Узакбай Абдукаимов: Майдан
Биринчи бөлүм
- О кокуй, биз койдук,- деди борсулдап күлүп Камбараалы, - бул эми токточу эмес, койдук, о койдук, Жолчу, койдук.
- Койдук, койдук! дейт. Койбосоңор корошо алып кеткиле, мен эмне, силердин оозунарды тырмадымбы?- деп, сөзгө жеңгенсип, Жолчу корсоюп калды.
- Ай, Жолчу, - деди Чотур, сөздү көп ырбаткысы келбей, - бүгүн ишемби? Эртең базар экен, айылга кымыз ала барып, ун, талкан алып келсең болбойбу, кандай дейсиң? Тору атты минип, кашка атты жетелеп ал.
- Мен эмне, бара берем, - деди Жолчу компоюп, күлүп да койбой, - силерге окшоп атка минер, жатып ичер белем? Мен деген мээнеткеч, аки-чүкүң менен ишим жок кишимин. Отургандардын баары кыраан каткы күлүп калышты.
- О-у-у, - деди Камбараалы карсылдап күлүп, ушуну укмакпыз, ушуну көрмөкпүз. Сойду, сойду!
Бермет менен Сырга эшикке чыгышты.
- Жүр, кызыке отура бербей кичине басчы, - маңдайы жарык Сырга жымыңдап күлүп,- бээ саадырып койчу, кулунга алың жетеби? Бүгүн кантип калыпсың?
- Бүгүн жакшымын.
- Канча чыны кымыз ичтин?
- Бир.
- И-и, кызыке, араң эле бирдиби?
- Ошого да рахмат дебейсиңби, кече оозума эчтеке алган эмесмин.
- Кыдырбек келгени кудай ондой берди кылган экен, болсун, болсун, - деп Сырга жайдары күлүп, астыртан Берметтин көзүнө тигиле карады.
- Койчу, жеңе, араң жүргөндө капкайдагыны сүйлөбөчү, – деди Бермет, чындап жактырбай.
- Койчу-мойчуңду коюп эле чыныңды айт: Кыдырбек көңүлүңө жагабы?
- Эмне, сени сура деп, арага салдыбы? - Бермет ичинен жаман ойго кетип, такып сурап калды.
- Арага салбаса деле сурабаймынбы?
- Анда эмесе ойдо жокту айтпа!
- Арам катын десе, кантер экен деп койсо, андан бетер чүйрүндөп кетет. Сурабай эле койдум. Экөө теңтуш эле чамалуу немелер тамашалашып желеге басып келишти. Бермет кулун салып, кулунга алы жетпей бутун бастырып, Сырга апыл-тапыл бээ саап, кечке Бермет менен болду. Кыдырбек менен Асан «Жойлоп жүрүп, кашкарайганда аттары да, өздөрү да суй жыгылып, куру кол кайтышты.
III
Кыдырбек жылкычылардын арасында алты күн жүрдү. Кымыз ичип эт жеди. Ат минип бастырды. Алты күндөн кийин атын токуп, каңтарып коюп, Чотурдукунда эртең менен кымыз ичип отурду.
- Эмне атыңды токуп алгансың? - деди Чотур.
- Кетейин, — деди Кыдырбек, таарынган кишиче.
- Келгениңен кеткениң бат болду го, балам, -деди Чотур удаа удаасы менен кекирип. Чайдан бери үч-төрт чыны кымыз ичип жиберген эле.
- Жакшылап эт да жей албадың, кымызды да арбыта алган жоксуң. Ушинтип да тамак жейби? Бермет болсо араң эле бирдеме жемиш болот. Бир ичеги болуп калган турбайсыңарбы, - деди Чотур, колундагы чынысын тартып жиберип.
- Келе! - колундагы чынысын Канышайымга кайта сунду.
- Сага окшоп эт менен кымыздын үстүндө отуруп калышыптырбы! Булардын түйшүгү күч. Тим эле бапылдап сүйлөй берет, - деди абышкасынын сөзүн дайыма оңдой сүйлөгөн, өзү өктем, сөзү өтүмдүү, Берметтен кийин төрөбөй калган Канышайым.
Бу киши үй сарамжалын мыкты кармаган, оокатка тың, өзү да мыктай болуп жүрө турган аял эле.
- Чын эле бир топ жүрүп кетпейсиңби, кагылайын, - деди Канышайым кайтадан.
- Барарсың ысыгы кайнаган шаарына. Кайда иштемек болдуң? Аскер кишинин ишин да киши билип болбойт, - деп, жаңыдан гана буурул чалып келаткан чачынан шыпырылып бараткан жоолугун оңдоп алды.
Кыдырбек көздүн кыйыгы менен Берметти тиктеди. Бермет менен Сырга экөө бирдеме сүйлөшүп, акырын күлүп коюп отурушкан. Болуп жаткан сөздү укпай калдыбы же укмамышка салдыбы, иши кылып Бермет Кыдырбекти карап да койгон жок.
Берметтин көзүнөн илинчек таба албаган Кыдырбек, үшкүрүп жибере жаздады да, кабагын бүркөдү.
«Алты күн... Алты күн деген эмне! Кымыз ичип чардайын деп эмес, сенин баш териңди байкайын деп келгемин. Баш теринди да көрдүм. Алты күндөн бери көзүңдүн агы менен кошо тегерендим, бир белги болгон жок. Жакшы сөзгө да кадыр кылбадың. Мейли, кечтим байдын кызынан!..»
Кыдырбектин чукул кыялы ушул учурда өзүнө эң туура көрүндү да, Бермет менен коштошпой, үйдөн чыкты.
- Тур, бол! - деди Чотур зайыбын шаштырып... Апкел бирдемең болсо.