сыдыкем, ушу мени Ууру-мамбет дегениңди койчу!

– Төлгөчү шеригиң жыйнаганынан канчасын таштады сага?

– Кой, Сыдыке, арам ойлобо, ал кудайдын адамы, өзүң деле сезип жаткандырсың!.. Жылдыр бери талканды.

26.04.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.