ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
Ал аңгыча сахнага оркестрчилер чыгышты да, өз ордуларына каадалуу отура баштады. Даңазасы таш жарган мындай ресторанда башка жактан чакырылган жана жергиликтүү ырчылардын жылдыздары чыгып ырдай турган азыркынын жандуу рок-музыкасынын жанжыргалын каалашат.
Мурда опера театрынын оркестринде ойногон музыканттардын айрымдарын ал өңүнөн таанычу, кээлери менен жеке тааныштык жайы бар эле. Анткен менен көптөн бери аларга жолукпай, далай мезгил аларсыз өткөн. Ушу азыр ал тигилерге керек болду бекен? Эмне болсо ошол болсун, ал үчүн кеп анда эмес эле. Бир аз гана убакыт калды, музыканын муң козгор үнү жаңырып, ар адамдын кумар-эңсөөсү күткөн, дил эргиткен бир керемет кези башталат да, ал сени акырындык менен өмүр бою өксүүдө эңсеп келаткан бир керемет дүйнөгө ээрчитип кирип, жандүйнөңдү кайра жаңы жаратып, көртиргилик көйгөйүнөн арылтып, жалгыз гана көңүл эриткен, көңүл жыргаткан мукам ырдын, назик үндүн ажайып ааламында жашап каласың. Анын үстүнө мунун музыка жандуулугун айта көрбө, жашоодогу анын шору да, жыргал-кумары да ошол болчу. Муну жөн гана кумар-кызыгуу дешке болбос, түшүндүрүүгө да мүмкүн эмес, айтор, бир керемет күч-касиет коштоп жүрчү. Бул боюнча оо мурун бир окуя болгон эле, аны эстеген сайын өзү да күлүп жиберет, анан ошо замат кайрадан өзүн келесоо, музыканын жинди дубанасы деп жемелеп алчу. Азыркыдан жаш чагы, кайра куруу дегениң жаңыдан келген кез эле, журналисттик жумуштар менен Лондондо өтчү бир конференцияга барып, кирсең чыккыс жыргалы бар мейманкананын жарымжартылай жертөлөсүндөгү кулак кескен жымжырттык баскан дааратканасына киргенде тиги шып жагынын кайсы бир жеринен алданедей сыйкырдуу музыка төгүлүп турганына, ушу кереги тиерде гана эске келер, падышаң да, башкаң да жөө барар жайда бул керемет күнү-түн дебей жаңыра берерине таң калган, бир туруп кыжыры да кайнаган. Зарылдыктан улам барган, эл аягы үзүлбөйт экен, бири кирип жатат, бири чыгып жатат, бири заара ушатып, дагы бири ич бошотуп, артын аарчынып, кайсы бири какырынып-түкүрүнүп дегендей, айтор, мында жакшы көрүнүш деле жок, ошондой болсо да мында киргендердин урматына Вагнер же Шопен, болбосо өткөн замандын залкар таланттарынын улам биринин керемет музыкасы ойноп турат экен. Ушундай да болорбу, бок-жини кускуң келтирер канализация түтүктөрүнө жогору жактан бир ажайып музыка тынымсыз төгүлө берет экен. Ал мындай шумдугу жанды күйгүзгөн, акылга сыйбас айла-амал менен жабдылган тейлөө маданиятына эстен тана таң калган да болчу. Мунусу кандай? Музыка деген Жаратканга жеткирер жалгыз жолдун өзү, жандүйнө ааламы го?! Бул ушундай, аны жаралгандын бардыгы билген, бирин бири түшүнө алган, жарык дүйнөнүн жападан жалгыз тили ушул жана Жаратканга жан берип сыйынуу менен ага арналган ыйык махтал ырларын бу музыка жөн гана коштоп турбастан, ал дайыма бийиктикти эңсеткен, ага жеткирген бир касиеттүү учурда гана жаралчу, дүйнө кабылдообуздун чексиздигине чейин угулуп турчу керемет күч экендиги бекеринен эмес. Адам баласы өзүн бүт музыкага берген кезде гана өзүнөн өзүн көкөлөтө Теңирине жакындатат, анын артынан сая түшүп, айла-амал менен алам деп жүргөн азезилдин азгырык башкаруусунан чыгып, ошо кезеңдерде адам эркиндигине жетип, бүт баарын билген көзү ачык абалга жетет. А булардын кылганын кара. Аттигиниң ай, Совет кезиндегидей «Даттануулар жана сунуштар китеби» бул жерде да болгондо ал мына бул беш жылдыздуу мейманкананын кожоюндарынын жетесин жетик таанытар өкүмүн жазып таштамак. Мына эми, ал өйдө көтөрүлүп, мейманкананын далис-жайына барганда ой-санаасын удургуткан бул жагдай жайында тарса-турс айта салды эле, ошо замат таш тиштеп отуруп калды. Ийе, баягы жылдары, батыш империалисттерине каршы элдешпес күрөш жүргүзүүнүн жолдорун үйрөткөн Москвадагы комсомолдун жогорку курсунда окуп жүргөн кезинде жөндөп алган англис тили менен залкарлардын музыкасын дааратканадан жаңыртып кордобоо керектигин айтты эле, андагылардан «эгер сизге бул ажаткана жакпаса, анда башкасына барыңыз» деген сылык-сыпаа, а бирок жаакка чапкандай жооп алды.
Музыкага кумарын арта берилген бул өзү кээде тамаша-чыны менен эгер бала чагымда жылкы бакпай, музыкалык мектептен окуганымда азыр мен айтылуу композитор болмокмун, а бирок ушу азыр да дил-көөнүмдөн өз алдымча обон чыгарып жүрөм, бирок мунун бардыгы өзүм гана үчүн. Кап, аттиң десең, атайын билимим болгондобу деп калчу.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.