ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
– Ошондой! – деди тигил кабагын ачпай. Арсен Саманчин ага ошо замат ичинен «Ошондой мырза» деген эң сонун атама ысым берди. Кийин ал бул ишине ыраазы болду. Дилинде калган кашайгырдын бул тамаша сөзү башына тийсе болобу.
Кол алышкан соң Ошондой аердеги орундукту четке жылдырып, столдун бир бурчуна капталын сала отурду да, көз айнегин сүрткүлөп калды, мунусуна караганда ал олуттуу бир иш жөнүндө сүйлөшүүгө ниет байлап жатса керек.
Шеф-директор Ошондойдун дал өзү капысынан кашына келип калганына бир аз таң кала калган Арсен Саманчин жаркын жүз менен сөзүн уланта берди.
– Урматтуу шеф-директор, кол сумкамды мындай алып коюуга ыракым этсеңиз экен, сизге тоскоол болот го. Сиздердин Евразияңар жанга жайлуу, төрт тарабы төп келген сөз жеткис мыкты жай тура, кубанып да, суктанып да отурам, кээде гана келип калам, бирок...
– Билем, билем, – деп жиберди тигил, анткен менен сөз бөлалган жок.
– Маашырланып отурам, Арсен Саманчин туш-тарапка көз ата сөзүн улады. – Караңызчы, канча эл келген, жалан гана айдай сулуу айымдар, – деп бапыраңдап жатты, кыязы ичиндеги да кызытып жаткандай. – Ошону айтсаңыз, аялдарсыз ресторан да, өзүңүз билесиз да, гестоган эмес, – анын мурдунан чала француздарча сүйлөгөн тамашасын тигиниси түшүнгөн деле жок. – Ооба, аларсыз ресторан ресторан эмес, театрыңыз, базарыңыз да базар болбойт. Караңызчы, дагы келип жатышат, тим эле чүрөктөр! Ал эми мындагыларды бийиктен караганды каалагандар үчүн балкондон да орун табылат. Ана, оркестр да аспаптарын күүгө келтире баштады! Күткөнүм келди, музыка угайын дегем, чынын айтсам ошол үчүн келгем. А люстраларды айта көрбөңүз, Италияныкы экенин өздөрү эле айтып турат.
Маңдайындагы Ошондой башын ийкеп койду.
– Ооба, ошондой, Италияныкы, – деди да, сөзгө конок бериңиз, мен дагы бир нерсе айтуум керек дегендей колун көтөрө ишара кылды. – Мен сизге жөн келген жокмун, тиги... – үнүн акырын чыгарып, сөзүнүн аягын айтпай калды.
– Оо, андай болсо эң сонун экен! – Эл-журт аны дагы эле унута электигине, ал тургай мындай менеджерлер менен бизнес-шефтер да таанып жатканына ал жетине албай бапыраңдап: – Келиңиз анда, жакшылык үчүн алып коёлу, – деп, тигинин сузунан жанбаган жүзүнө жагалдана жароокер карады. – Сиздердин шарап тим эле таңдайды алат, келиңиз сизге да куюп коёюн, дагы да заказ берейин.
– Жок, жок. Ошондой анын бөтөлкөгө жеткен колун кармай калды. – Мен таптакыр башка иш менен келдим, кызмат боюнча. Ырас, сизди эл жакшы билет, анткени сиз белгилүү адамсыз, бул жөнүндө башка жолу жай отуруп сүйлөшөлү. Азыр бир маселе чыгып турат, кырдаал... Кыскасы, бизде бүгүн өтө чоң иш-чара болот, билесиз да, Ак-Суу алтыны боюнча Канаданын биргелешкен ишканасы, чет элдик демөөрчүлөр, бүт бардыгы маанилүү адамдар, ошолор чакырылган, аларга арналып атайы сый тамак даярдалган. Алардын аялдары, жансакчылары, айтор, коштогондору көп. Концерт да болот. Меймандар ээн-эркин отурушат экен. Жашырып эмне, жогору жактан азыр чалышты, бүгүн анда Арсен Саманчин болбосун деген көрсөтмө беришти. Талап ушундай.
– Токтоңуз! Токтоңуз! Ошончолук эле мага камкордук кылган ким экен? – Туталанып кетти. – Кимдин талабы жана кандай акысы бар?!
– Мен айтылган буйрукту гана айтып жатам! – Бети-башын кан тепкен Ошондой чечмелеп түшүндүрбөй кесе айтты. – Ким эмнеге камкордук көргөнү менен менин ишим жок. Жогору жактан айтылды, мен аны аткарышым керек! Ошондуктан сиз артыкбаш сөз сүйлөбөй, жакшылык менен тезирээк чыгып кетишиңиз зарыл. Азыр жөнөсөңүз эле иш бүтөт. Талап ушундай.
– Талап ушундай дегени эмнеси?! Муну кандай түшүнсө болот? – Ушуга араң үлгүргөн Арсен Саманчин каны качып кумсарган, анан да билинер-билинбес дирилдеген эриндерин кымтый үн дебей отуруп калды. Болбосо азыр ал күйгөн оттой дүркүрөп, мына бул шайтан алгыр столду көмкөрүп, ичкенинин бүт баарын ичегисинен сыдырып турган, бетинен теке жыт болгон май тамган Ошондойду жүндөй сабап, ылай кылып тепкилеп, ресторандын ичин астын-үстүн түшүрүп жаңжал чыгармак, ар-намысына тийгендин сазайын колуна гана карматмак, а бирок ага анын анчейин зарылдыгы жок эле.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.