Кара курт
Мар Байжиев
Урмамбет чайына талкандан көмө салды.
– Анын айтканы айткандай, ишенип кой. Мага тарткан төлгөсү да бүт бойдон туура чыгып жатат.
Сыдык унчукпай анын бабыраганын укмамыш болуп олтурду.
– Сыдыке, сен өзүңчө эле капалана бербей кудайга сыйынып, түлөө өткөр. Эмне кыласың, маңдайыңа жазганы ошол да. Баары бир баарыбыздын баруучу жерибиз бир жай – тиги «чыныгы» дүйнө, тоонун этегинде кичинекей бир боз чөмөлө топурактын алдында калабыз. Тобо кыл! – Урмамбет Сыдыкты далыга чапкылап коюп чыгып кетти. Ал күнү да байкуш Сыдык тоок чакырганча көзүн чакчайтып, ары оонап, бери оонады. Таңга жуук көзү илинип кетсе керек, кыркырап-шыркырап бир нерсени сүйлөп жатканда, баласы Эсенкул ойготуп жиберди.
– Ох, астаппырылда, кагылайын кулунум, ойготконуң ырас болбодубу. Түшүмдө жанагы кара баскыр Урмамбет менен төлгөчү килейген кара куртту минип алып мени көздөй келе жатышыптыр… – Кел менин жаныма жатчы, тентегим…
Эртеси зайыбы экөө эл чакырып баабэдин өткөрүшүп садага чаап жана башка ырым-жырымдарын жасашты. «Кара курттан» өлөм деген ой кээде жаркырап жайнап, кемпири менен же теңтуштары менен тамашалашып турганда кылт дей түшөт, анда Сыдыктын түсү заматта бузулуп, кабагы карыш түшүп, унчукпай калат.
Жарыктык киши кара курт Ысык– Көлдүн жээгинде болбосун билбей, а дегенде өтө саруулап жүрдү, бирок андай неме биздин жерлерде жок экенин, көбүнчө Түштүктө, Түркменстанда, Казакстандын чөлдөрүндө болорун билип алгандан кийин жаны бир аз жай алып калды… «Ушул эле айлымдан чыкпай койсом, ал мени учуп келип чакмак беле», – деген жакшынакай жарык үмүт бир топтон бери бүркөлүп турган күндү ачкансыды…
Күндөрүн биринде башкарма чакыртып жибериптир. Сыдык конторго кирип барса, райондон келген бир адам, башкарма жана сельсоветтин секретары бар экен.
– Сыдыке, – деди башкарма келин, – сизге бир чоң тапшырма бердик. Сиз мынабу райондон адам менен барып асыл тукум кочкор алып келесиздер.
– Таанышып коелу, аксакал, мал доктору Ысмайыл Касым уулу мен болом, – райондон келген адам колун берди.
– Жок, айланайындар башка бирөөнү жибергиле, мен бара албайм, балам жаш, кемпирим оорулуу… Башкалар табылбай калдыбы? – деп чебеленди Сыдык.
– Сизден башка мындай ыраак жолго жана жооптуу ишке баруучу адам жок. Үй-бүлөңүзгө көз салып турабыз.
– Сыдыке, сизди чоң казатка жиберип жаткан жерибиз жок, – деди башкарма келин.
Ошентип Сыдык эки күндөн кийин жол тартты, туугандары: «Жеңил барып оор кел», – дешип узатышты.
Ал жылдары жол жүрүү өтө кыйын эле, ошондой болсо да конуп-түнөп олтурушуп, бир эки жумада баруучу жерге жетишти, асыл тукум кочкор алып кайра тартышты. Бирок, жол өтө кыйын болду, анын үстүнө кочкорлорду аман-эсен алып жүрүү, аларга чөп-чар таап бере коюш оңой иш эмес.
Сыдык менен Ысмайыл ар кайсы станцияларга түнөп жүрүп олтурушту, кээде тааныбыган эле адамдардыкына конуп калышат, бир-эки жолу талаага да түнөштү. Мына бүгүн да какыраган талаада таң атырууга мажбур болушту. Темир жолдун имерилишинде кенедей үй турат, анын ичи элге жык-жыйма, башка эч бир корголой турган жай жок. Ар кайсы жерде томпойгон-сомпойгон дөңдөр, кудай жалгап күн ачык; ошол кайсы жер экенин Сыдык өлөөр өлгүчө билген жок…
Эки адам бир топко дейре кобурашып жатышты. Булардын сөзү көбүнчө согуш жөнүндө, элдин абалы жөнүндө…
– Адамдын накта сапаты, ички дүйнөсү ушундай каатчылыкта билинет экен, Сыдыке, – деди Ысмайыл. – Ичинде кенедей терс мүнөз, кара мүртөздүк же башка балакети болсо, тынччылыкта көп билинбейт экен, ал эми мындайда жөн эле оркоюп, жакшы эле катайын десе да сыртына чыгып, элдин көзүн ачыштыргандар болот эмеспи.
– Ой, азыр деле андайлар аз эмес, мурун жашынып-жамынып жүргөн шумпайлар элдин башына кыйынчылык түшкөндө, таалаанын боз чычкандарындай сорок-сорок этип ийиндеринен чыга калат турбайбы. Төлгөчү, сыйкырчы, эмчи-домчу, ууру, каракчы деген балакеттер; булар менен кармашайын десең, андан чоң, андан коркунучтуу тышкы душмандар кирип келе турган… кудай берип. Фашисттерди ойрон кылаарбыз, ошондо жанагыларды өз ычкырларына муунтуп жок кылыш керек…» Бир кезде Ысмайылдын: «Сыдыке, ойгонуңуз, эми мен чырм этип алайын, сиз кочкорлорго көз салып туруңуз, тим эле түрү суук жер экен, карактап кетип, талаада калбайблы», – деген үнү угулду. Сыдык көзүн ачып, башын көтөрүп, туш тарапты карап үргүлөп отурду. Ысмайылдын оорулуу көкүрөгү кышылдап, тешилген топтон жел чыгып жаткандай.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.