Кара курт
Мар Байжиев
Бир аздан кийин таң сүрүп калды… Кара чегирткелердин, кургак бакалардын жана башка түнкү жан-жаныбарлардын ансамбли аз-аздан басылып, экинчи программадагы – күндүзгү жанга орун бере башташты. Ары-бери дегиче, алыскы тоолордун чокусунан күн жарк этип курч шооласы менен Сыдыкты көзгө сайды. Түнкү салкындан качып, ийиндерине кирип кеткен курт-кумурскалар: «эми тиричиликке кириш керек» дегенсип, кыбырап-сыбырап күнгө кактанууга чыга башташты. Мындай бир топ алыстыкта кырчындай жаш жигиттердин, солкулдаган азаматтардын каны төгүлүп, өсүмдүктөрдү, курт-кумурскаларды өз кандары менен сугарып жатканы менен бул күндүн иши эмне? Чыкчу кезде чыгат, батчу кезде батат, ошол!
Сыдык башындагы кара тебетейин ары ыргытып, күмүштөй кубарган башын күндүн нуруна кактап бир топко чейин ойго чөгүп отурду. Адамдын өмүрү да ушундай жарык болсочу, чиркин!
Сыдык Ысмайылды ойготмок болуп жерде жаткан тебетейине колун сунду. Кол тебетейге жетип бери тартканда оң чыпалагы тыз дей түштү. Сыдык адегенде буга көп деле көңүл бурбагандай тебетейин алды, бирок, анын астындагы нерсени көргөндө жүрөгү оозуна тыгылып, көзү чанагынан чыгып кете жаздады. Желе баскан тешикти көздөй килейген кар курт кирип бара жаткан экен!
– Ысмайыл, Ыймайыл, мен өлдүм! – деди ал калтыраган үн менен.
Ысмайыл селт ойгонуп тура калды:
– Эмне болуп кетти, Сыдык? – Ал адегенде кочкорлорду бирөөлөр жетелеп кеткен экен деди, бирок баштарын жерге салып, бирин-серин кыска чөптөрдү кажалап жүргөн эки жаныбарды көргөндө, эч нерсени түшүнбөй Сыдыкты карады.
– Кагылайын Ысмайыл, менин ажалым жетти, керээзимди катын-балама айта бар, ажалым ушундан экенин билгемин, кагылайын Ысмайыл. Айтсам силер күлгөнсүңөр, билгем… билгем… Ой айланайын, кудай, жараткан, күнөөм болсо кечир, мен шордууга ушул жердин боз топурагы буюрган экен да. О, кагылайын Аскарым… ушинтип, сени көрбөй өтүп кетет экенмин да, – деп Сыдык ботодой боздоп көзүнүн жашын көлдөттү.
– Сыдыке, сабыр кылыңыз, эмне, эмне балакет болуп кетти?
– Мына, муну көрбөйсүңбү, айланайын Ысмайыл! – Сыдык он чыпалагын көрсөттү. Тырмагынан ылдыйрак, биринчи муунунда билинер-билинбес эки ийненин көзүндөй кызыл чекит турат.
– Мына, айланайын Ысмайыл, айтпадым беле, айткам, билгем! Ажал! – Сыдык ийнине кирип кеткен жөргөмүштү көрсөттү.
– Кара курт! – муну Ысмайыл дароо түшүндү.
– Кокуй, Сыдыке, алып келиңиз колуңузду, уусу денеңизге тарай электе? – деп шаштырды. Ысмайыл чоң жүз аарчысын ала койду да тиштеп айрып, жиптей чыйратып кара курт чаккан жерден саал өйдөрөөк бекем бууду, Сыдыктын чыпалагы заматта кара көк болуп кан толуп кетти. Ысмайыл: «Жүрүңүз!» -деп Сыдыкты колдон алып, дегдеңдетип жолдун боюндагы жалгыз үйдү көздөй чуркады.
Үйдүн тегереги, ичи, тышы жалаң поезд күтүп жаткан эл, «Буларга жин тийгенби?» – дегенсип Сыдык менен Ысмайылды карашат.
– Нема болду туугандар? – деп сурады агала сакал өзбек чал.
– Ой, дада, мынабу кишинин колун кара курт чагып кетти!
– О, алла, балта, балта алып келиң! Үйдөгү дежурныйдан сурап чыккың!
Аңгыча отургандардын бирөө чоң балта алып чыга калды.
Сыдык адегенде эмне болорун түшүнгөн жок окшойт, бирок беркилер колунан тартып чыпалагын дөңгөчкө койгондо туйлай баштады.
– Баары… баары бир мен өлөм, менин ажалым ушундан болучу, кудайдын жазганы ошол, төлгөчү айткан, жанымды кыйнабагыла, кыйналбай кетейин, кагылайындар, Ысмайыл, айтчу сөзүм бар, айтып калайын, кое бергиле! – деп боздоду байкуш киши.
Бирок эки-үч эркек Сыдыкты кармап, колун дөңгөчкө коюшту, кимдир бирөө таамайлап туруп чыпалагын барч эткизип керте чапты, кан жая берди; кертилген чыпалак чоң кызыл курттай болуп барсайып бир топ жерге барып түштү. Каны шорголоп, күндүн жылуусуна жан кирип жаткансып кыбыр-кыбыр этип кыймылдап чаңда жаткан чыпалагын көргөндө бечара Сыдык ичегиси түшкөн аюудай айкырды. Беркилер эптеп-септеп байлап-матап жатып канын токтотушту. Кудай жалгап уусу тарай элек экен, Сыдык бир жумача ана өлөм, мына өлөм деп ажалын күтүп жүрсө да аман калды. Чын, он чакты күн ооруп жүрдү, бирок, жаны аман калды. Ошентип алыскы сапардан жеңил барып, оор келүүчү Сыдык, тескерисинче, оор барып жеңил келди: он манжасы менен кетип, тогузун гана алып келди.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.