ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

– Эмесе мындай, Арсен, ата-бабаларыбыздын арбагы колдосун. Жанагы тилмеч, тигилер менен тең сүйлөшө алар биздин адам, бейиши болгур ыраматылык агамдын баласы сен өзүң болосуң, сен экөөбүздү агамдын арбагы колдоп, биз менен бирге болсун, – деп муютуп кирди Бектур ага. –Бизнесте да кадыр-барктуу, санаалаш адамдар керек. Жардамыңды аяба, биз менен бир-эки жума чогуу бол, эс алып да аласың. Анын үстүнө сени эч кимдин көзүн карабаган эркин журналист деп бардык жерде сөз кылышат, атагың чыгып жатат, туурабы?! Сен болбосоң анан ким болот, мына беш күндөн кийин ханзадалардын адамдары келе баштайт, аны билесиң, ии, меймандардын даярдык көрө турган тобу. Алар үчөө. Ал эми ханзадалар болсо өз самолёту менен Олуя-Ата аирпортуна келип конушат.

– Байке, аирпорт эмес, аэропорт,  – деп Арсен агасынын сөзүн оңдомокчу болду. А агасы болсо ага кабагым-кашым деген жок.

– Мен аирпорт эле дейм, бизде ушинтип эле айтышат. Билесиң да, Олуя-Ата аирпорту бизге жакын эмеспи. Келишим түзүп макулдашканга өзүң катышып, өзүң сүйлөшпөдүң беле. Мына эми келер кез келди, тигилер тим эле бучкактап жатышат. Арсен, ханзадаларды аирпорттон сен экөөбүз тосуп алалы да, түз эле тоого алып кетели. Ал жерде баары ойлонуштурулган, барганда көрөсүң, андан кам санабай эле кой. Мен колхоздун баягыл конторасын сатып алгам, эки бөлмөсүн мейманкана кылып жасап койдук, шаардагыдай болбосо да, бардыгы бар. Аларды дал Үзөңгүлөш ашуусунун этегине алып барабыз, көңүлдөрү болсо ашуунун ары жагына өткүлө дейбиз. Андан ары, өзүң билесиң – Кытай, жыбыт-жылгалардан бери билебиз да. Ал жакка альпинисттер эле барбаса, келип-кеткендерден эч ким жете элек, ханзадалар көрөбүз дешсе көрүшсүн барстарга ууга чыгышып, бардыгы акчц болуп жатпайбы. Ал жагын үлүшкө коюп бөлөбүз.

Айтор, алар көп нерселерди макулдашып чечишти. Бул жагын ал дасыккан эл аралык бизнесмендерче пландаптыр. Ханзадалардын тоодо болуусу, алардын аңчылыгы, айтор, чатыр, боз үйлөрдөн тартып аттар менен ат багарлардын тизмесине чейин, алардын ким экендиги, уятка калтырбай тургандыгы аныкталып, анан гана киргизилиптир, иш-аракеттери, эмне кылыш керектиги саат-мүнөтүнө чейин көрсөтүлүптүр. Туура, мындай иште майда-баратына чейин такталбаса болбойт. Ал эми курал-жарак жагы да ошондой экен, алыстан жарык берүүчү жана оптикалык приборлорго чейин протоколдогудай ийне-жибине чейин жазылыптыр. Бизнес тактыкты жана өтө кылдаттыкты жактырат, бир жеринен кылт этсе эле иш бүттү, агып келаткан акча күйөт да, калат.

Туюк-Жардын аңчылык бизнес долбоору мына ушинтип талкууланып-такталып жатканын жайы-кышы кар баскан тоолордогу мөңгү барстары билип калса, аларың ошол замат кырка тоолор менен ашууларды ашып кетишмек. Эң кур дегенде бул жөнүндө дубалап койгонсуп алигиче Үзөңгүлөш ашуусунун этегинде муңканып жүргөн, ооба, кабылан тукумунун карыбы, жек көрүмчүсү болуп саналган Жаабарс байкуш билсечи.

Арсен Саманчин болсо, албетте, Бектур агасы менен жолуккандан кийин аңчылыктын жүрүшү кандай ойлонуштурулганын майда-чүйдөсүнө чейин билчү, бирок ал бул жолдо аны дагы эмнелер күтүп турганын алдын ала көрө албайт эле. Эми баары өткөндөн кийин, алдыда болчу окуялардан бир аз мурдараак түзүлгөн бир кырдаал көзү ачыктык эскертүү болгондой сезилиши мүмкүн. Ошондо ал эмнегедир күндөлүгүнө «Көзгө көрүнбөс эшик, же тагдырдын формуласы» – деп тема коюп, бир нерселерди жазып койгон эле. Мына ошол көзү ачыктай жазган анын жазууларындагы ойлор булар: «Көзгө көрүнбөс эшик, же тагдырдын формуласы»  – деп жазып койду, балким, макалага тема тапкандыр. Ошондой экен, андан соң мына буларды улай жазды: «Ар бир пенденин алдында мурунтан эле даярдалып коюлган, а бирок көзгө көрүнбөгөн, ачык турган жазмыш жазган каалгасы болот. Анын босогосун аттоону тагдыр качан буйруса ал ошондо, эшиктен ары киргенден кийин, башынан байланган барымтага түшкөн соң гана жазмышы экенин билет. Энеден кайра төрөлүү мүмкүн эмес сыңары ошо босогону аттагандардын эч кимиси кайрадан артка кайта албайт. Тагдырдын буйругу ушинтип ишке ашып турат. Бул тагдырдын формуласы, кирүү бар да, чыгуу жок...»

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.