ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

 

IX

Бектурдун «Жаабарс планы» иштин жүрүшүн программа боюнча камсыз кылды. Бул жагынан алганда бизнес-план кайра-кайра ойлонулган, эсептелип такталган иш эле, ошондуктан эч кандай буйдалуулар, кайра кароолор болгон жок. Ал эми Туюк-Жар айылы болсо бул ишти даярдоо, өткөрүү боюнча сервис иштерге тартылды. Ошондон улам Туюк-Жарда азыр кедеймин деген бир дагы адам жок, бүт баары жомоктогудай байлыкка маарып жашайбыз деп туру. Чоңунан кичинесине чейин бекер эмес, өздөрүнчө күйпөлөктөшүп эле бир иштин башында жүрүшкөндөй маанайда. Аларга арабдар келиши керек, аңчылыкка чыгышы керек, чыккандар олжолуу болушу керек. Андан соң берешендик башталат. Айтор, тоолордо жырткычтын каны канчалык көп акса, Туюк-Жар акчага ошончолук тунмак. А барстар болсо бул апаатты билген жок да, чак түштө күндүн батарын дагы эле болсо туйган жок.

«Мерген» фирмасынын иши оңунан жүрүп жатты. Арсен Саманчиндин тилмечтик өнөрү аркылуу меймандар менен күнү-түн байланыш үзүлгөн жок. Шеф Бектур инисинин тигилерге жасаган мамилесине, аларды сөзгө тартып, эл менен аралаштырып сүйлөшүү жүргүзгөнүнө аябай ыраазы болду, мындай меймандардын далайы менен аралашып, иш алып барып, көзү каныгып, сөзү жатыгып бүткөнүнө жетине албай жүрдү. «Арсен, сен келгендер менен сүйлөшкөндө эле, алар жаандан кийин күн нуруна киринген гүлдөрдөй жандана жана жайдары боло түшөт. Келгендердин бир сөзүн да түшүнбөйм, бирок алардын көздөрү менен жүздөрүнөн өз элине келгендей кубанышканын көрүп турам», – деп ыраазы болуп жатты.

Чынында ошондой эле иш болду. Меймандар самолёттон трап менен түшүп келе жатышкандан жана саламдашып көрүшкөндөн тартып, ал-жай сурашкандабы, жолго чыккандабы, айтор, араб ханзадалары менен алардын жакындары Арсен Саманчинди эски таанышындай, өз кишисиндей көрүшүп, маңдайлары жарыла сүйлөшүп жатышты. Агынан жарылып дил-көңүл берилсе ушундай болот экен, алар англис, орус, кыргыз тилинде сүйлөшүп жатышты. А бирок кимиси кайсыл тилде сүйлөп, кайсыл тилде түшүнүп жатканына маани беришкен жок. Арсен Саманчинге сүйлөп жатышты, Арсен Саманчинден угуп жатышты. Айтор, Туюк-Жар айылы алыста жүрүп келген өз кишилерин тоскондой эле болушту.

Хасан менен Мисир Кембриж жана Оксфорд университетин бүткөн, учур маселесин ушунчалык түшүнгөн, билими менен акылы шайкеш келген, дене түзүлүшү москоол, жаш жигиттер экен, курагы ушу Арсен Саманчин курдуу. Ханзада Хасан кара кыл мурутчан экен, ал эми тиги Мисир ээгине кыл өстүрбөй кырынган такыба окшойт, болбосо эки жаагы өрттөнгөн камыш түбүндөй болуп турат. Жакшы экен, жырткычтарга аңчылык кылуу алар үчүн эрдемсинип мактаныч эмес, туристтик көңүл ачуу, эл таануу, жер көрүү, көңүл ачуу иши экен.

