ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
Тагдырдын жазганын кара, турмушу басма сөздө, музыканын күйөрманы, театр сынчысы катары макалалар жарыялап келет. Деген менен бул тарап деле тынч эмес, кашайтып капкан салгандар да болот.
Ал жөнүндө ойлонуп кереги не. А бирок ал мынабу жерде гана, француздардын ак сөөктөрүнүн келгендердин чөнтөгүн кагар шарабы толо «Евразиядан» башка кайда бармак, ага ушул жер керек, анын дилоорусуна айланган арылбас санаа бу жайга айдап келген, ошондон уламбы, же таза ичимдиктин күчүнөнбү, каны кызып, көңүлү көчүп, дүйнөсү жайнап отурду да, кагаздарын аңтарып жатып, ооба, жаандан кийинки козу карындардай жайнаган жазмакерлердин бири, болгондо да жининдей жек көргөнү, негизи жалган атак-даңк үчүн жанын саткан жергиликтүү жазарман, аны айрымдар той-топурдун думанасы деп да жүрүшөт, кыскасы, ошол кейбир мунун музыка жана музыка маданияты жөнүндөгү бир маегинде айтылган пикирине кайрылып, каратып туруп как жүрөккө канжар уруп, кансыратып: «Кайра куруунун адашкан каркырасы - биздин музыка күйөрманыбыз Арсен Саманчин асманда кыйкуулап жүрөт. Бир кезде ал Горбачевдун тобунда каадалана канат какчу эле. Базар замандын талабынан таалайына таш тийген өзүнүн «Руханият» гезити аркылуу социализмди жандүйнө менен улам кыйла жаңыртуу керектигине, адамзаттын Кудайы маданият экендигине, айтор, дагы ушуга окшогондорго байма-бай чакырып турчу. Мына эми, ошо Горбачев кана да, оболоп учкан ошо куш-каргалардын катары кана?! Каңгыган кайран каркыра жандүйнөнүн эркиндиги жөнүндө, музыка тууралуу жазып, музыканы эркиндиктин жогорку чеги, ай-ааламдын сулуулугу, ошондуктан бизге мындан башканын кереги жок деп дагы эле кыйкуулап жатат. Баракелде, эгер музыка анын айтканындай болсо, он сегиз миң ааламда андан ашкан эркиндик да жок десек, анда аны ар ким каалаганындай, оюна туура келгендей пайдалана берсе болот экен да: кааласа минип алып чаап кетет, кааласа оңду-солду камчы урат, мейли, күн күркүрөп добул урсун, бүт бардыгын бир чатырдын алдына чогултуп алып, дүйнөнү түгөл дал кылып, келгиле эле келгиле, бийлейли да, ырдайлы, кубанычка бөлөнүп, айкалыша алышып, дене кумар жыргалын бир көрөлүк. Бизге ушул гана керекпи?! Эми биз музыканы каалагандай калчайбыз, альбомдорду, дисктерди жайнатып, элге сатабыз, а акчаны болсо мына биз, ай-буй дегиче акчага тунганды билген азыркы заман байлары аталгандар, чимирилтип жатабыз, ооба, бүт бардыгы ушундай, боорукер-байкуш болгондон көрө жаны кыргыз байы болгон артык. Бизди эч нерсе токтото албайт. Жалпы элдин шоу-эстрадага акыл таштай арбалып тартылгандыгы кайдагы бир ыйык асылдыктардан, жанагыл классикамлассикадан, жана да фольклор-молклордон алда канча өйдө турат. А тигилер өзүңөргө эле буйрусун. Бизге болсо бизнес-электрондук бакшылык керек. Эркиндик деген мына ушул, ал анткени жандуу ооруга жан берип, арбалаңдана көтөрүлгөн жүз миңдеген колдор, чанактан чыга чакчыйган үкү көздөр күйүп, музыкадан жер көчүп, көк асманың бороондуу добулда калган токой сындуу ары-бери теңселет. Бүт дүйнөлүк электрондук музыка революциясы жашасын! Керек болсо биз деген аба ырайын да өзгөртө алабыз!» – деп жазыптыр. Каргыш тийгирдин айтканын кара!
Мындай калжың сөздү эстебей ак койсо да болмок. Көңүлү чөгүп, акылы азгандан улам алдындагы мөлтүрөгөн шарапты тартып ийди да, томсоро түшкөн чөйчөгүн кайрадан толтургусу келгенде, анын столуна ресторандын кызматкерлеринин бири келип калды, сыртынан караганда официант эмес. Салабаттуу, бука моюнуна бу евросервиске таандык боз түстөгү көпөлөк-жагоо тагынып алыптыр, алкагы чоң көз айнекчен экен. Ал киши директордун өзү болуп чыкты.
– Кечиресиз, сиз Арсен Саманчинсизби? – деди да, анын алдына «Евразиянын» эн-белгиси түшүрүлгөн дарек кагазын койду.
– Окей! – Адатынча шыр жооп берди. – Ооба, мен Арсен Саманчиндин дал өзүмүн. Жаңылган жоксуз. А сиз «Евразиянын» шеф-директорусуз го? – Ордунан бир аз обдула саламдашайын деген ойдо кол сунуп баратып:
– Демек, сиз бүт Евразия континентинин шефисиз да? – деп азил аралаштырып койду.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.