Узакбай Абдукаимов: Майдан

Биринчи бөлүм

Узакбай Абдукаимов: Майдан

-Тааныбаптырмын... Эми араң... Аскер кийими кишини өзгөртүп жиберет турбайбы... - деди Бермет, араң эле оозу кыбырап.

-Кайдан таанымак элеңиз... - деди жигит орду жок күлүп. Кокустан «сиз» дегенинен андан бетер уялып, андан бетер кызарып кетти.

Берметтин бет алдында бир айылдаш, бирок көптөн бери көрүшө элек, бир кездерде орто мектепте бирге окуган, жанакы атасы козу апкелген колхоздун коюн баккан Сулайман дегендин тун уулу, окуп жүргөндө чийинден чыккан бейбаш, зөөкүр чалыш, анан кийин согуш окуу жайынан окуп кеткен баякы Кыдырбек турган эле. Бирок ошол эле Кыдырбек болсо Бермет анчалык чочумак эмес Берметтин бет алдында кийинки бир жылдын ичинде үзбөй кат жазып, жазганда да ыр аралаш жазып, бирок катына жооп албаган, эми тар жолдо карп-курп жолугуп калып, катына кыстап жооп сурап турган өндөнгөн Кыдырбек болучу. Мына ошондуктан Бермет да, Кыдырбек да, алда кандай болуп, коомайсынып турушкан.

- Үйгө кириңиз, - деди да, Кыдырбекке тик карабай, атын алды.

II

Эртеси жылкычылардын ичиндеги өзүнө теңтушураак Асан, кош ооз мылтык алып, «жойлоп келебиз деп Кыдырбекти ээрчитип кетти. Мурут коюп алганы болбосо Асан Кыдырбектен төрт жаш эле улуу. Өзү оюнкараак, шылдыңкор, шайыр келип, капкайдагыдан кеп салып, кишини зериктирбеген, эки балалуу болуп калган жыйырма алтылардагы жигит.

 - Ай, экөөң ойноп жүрүп албай, эртерээк келгиле. Бээ саадырбай да кетип баратасың, - деди Асандын зайыбы Сырга, булар жөнөп жатканда.

 - Оюну жакшы чыгып калса ойноп да каларбыз. Бээ сааялбай жүрдүң беле, жалгызсырап баратсаң тиги Берметти чакыр. Кыргыздын кызы эмеспи, оорумун деп отуруп албай, кыймылдасын, - Асан куудулданып күлүп, Кыдырбекке көзүн кысты.

-Мына бул солдат кымызга келдиби, ким билет, оору кыздын тамырын тартып көрчү, кандай болду экен...- деп, ортодогу иштен эч кабары болбосо да, ал өзүнчө дөөрүп койду.

- Тамырын тартсаң тарта бер, жеңе, бирок мени ортого кош көрбө!

- Сүйлөй берет, - деди Асан чындап, олжолуу келсек кечинде келип жаңы эт жесин, абышка-кемпирди да чакырып алабыз. Көптөн бери чоочун болуп калышпадыбы, сүйлөшүп отурушсун. Баякыларды билесиңби, бир күндө макул дедиртип, бир күндө байкелетип, аркаман ээрчитип албадым беле! - деди Кыдырбекке көзүн кысып, кыткылыктап күлүп.

- Алда кокуй ай де, байкелетип алган имиш! Ырсактап күлгөндөн башканы билбей, салпайып жүрчү эмес белең! Мен өзүм тийбесем ушу күнгө чейин шылкылдап жүрө бермексиң. Сырганын бул тамашасына Асан менен Кыдырбек экөө тең күлүп, жүрүп кетишти.

Булар кетер менен Сырга Чотурдукуна келди. Чотурдукунда дасторкон жайылып, жылкычылар кымыз ичип отурушуптур.

 - Кандай, бийкеч, жакшы болуп калыптырсыңбы?- деп, Сырга шыбырап, ичик жамынып нымшып тердеп отурган Берметтин жанына отурду. Кыз-келиндин каадасы кылып экөө шыбырашып, сүйлөшүп, өздөрүнчө боло беришти.

Чотур баш болуп, жылкычы Камбараалы, Жолчулар кымыз ичип, бакылдашып, ар кайсыдан кеп салып отурушту.

- Сулаймандын баякы жинди баласы аскерге барып, тим эле зыңкыйган жигит болуп келиптир го, - деди чокчо сакал, муруту суюк Камбараалы.

- Аскердин тартиби тезге салгандыр да, өзү эле кантип онолуп кетсин, - деп илмийген арык, эчки сакал Жолчу чыныдагы кымызды үйлөп, көзүн шыкшырайтып, жута баштады.

 - Жолчунун кесирин көрчү, кымызды да үйлөп ичет, эмне, кымызга жылкынын тезеги түшүп кетиптирби? Кыдырбекти айтабыз, карыганча оңолбогон Жолчуну айтпайсыңбы! Мойнунан байлаган иттей болуп эле кыйыгына тартып турат. - Камбараалы каткырып күлдү; кетилбеген аппак тиштери күрүчтөй болуп тизилип, жаркырап турду.

 - Дээринде бар бала бат эле кагылып-согулуп токтолот. Биздин Жолчу ушу күнгө чейин малды башка-көзгө чапканын коёлек, - деди Чотур, Жолчуга ормоё тиктеп, - энеңдин курсагынан жерге түшкөндөн бери тезге салынып, тил угуп келатасың, теги өзүң билип бир иш кылганың барбы? Качан болсо какшатасың да отурасың.

- Мага эмне асыласыңар, я?- деди Жолчу, бир жак көзү жумулуп, бир жак көзү чала ачылып, - кимиңердин текеңерди союп салдым, я? Жатып алып кымыз ичкенден башканы билбейсиңер, түн күзөтүп жылкы кайтарган ким я? Бая түнү жылкыга карышкыр тийгендей ач кыйкырыкты салып, канчыгын жыга аткан ким я? Эми мен оңолбогон киши болуп, итче мойнуман байлатып калыптырмынбы? Кудайды гана бир карасаңар боло!

13.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.