Узакбай Абдукаимов: Майдан
Биринчи бөлүм
Кыдырбек койчулардын боз үйүнө келгенде кичи апасы Уулкелди жол карагансып, таш короонун четине чыгып турган экен. «Мени эле күтүп турушкан окшойт. Аскер кишини дароо эле алып кетет деп, ый, кайгынын түйшүгүн тартып жатышкан окшойт» деди ичинен Кыдырбек. Энесинин бетине көздүн кыйыгы менен тиктеди да, аттан түшүп, кымыз, түйүнчөктү түшүрдү. Апасы атты алып, байлайын дегенде Кыдырбек болбой, атты өзү байлады. Кымызды апасы үйгө сүйрөп баратканда артынан ылдам жетип, өзү алып кирди. Апасынын бетине дагы тиктеди.
Апасынын өңүнөн эчтеме билинген жок. Кадимкисиндей, жайбаракат гана:
- Садагаң болоюн келдиңби? - деди.
- Чоң апам кайда?
- Чоң апаң жакага кетти, балдар окуудан келет эмеспи, - деди да Кыдырбектин башынан фуражкасын алып, маңдайынан өөп, «Садага болоюнум, садага болоюнум» деп, чачынан сылады.
«Булар эчтекени угалекпи, же мени аяп жатышабы?» деп, Кыдырбек коомайсына берди.
- Атам койдобу? – деди Кыдырбек көңүлү бир аз жай алып, апасына жылмайып күлүп, эркелеп, кучактап.
- Садага болоюн десе... - деди апасы, тегерек чоң бети мээримдүү жылмайып.
– Атаң азыр келет, тушап койгон аты бошонуп кетиптир бир жакка салып уруп кеткенби, жок, ошону карап турсам, сен келип калбадыңбы. Эр мүчөлүү же балпайган байбиче деген аялдарынын бири болгон кичи апасы жайбаракат, шашпай, орду менен сүйлөп, орду менен кыймылдаган, оор басырыктуу киши эле, ошо кыймылы менен чаначты керегеге байлап, чаначтын оозун бошотуп, кичине желин чыгарды.
- Чотурдун кызы жакшы болуп кетиптирби? - деди апасы уулуна, сынагандай, көзүнө тигиле карап.
Кыдырбек Бермет менен беттешкендеги бардык ызасын эстеп, уялып кетти да, башын тескери буруп:
- Жакшы болуп кетсе керек, бир эле көрдүм,- деп чынын айткан жок.
Аңгыча ат дүбүртү угулуп, ачуусу болбосо да бакылдап, кээде кыйкырып сүйлөгөн атасы Сулайман келди. Кыдырбек менен Уулкелди эшикке чыгып, Кыдырбек атасынын атын алды.
- И, келип калдыңбы, балам?- деди атасы уулунун эртелеп келгенинен шек алып (согуш чыгыптыр деген кабарды булар алда качан эле угушкан болучу), – кымыз ичип тура турууң го!- Сулаймандын эмнегедир бирдемеге ачуусу келип турган эле.
- Кудайдын ургандары! – деди Сулайман бакылдап, - калкоздон ушунча киши келип, койдун тузун да ала келишпейт, унутуп калган имиш! Атаны унутма тийген иттер а! Каракойчуну жибербесем болбойт (Каракойчу Сулаймандын жардамчысы эле).
- Кап, булардын кылганын кара! - деп, Сулайман бир топко басылбады.
Үйгө киргенден кийин Сулайман уулун биринчи көрүп тургансып, аржак-бержагын текшере тиктеп, бирок бетине даап тиктей алган жок. Кеп мына ушунда болучу. Согуштун кабары угулгандан бери Уулкелди өзүнчө, Сулайман өзүнчө, ар кимиси өз ичинен тынып, биринен бири чочуп, «О кудай!» дегенден башка сөз айтышпай жүргөн.
Уулу келгенден кийин «уктубу, укпадыбы, айтсакпы, айтпасакпы?» дешип, ар ким өз ою менен кармашып турду.
- Келе, байбиче, суусунуң барбы? Тиги кымызбы? Кыдырбектен берип ийишкен го? Апкел!- деп, Сулайман бажырап сүйлөй баштады.
Кыдырбектен берип жиберген эттен жешип, кымыздан бир топ ичкенден кийин (Сулайман төртүнчү чоң чыныны аяктап калган эле) Кыдырбек акырын ордунан туруп, фуражкасын алып кийине баштады. Ата-энеси унчугушпай, көздүн кыйыгы менен карап коюп турушту.
-Мен районго бир барып келейинчи, - деди Кыдырбек жай гана, тим эле кадыресе сөз сүйлөгөнсүп.
-Тополон эле болуп атат дейт...
- И ботом, эмне болуп? - деди Сулайман билмемшке салып, таң калгандай.
- Уруш чыккан имиш дейби, – деп, Кыдырбек шарт эле кесе айтты.
- И, и, ошентип жүрүшөт. Уруш болгондо, мисалы, жоо бизге да келеби? - деп, Сулайман аңкоолонумуш болду.
Абышканын кууланып, эптеп Кыдырбекти кепке салууга аракет кылып турганын Кыдырбек түшүндү. Энесинин да эмне айтар экен деп, баласынын оозун кооптонуп тиктеп турганын байкап, ыйлап жиберет деген ата-энесинин өздөрү сөзгө чакырып, өздөрү сүйлөшкүсү келип турганынан Кыдырбектин өзү чыйралып, сөздүн ачыгына өттү.
- Келет, - деди Кыдырбек,- сөз жок келет, биз эле жеңилсек келет; бирок душманды силерге келтирбес аракети болуп жаткандыр. Андан көрө ак тилегиңерди тилеп, кайрат менен оокатынарды кылып отура бергиле. Мен кеттим! Ортодогу тилди байлап купуя сөз ачык айтылганга Кыдырбектин санаасы тына түштү.