Кара курт
Мар Байжиев
– Койгула, бекер жаман жорукту баштабагыла. Балким тилге келер, – десем эч ким укпайт. Өлө электе эле көмүүгө камданып алышканы кыргыздын тарыхында болбогон жорук.
Эртеси Сыдык кадимкидей сүйлөп, жаш сорпо ичип шишиги тарап калды. Ал киши аман эсен сакайганына тууган-туушкандары абдан таң калышты. Бирок, мен бул кайгылуу иштин жайын билгенде алардан төрт эсе таң калдым. Анын өзүнөн, баласынан сураштырып акмакчылыктын айынан саруулап, күн сайын ажалын күтүп, эч жери оорубаса да оорудай саргарып, ичкени аш болбой, курбалдаштары менен тамашалашпай, күлбөй, өз жеринен, үйүнөн, кесибинен аргасыздан качып жүргөн адамдын көргөн күнү көзүмө даана тартылды.
Бул кыянаттык мындай себептен болгон экен… 1942-жыл… Кара булуттай түнөргөн кайгыга батып, бири бүт үй-бүлөсүн түбөлүккө жоготуп, далайлар сүйгөн жарынан айрылып, адамдардын көз жашы Чүйдүн суусундай оргуштап жаткан кез. Согуш качан бүтөрү белгисиз.
Мына ушундай оор күндөрдө айылга китеп ачкан төлгөчү келиптир. Албетте, майданда, ажал менен алышып, элин-жерин коргоп жүргөн жакыны бар колхозчулар кеткендери менен «аман-эсен көрүшөбүзбү» – деп үмүттөнүшүп, алардын тагдырын билгиси келишип, төлгө ачтырышат. Бир чыны талкан, эки-үч жумуртка, же төрт-беш сом акчаларын алып айылдагы кемпир-чалдар төлгөчү түнөгөн үйгө келе беришиптир, анткени– кыйын төлгөчү экен, китебин ачып: Сен Ыйманбайсың, согушка эки уулуң кетиптир, бирөөнөн жакында жаман кабар келиптир, экинчисинен үмүтүңдү үзбө, аман-эсен көрүшөсүң! – деп бардыгын билгендей так айтып бериптир... Бурмакан жеңе кантээр экен деп сынап, колуна беш сом берип: «Менин эрим аскерде, көптөн бери кат жок, эмне болгонун айтып бер», – десе, китебин ача коюп: «Калп айтпа, кудайдын кулу, күнөкөр болосуң. Эриң согуштан эки жылы мурда кургак учуктан өлүптүр, үйүңдө жаш балаң бар экен. Калп айтпай ошолордун өмүрүн тиле», – деп билип коюптур деген сөздөрдү узун кулактар айылдын баш аягына учурат.
Бул сөздү уккан элдин бири калбай талканын, жараты көмөчүн, атүгүл чайга деп туз салып койгон каймагын алып төлгөчүгө чуркашат. Төлгөчү алар эмне берсе кың дебей батасын берип, китебин ачып, божурап алыста жүргөн жоокерлердин тагдырын айтып берет. Көбүнчө: «күткүн, келет» же болбосо «кат аласың, сүйүнөсүң», – деп келгендердин көңүлүн көтөрөт. Алар: «О-оо, айланайын кудай айтканыңды кабыл кылсын. Ыракмат», – дешип ыраазылыгын билдиришет. Эл «бал китебин» гана эмес, төлгөчүнүн нандарды бир капка, талканды бирөөнө, шашкалактап акчаны койнуна салып жаткан колдорун да өпкүлөп жиберчүдөй.
Жанындагы арык чырай кара мурут жигит менен үйдүн ээси Урмамбет ага жардамдашып, келгендердин тизмесин жазып, ирет менен киргизет.
Бул окуя Сыдыкка да жетет. Сыдык өзү кызык киши экен, ал кудайга ишенбейт, ал түгүл жини келгенде жараткандын так өзүн «критикалап» шыпырылтып тилдейт. Карыялар: «Кантесиң, Сыдык, ушундай да сүйлөйсүңбү, кудай тааланын кулагы чалып калса, эмне болосуң?» – деп коркушса, Сыдык: «Кана, кайсы жерде экен кудайыңар, аныңар бар болсо, жок дегенде бир жолу келип ал-жайыбызды сурап, жардам берип кетпейби? Кана, бар экени чын болсо момуну алып берсинчи мага», – деп далдайган чоң тебетейин төр жакка ыргытып койчу. Муну көргөндөрдүн кээси бырс күлүп, кээси «ай-ай-ай, сага сөз жок экен», – дешет.
Сыйкыр-мыйкыр, шайтан-шапалак, төлгө-мөлгөчүлөргө да түк ишенбейт. Ошондуктан төлгөчү айылга келгенин укканда Сыдыкең мурутунан күлүп эски өтүгүн жамап отура берди.
– Эй, кемпир, баягы сабы сынык шибеге кайда? – деп сурап калды Сыдык.
Бирок, ага эч ким жооп бербеди.
– Кудай урган кемпир кайда кеткен? Эсенкул? Ээ-э Эсенкул! Капырай, эч ким жок… – Сыдык коңшусуна барса, анда да эч ким жок.
– Ыхы-ы, кемпирим да ошол жакка кеткен экен, эмне эле үкөктү калдыратып калды дейм да, сени шашпа! – Сыдык камчысын алып, төлгөчү токтогон Урмамбеттин үйүн көздөй жол тартты.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.