Кара курт
Мар Байжиев
«Кара курт» дегени эмнеси? «Көз ачыгым эчак эле билип койгон» дегени кандай? Анан кудайдын жазганы жөнүндө эмне үчүн кандайдыр башкача кылып айтты? Бир мүнөттүн ичинде ушул суроолордун бардыгы биринин артынан бири чубуруп келип жатты. Иштин жайын Степанга толук түшүндүрдүм, ал орусча «Жөн эле жөөлүп жатса керек, температурасы көтөрүлгөндө ар кандай курт-кумурска, шайтан-шапалактар көзгө көрүнө бере эмеспи», – деди.
Бирок мен бул сырды чечким келди.
– Степан, жүр жайлоого баралы!
Степан болбой койду, Түптүн ооруканасындагылар биз алып келүүчү дарыларды күтүп, акыйып жаткандыр, аларды да ойлош керек…
– Степан, сен эртең менен Түпкө кете бергин, мен бүрсүгүнү барам, азыр жайлоого кеттим. Кудай жалгап, минген аттарыбыз тың экен, шашкеде конушка кирип бардык. Бир боз үйдүн тегерегинде эл топурап, бири кирип, бири чыгып жатышат. Ал үйгө жеткенде эки-үч жаш жигит алик алып тердеген аттарыбызды ары жакка жетелеп кетишти.
Каалганын оозунда артына бала көтөргөн, сагыз чайнаган кичинекей кыздарды, атасынын өтүгүн, өзүнөн чоң калпак кийген бала-чаканы, дагы бир топ аялдарды «киши келатат» деп түрткүлөшүп жатып мага араң жол беришти. Сыягы мени Сыдыктын жакындарынан деп ойлошсо керек.
Кирдим. Төр жакта бети көпкөк болгон, көгала сакал адам жатыптыр. Андан берирээк селчеден бир адам китеп кармап, кобурап-собурап курандын ар кайсы жерлеринен окуп олтуруптур.
Сыдык атанын тамырынын согушу өтө катуу, эти ысык, жөөлүй баштады. Бир туруп кудайды тилдейт, бир туруп жалынат, бир туруп кемпирине буйрук берет. «Таар шымдын артын эмне жамабайсың!» деп бир-эки жолу тилдеп да жиберди. Чемодандан градусник, шприц жана башка дарыкерлик куралдарды алып чыкканымда селдечен адам мени колдон тартты.
– Кой, иничек, бейбаштык кылба. Сыдыкемди кудай өзү чакырып жатат, көзү ачык адам болучу, ажалы кайсы жерден жана эмнеден болорун беш жыл мурда билген. Кудайдын буйругуна каршылык кылба, алда таалам алам дегенин алып кетет, баары бир дары-марыңдын таасири тийбейт, бөөдө өзүң күнөөгө каласың, – деп ар кайсы жомоктун башын айтты.
– Молдоке, көрөйүн, балким …
– Жок, жок… Жараткандын бир сөзү эки болбойт. Бекер эмгек… Анын үстүнө Сыдыкем өзү каалап ушуга барды.
– Кайсыга, эмнеге барды?
– Тээтигини көрбөйсүзбү, – молдо карыянын аяк жагында турган жарым литрлик айнек банканы көрсөттү.
Жанатан бери мен аны байкабаптырмын, шап ала койдум, үстүн жаап койгон айнек банкенин ичинде бармак башындай кара жөргөмүш, боорун кытыгылаган итке окшоп, буттарын жыйрып, чалкасынан жатыптыр. Кара курт! Бул кичинекей жалаңкычты дароо тааныдым. Бирок кайдан? Кара курттун жүргөн жери кургак чөл, какыраган талаа, түштүк Казакстан, Түркмөнстандарда болот эмеспи. Бул жерге кайдан келди? Жайлоонун салкынына чыдоочу жан эмес!
– Кудай таалам Сыдыкемдин ажалы ушундан деп жазган экен. Айтканымдай болуп жатат, ээ кудай, балдарына өмүр бер! – деди селдечен адам.
Боз үйгө дагы эки-үч карыя кирип келип, эс-учуна келбей жөөлүп жаткан курдашын көрүп, үнсүз олтуруп калышты. Мен алардын опур-топурунан пайдаланып, шприцке марганецтин кычкылын куйдум да укол куймак болдум, анткени, кара курт чакканы чын болуп чыкты. Арык чырай, сакалы сербейген, өңү апаийим тарткан неменикиндей куп-куу киши мени колдон тартты:
– Коюңуз, жигит, жок дегенде аркы дүйнөгө жаны кыйналбай кетсин, баары бир үкөлүңүздүн таасири тийбейт! Бир жолу кутулган экен, ажалдан качып да жүрдү байкушум, маңдайына жазгандан кайда качасың… – деп молдо каргылданды.Бул сөздөр да мага түшүнүксүз .Эл толуп кетти. Боз үйдүн тешиктеринен шыкаалаган андан көп. Кээси «молдокем ырас айтат» – деп жүрүшөт, бирок, көбүнчө «үкөл жакшы болот, жок дегенде катын баласы менен коштошуп калат» , – дешет. Беркилерди укпай, сөз да айтпай уколду эки жолу салдым. Жөөлүп жаткан адам бир аздан кийин дымы чыкпай калды. Эл топурап, биринин артынан бири кире берди. Алар Сыдыкемди өлдү дешти окшойт, ызы-чуу, күрү-күү, өкүрүктөр, кошоктор адамдын жүрөгүн титиреткен ансамблге айланды. Жакадан кемпири, уулу Эсенкул, дагы бир топ туугандары келип калышты. Ызы-чуу күчөдү. Кемпирине кара кийгизип, белин бууп коюшуптур.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.