Кыргызстанды Арсен Саманчин жетерине жеткире айтты, Туюк-Жар аймагын ааламдагы бирден бир керемет жер катары баалады. Эл турмушу, салт-санаасы кумдай төгүлүп, тигилердин оозун ачырды. Чын эле алар Туюк-Жарга машиналардын коштоосу менен келди, алдыда өзүнүн жиби менен Бектур шеф, андан соң көрүнүшү танкты элестеткен «Хаммер» менен ханзадалар жана суу тилмеч Арсен Саманчин, алардын артынан сакчылар, кызмат кылуучулар, басма сөз, телеоператорлор ж.б. Айтор, президентти тоскондой эле болду. Айыл эли аларды көчөгө чыгып тосуп алышты да, көчө бойлой кол булгалап узатышты. Айрыкча алар «Хаммерди» көргөндө ханзадаң кайсыл, «Хаммериң» кайсы экенин байкабай да калышты. Кинодо көргөн керемет Туюк-Жарда баратса, кайсыл жинди танданбай да, суктанбай койсун! Анын үстүнө ханзадалар келет дешсе айылдыктар алтын таажы, күмүш өтүк кийгендер деп элестеткен өңдөнөт, спорт кийимчен жигиттерди көргөндө эмнегедир анча алымсынбай да калышты.

Күн отурар кезине бараткан. Күндүн көзү көрүнбөй калгандан кийин ирегени иңир басып, кара буурул кеч келип, сокур түнгө сокуну жаздап жаткырат. Азыр ушундай маал, мейман тосмок салтын сактап, аларды бир аз эс алдырып, андан соң аларга дасторкон жайышты. Жакшы тамак менен жакшы ичимдик жакшы кишилерге, алардын жакшы жерге келишине гана жарашат дешип арактын төрөсүн сунуш кылышты эле, алар да өз санап көнүп калышкан экен, бул көңүл жыргалын мергенчилик аяктагандан кийин, жарнамачылардын жаны тынчыган соң барстардын терилерин башына жазданган кезде кериле жатып ичебиз деп тамашага чалып, стакан кармабай коюшту. Алардын сөзүнө караганда мергенчилик да ыйык нерсе, ага таза мамиле, ишеним, табынуу зарыл. Ушундан улам Арсен Саманчин аларды дагы бир жолу бу жерге, бу жердин ыйыгы катары саналган Кызкайып жөнүндөгү уламышка көңүл бурдурайын деп калды. Кыскача эле маалымдайын деген, а бирок качан Кызкайыпты алеки саатта айтчу эле, анын үстүнө маңдайында тургандар жердин бир капталынан келгендер болсо, анан толкундана айтты, окуяны өз башынан өткөргөндөй бериле, бүт баарын унут сала айтты дейсиң, Кудай бетин көрсөтпөсүн, тигилер андан аша берилип, эстен тана таң калып, бай болгон менен башынан боорукер немелер экен, адамзат турмушундагы карасанатайлык менен аксанатайлыкты, кайындалган кыз менен күйөөлөгөн жигиттин аянычтуу тагдырына жандары ачып кайгырышты. Күйөөлөгөн жигиттин мөңгү барстарын кантип кармаганын, алардын терисин тартууга апарган фактыларына аябай кызыгышты. Эмне деген курал колдонгонун, кудаларга мөңгү барстарынын терисин азыр да тартуулайбы дешип кызыга сурашты. Анткени барстардын терисине эч жаныбардын териси чендебейт, ал дүйнө жүзү боюнча табылгыс баалуулук. Ханзадалар аны абдан жакшы билишет экен, билимдүү, түшүнүктүү мергенчилер экен. Эч нерсе жашырышкан жок, эски тааныштардай сыр ачышты. Ханзада-мергенчилер андан сөз арасында араб өлкөлөрүндө болгон-болбогонун сурады, Египетте болгонун айткандан кийин алар аны жарыша өздөрүнө чакырды, ханзадалык визит карточкаларын беришип, ага дос, жакын адам катары бедуин аймагына алып барууну уюштурмак болушту. Саясый, социалдык маселелер козголбошу керек эле, а бирок азыр көз караштардын ар кандайлыгына карабастан дүйнөнү түшүнүү концепциясы биригип кетти, аларды адам дили жакындатты. Ошентсе да меймандарга ызаат-сый көрсөтүү унутулган жок. Баарынан да анын кыйбасына ачылган дилине улам кайра унутпа дегенсип, көзгө көрүнбөгөн тикенек сайылып турду, сайылган сайын анын көңүлүнө Таштанафган түшүп, анын аракети ар кайсыга түртө берди. Тынчтангандай болбоду беле, ачуусу басылды бекен, айтканынан кайтты бекен деп тынчсыздана берди. Жакшы болгой эле?

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.