ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
Түндү оронгон машинасына отурда да, Элеске телефон чалып жатып ушуларды санаасынан өткөрдү. Телефону албады, кимдир бирөө менен сүйлөшүп жатыптыр, балким, соода иши боюнча курбуларына чалгандыр. Мейли, үнүн угуп, ушундайда көөнүн көтөрүп алайын деген. Анын үстүнө «Жаабарс планы» аны ойлондуруп койду. Ушу боюнча сүйлөшкөндөрдүн ичинен жалгыз Элес гана барстарга мергенчилик кылууга каршы экенин билди, бирок анын өзү бул оюн ишке ашыра албастыгын да моюнга алган, эл жаман көрөт, элдин ырыскысы турган жерге каршы чыксаң кесирлик кылган болосуң. Элестин телефону дагы эле бош эмес, ошо соода өнөктөштөрү менен маселе чечип жаткан го.
Эжесинин үйүнө барбаса болбойт, жол карап күтүп жатышкандыр. А эртең болсо арабдардын даярдык көрүү тобу келет. Ошону менен анын колу байланат, кыбыр эткендин баарына Арсен Саманчин катышып калат. Мергенчилик кыла турган жерлерди карап чыгышат, барстар жүргөн аска тоолорго чейин барышат, ханзадалар келгенде ого бетер убактысы жок болот, илбирстердин изине түшүп, тигилерди да, өзүн да Кожожаш кылып жол көрсөтүп жүрмөгү бар. Шеф Бектур аны тилмечтикке тууганы катары тандаган эмес, кыраакы, мергенчилик иштин сырын беш колундай билген кадик киши да, оболу анын суу тилмечтигин, анан андай тилмечтин баары эле жер өңүтүн билбейт, мергенчинин машакатына, түйшүгүнө чыдабайт. Арсенге бу тоолордун коён жатагы тургай, кумурсканын изинен бери тааныш экенин эске алган. Андан да анын келе турган ханзадалар менен жаш курагы боюнча тең чамал болуп турганы аларды бат тил табыштырат, демек, ишибиз жүрөт деген. Бул жагы ушундай болгон. Азыр анын эсине Горбачёвдун: «Иш башталды», – деген сөзү түшө калды. Ооба, чын эле иш башталды, башталганда да бүт бардыгы жарыша башталды, сүйүү деген да татаал иш эмеспи.
Оюна түшкөн сүйүү иши чынында ошондой болчу. Аны атайы жасай албайт экенсиң, өзүнөн өзү жаралат экен, капыстан келет экен. Мына ушу азыр да Элес жөнүндөгү ойлору от болуп күйүп, өрт болуп тынчтык бербей туру. Анткени Элес аларды өздөрү эле Саратовго бара бергиле деп көндүрө албады, кийинкиге да жылдыра албай койду. Ушунун баарын Арсенге айтып, телефонун токко сайып коюп, сүйлөшүп жатты. Эртең көр турмуш аны Саратовго жөнөтөт. Ал ошондой көр турмуш, сүйүү дегенди билбейт, анда сүйүү да болгон эмес.
Көртиргилик айынан ал кайда гана болгон жок, соода деп жүрүп, ар кандай арзан көр жерлерин толтурган канар сумкаларын көтөрүп жүрүп көрдөн башканын баарын көрдү, кызыл жака менен бажычылар акыркы тыйынына чейин шыпырып алган күндөрү көкүрөктөн кете элек. Бирок жалккан менен кайрадан көнгөнүн жасоочу, кээде аларга өчөгүшүп да кетчү. А азыр болсо жолго чыгууга көңүлү чаппай турат, мурда-кийин мындайды көргөн да, сезген жок эле. Аны бир асыл ой, жаштык максат тоого кетүүгө шык берип турду, ооба, ошентти, ошенткенде да мергенчилердин арасынан өзү сүйгөн адамына жолугуп, өмүр бою тилегени өмүрүндө бир жолу келгенин айтып, аны менен жети катар жер түбүнө барууга башын байлап келгенин айткысы, кайдадыр кол кармашып кеткиси келди. Бирок азыр сооданын иши өрт болуп кычап жатпайбы. Зейнеп төртөө жанагыдай талоончу зордукчулардан да бир кишидей коргонуп, иштерин бирге жүргүзүштү. Жалгыз-жарым жүргөндөрдү жанагы жалаңкычтар жеп салат. Анын үстүнө бу Элесте уруксат кагаз бар, текшере турган жерлерде ошонун кереги тиет, ал кагазга берки үчөө анын жардамчысы катары жазылган. Ушундай чырмалышкан, анан кантип таштап коё алат.
...Ошол түнү ал үн чыгарбай, өпкөсүн кагып соороно албай узак-узак ыйлады. Ыйлап жатып бир өмүрдө бир келген бактымдан ажырата көрбө деп жүрөк кагышы сайын Кудайына кул болуп жалына берди.
Чөнтөк телефонунун муңкана күткөн шыңгырагы чыккан кезде, жүрөктөн чыгып, жүрөккө кубаныч берген добушту уккан кезде, бирине бири иштерин айтып, бирине бири бириккен кезде, коштошпой жатып жакында жолукмак болуп сүйлөшкөн кезде Элестин көөнү жай таңындай тазарып калды.
* * *
Ошол түнү чокусун аппак кар баскан тоолордун үстүнөн толгон ай бир башкача толукшуп, ак шооласын аянбай чачып турду. Чайыттай таза асмандагы жымыңдашкан жылдыздардын арасында төгүлчүдөй сезилген, демейдегиден башкача жарык болуп көрүнгөн айды жетесине жете жек көрүнчү болгон Жаабарс карап, негедир ага күрүлдөгөн сүрдүү үн чыгарып ырылдап алды. Кор болгон муңун айтып даттандыбы, ким билсин, ай ага добуш берген жок. Баарын таштап башка барстардын үйүрүнө деле барса болмок, а бул болсо дагы эле дубаланып калгансып Үзөңгүлөш ашуусунун алдында жүрөт. Эки күн болду, ашуу тарапка эки атчан адам келип-кетип жүргөнү түнү түшкөн Жаабарсты бир козголтуп койгон жок. Жүргөндөр жүрө беришсин, анын кандай иши бар дегенчелик кылды. Антпеши керек эле да, аны «узун куйрук, казан баш» деп атагандар ошолор эле, алыстан дүрбү салып, сыртынан кайтарып жүргөндөр да ошолор болчу...
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.