Узакбай Абдукаимов: Майдан
Биринчи бөлүм
Таш, короонун четине байланып турган жараган тор кашканы ойкуштатып Кыдырбек жүрүп кетти. Сындуу ат, аны минип бараткан сындуу баласы Уулкелдиге да, Сулайманга да ушул учурда бир башкача көрүнүп бир жагынан жүрөктөрү эзилсе, бир жагынан ичтери тызылдап, булардын отросунда эчкимге, жан кишиге, бири-бирине да айтпай турган купуя, ички жара акырын сызылып ооруп, уулунун карааны тумшуктан бурулуп кеткиче унчукпай карап турушту.
Ошо бойдон кайта келбей кетип калып жүрбөгөй эле...- деди Уулкелди; анын көзүнөн кыйкырыксыз чыккан көз жаш мөлтүлдөп агып, жазы келген жамажайынан оозуна кирип жатты. Сулайман бурулуп байбичесине карай албай, мурдуна агып түшкөн көз жашын чертип койду да, кайрат кылымыш болду:
- Байбиче, сенин уулуң элдин, өкмөттүн баласы эмеспи....
- Азамат эл четинде, жоо бетинде деген ошо болот, - деди да, - Каракойчуну тузга жиберейинчи, малдын да убал-сообу бар, такыр чөптөн калды, - деп, аттанып кетти.
Үч күндөн кийин Кыдырбек келди. Кыдырбек чоң апасы Сайраканды, балдарды кошо ала келди. Кыдырбек военкоматка барганда шашпай эле кой, отпускаңды толук өткөзүп, анан биротоло келгин дептир. Сулаймандын үй-бүлөсү эми бут чогулуп, үйдүн ичи очор-бачар түшүп жатып калды. Ырас эле, ырыстаалайдын баары эле ынтымактуу ушул үйдө экендей көрүндү.
Кыдырбек болсо эриккенде тоого чыгып, мылтык атты.
Бирок согуштун кабары күн өткөн сайын уламдан-улам суук боло берди. 3-июлда Сталин радио менен чыгып сүйлөгөндөн кийин, аскер кишиси эмеспи, Кыдырбек иштин ал-жайын жакшы түшүндү. Согуш көз көрбөгөн ылдамдык менен Советтер Союзунун жерине өтүп, душман Москваны көздөй бет алып, катуулап кирип келатты. Советтер Союзунун башына айбаттуу коркунуч түшкөнү чын эле. Мунун баарын түшүнүп турган Кыдырбек, тынч алып жаталган жок. Дем алуусун таштап, Кыдырбек 10-июлда жүрүп кетти. Сулайман болсо уулун Фруңзеге чейин узатып коюп кайтты. Кыргызстан өзүнүн туш-тарабынан аскер курай баштаган эле.
Уландысы бар