ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

– Которгонун которо берем дечи, а бирок бүркүттөрдү тартуу катары белек кылып жатканда аша чаап кетебиз го. Бүркүт деген сөөлөттүү куш, тоту куш эмес да.

Ушуга токтолушту. Терезенин сыртында сокур түн соолуп жатат. А булар болсо ишин улантышууда. Тамекини Черчиллче тарткан Бектур шеф райондун акимин «Жаабарс планы» менен тааныштырды. Анда бардыгы камтылган эле, меймандардын өз жеринен чыгып, аэропортко келгени, аларды тосуу, андан Туюк-Жарга келүү, аларды коштоп, эл, жер менен тааныштыруу, мейманкана ж.б., айтор, майда-баратына дейре жазып алышты. Эртең менен тоого барышат, аерде меймандар үчүн чакан лагерь даярдалып коюлган, чатырлар аларга ыңгайлуу, керектүү нерселердин бардыгы бар. Капчыгайга кантип баруу жагы да талаптагыдай ойлонулуптур. Катардан Американын «Хаммер» супер жибин жүк ташуучу самолёт менен алдырыптыр. Башка да машиналар болот экен, айтор, жиптер жеткен жерден аркысына аттар даярдалган. Тоо деген тоо, тоого тоонун көнгөн аттары гана жарайт. Андан ары мергенчиликтин өзү башталат, аскалар менен коңулдарда жөө жүрүп, таштан-ташка бекинип, буйтка-буйгалардан илбирстердин жолуп карап, изин чалыш керек. Бул мергендин шык-жөндөмүнө, байкоосуна жараша иш. Кызмат кылгандарга, машиналардын май-сайы, аттар, алардын жабдыктарына, айтор, эмне керектелсе ошонун баарына акы төлөнөрү айтылды. Базар мамилесинин иши ушул. «Жаабарс планы» элге да, райакимге да жакты. Ошондон улам ал шеф Бектурдан кызыгып сурады:

– Беке аксакал, план аябай ойлонулуптур, а «Жаабарс планы» дегенибиз кайдан чыкты?

Канжасын ыракаттана соргон шеф Бектур жылмая жыргап алды.

– Жаабарс жөнүндөгү бир ыр эсиме түштү. Биздин ырчылар илгертен бери эле ырдап келишет, элдик ыр болуп калган. Ыя, Арсен, жаңылбасам сен дагы жазгансың, туурабы?

– Ооба, оозеки чыгармачылык жөнүндө сөз болгон.

– Ушундай, Корчубек Алтаевич, ал ырдын эсте барын айтып көрөйүнчү:

                           Аткан октой секирип,

                            Жаабарс алат өз жемин.

                            Жолу болуп келгенин,

                            Кудай күчтү бергенин

                          Билет Жаабарс. Ар дайым,

                          Араңарда ушундай

                          Шер болушун каалаймын.

Ушундай ыр.

Райаким кол чаап жиберди:

– Мына, Жаабарска эми түшүндүм. Кызык экен, Беке, сиз өзүңүз да Жаабарс баатыр турбайсызбы?

– Ким билет, ырас, бизнес боюнча бир нерсе жасап жаткандайбыз. Аны көрөрбүз, а чыныгы баатыр Жаабарстар жаштар го. Мына алардын бири биздин Таштанафган. Бул мөңгү барстарын таап, кулактан алып, тигилерге койдой айдап келет. Иш оңунан чыкса Таштанафган чыныгы Жаабарс болот.

– Ыракмат, ыракмат, деп күңкүлдөдү ыраазы боло анысы.

– Бардык тилди суудай билген дагы бир Жаабарс баатырыбыз, менин иним Арсен бар. Билимдүү десең билимдүү.

– Ой, мен кайдан Жаабарс болоюн, тилмечтик эле кылам, тилмечтер баатыр болбойт. –  Арсен Саманчин тамашалай сүйлөдү.

Сөз жан жыргатат эмеспи, күлүп алышты. Айтор, мөңгү барстарына болгон бизнес-аңчылыктын иш башы көңүлдөгүдөй болоруна көздөрү жетти, чийки май жегендей убайым-санаа, кандай болот деген кабатырлануу жок. Болгону даярдалган иш-чарага араб ханзадаларынын катышышы гана калды, баары даяр, баары ойдогудай. Андан аркысын тагдыр көрсөтөт, мергенчилик кайберендин пейлинен, жүзүн бурса жол болот, болбосо карыш жерде турганга мээлеген огуң атканда качкан ок болуп жоголот. Бул дагы Кудайдын айткан, маңдайга жазган иши.

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.