ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
Айтор, баш каткан турмуш. Адегенде ал квартираны тазалоого киришти. Бектур ага ар нерсеге тыкан, талапчыл адам, эмне болсо бетке айтат. Убагында колхоздун иши өзү каалагандай жүрчү, баары орду ордунда болчу. Шалаакылыкты жининдей көрчү, кыкты эмне үчүн жол боюна төгөсүң, жыйган чөбүң эмне үчүн кыйшайып калган, же сенин өзүңдөй маспы, чарбагың чочкоканабы, огородундагы отоо чөп быйыл баарыбызды тойгуза турган деп айтчу экен. Ушундай жаны тынбаган адам.
Агасынын сырын билген Арсен Саманчин оозгу бөлмөсүн чаң соргуч менен тазалады. Көрүнгөн жерде чачылып жаткан гезит-кагаздарын чогултуп кирди. Окулуп-окула элек журналдар толуп кетиптир. Анан күзгүнүн чаңын сүрттү да, үйүндөгү эң аялуу, эң бир кооз, наркына баа жеткис жалгыз буюму, кезегинде Айдана ойногон ачык күрөң түстөгү пианинонун чаңын аарчыды. Ооба, Айдана демекчи, ал эки жолу, түн жарымына чейин ойногон.
Ошол кеч эсине түштү. Арсен Саманчин өз алдынча үйрөнгөн, оюна келгендей ойной берет, а Айдана болсо пианиного тил киргизип жиберет экен. Ага негедир токойдогу булбулдун сайраганындай болуп, алыскы Европанын жаңырыгы угулуп тургандай туюлган... Арсен ошондо ага аябай суктанган, кулактан кирип бойду алган керемет кайрыктар Айдананын назик, ичке манжаларынан, карагаттай көздөрүнөн төгүлүп жаткандай сезилген. Арсен Саманчин мындайда кантип чыдамак, боконо сөөгү болкулдап, тамагы буулуп, ушу бүгүн арман-муң болгон өткөн күндөр ой-кыялын кыяк кылып жиберди да, анан ал пианиного отуруп, ошол кечте Айдана ойногон музыкалардын кайрыктарын кайталагысы келди. А бирок ичи тыз дей түштү. Ооба, ал бул жерге эч качан келбейт, пианинонун жанына да отурбайт, пианинодон төшөккө чейин бар болгону үч кадам анын өзүнүн музыкасы бар... эч качан. Ошондой болду, сатып кетти, ал үчүн урушмак турсун, күнөөлөй да албады, аны тагдырдын алы жетпеген күчтүн курмандыгы болуп калды деди, негедир мурдагыдан башкача ойлоп.
Ой түбүнөн Арсенди телефон сууруп чыкты. Итибай экен, баратабыз дейт. Тосуп чыкпаса болбойт. Кийимин которуп, галстугун тагынып, тууган-урук ичиндеги эң кадырлуу адамды адаттагыдай тосуп алмакка койкоё короого чыкты. Эски заман кезинде мындай конок келгенде алыстан салам айтышып, атын тизгинден кармап, өзүн колтуктап аттан түшүрүп, күлүгүн байлап, басмайылын бошотуп тосуп алышчу. Азыркыдай кайдан болсун, машинасына май куюп бербей эле, атына сулу беришчү.
Ушинтип кыялында меймандын атына сулу берип жатканда Бектур ага машина менен, болгондо да кандай машина, карагат түстөгү япон жиби кирип келди. Фаралары жаркырайт, алты жүз аттын күчүндөй күчтүү, ой-тооңду билбейт. Айылда мындай машина жок, Бектур аганын бул жиби Туюк-Жар чөлкөмүндө жалгыз, Араб Эмираттарынан алган. Айылда азыр эл жарды, «Жигули», «Москвич» дегендер деле саналуу, колхоздун анча-мынча байлыгынан ажыраган соң ар ким өз арбайын согуп, кээси ууру кылып, айтор, күн өткөрүп калышкан. Эртеңки күндөн үмүт аз, бир нерсе десең эле бизнес жаса дешет, бизнесиң кана, чөп, картошка, дагы эмне бар?.. Ошентсе да эркиндик бар, бу жетишпеген турмушта ошо эркиндик дегениң да оңой эмес дечи, а бирок курсакка келгенде куру бекер кеп экен. Азырынча бардыгын өткөөл мезгилге, анын ушундай болоруна шылтап жатышат. Ошол өтсө эле жыргайт экенбиз. Күтө бер! Ооба, жадагалса бир келесоо бапылдап, базар балдары төрөлсө анан деп жүргөн. Иштин бүткөнү ошол да! Ал эми айылдыктарга машина кайдан, орто кылым ортого келип отурган, жүктүн баары эшек дегенге түшкөн. Чал-кемпирлер ошонун көзүн карайт. Жаштар болсо... ооба, цыган-турмуш артында.
Калп айткан менен болобу, айрымдарга ушу бизнес замандан да бирдемелер артууда. Тик жарлар менен аскалардан бал чогултуп акча жасагандар да чыкты, мурда муну ким ойлоптур. Ойлосо да сатышчу эмес, бекер беришчү, балдар менен улгайгандарга дешип сатышчу эмес.
Мына, Бектур ага анын дал алдына келип токтоду. Салабаттуу деп ушу кишини айт, аңчылык бизнес өнөрүн өздөштүрүп, ишти жыл бою жүрө тургандай жолго койгон. «Марко Поло» деп атап алышкан аркар-кулжаларга, эчки-текелерге, аюуларга, сайроочу жана алгыр куштарга маал-мезгили менен аңчылык жолун башташат. Мына эми мөңгү барстары чөнтөктүүнү чөгөлөткөн чоң бизнес болду. Бектур ага азамат, эч нерсе дей албайсың, жолун тапты.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.