ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
Ушуларга алаксып, көңүлү бир аз тынчый калган Арсен Саманчинге ач кенедей жармашып, чаяндай чаккан баягыл ойлору кайрадан келди. Ооба, өзүнүн эң жакын тууганы Туюк-Жар аймагындагылардын бүт баары сыйлаган, эл адамы болгон Бектур Саманчиндин айткандарына сөзсүз макул болуу керек. Ага жанагы Араб өлкөсүнөн келаткан даражалуу конок-аңчыларды тейлөөгө да жардам бериши зарыл. Келе тургандардын бири Сауд ханзадасы Хасан, экинчиси Кувейт ханзадасы Мисир дегендер мунайзаты суудай аккан немелер. Айтылган сөзгө караганда алар эки атанын балдары. Ат чабышка алгыр куштарга анан айрыкча эч ким баралек жерлерге аңчылык кылууга аябай кызыгышат экен. Ошондуктан аларды мөңгү барстарына ууга чыгаруу камылгасы көрүлүп жатат. Анын үстүнө бу Үзөңгүлөштөгүдөй мөңгү барстары дүйнөнүн эч жеринде, Жакынкы Чыгышта да, Африкада да жок. Ал жактарда кайдан болсун, мындай сейрек учуроочу асыл жырткычтар андай мээ кайнаткан аптаптуу аймактарда жашабайт, тагдыр аларга жайы салкын, кышкы аязы таш жарган, тоолорунан куш учуп өтө алгыс бийик жерлерди мекендегенге берген, анан ошол үчүн азыр алардын жүнү Кудай ургандай таза, көз талдырган кооз, ар бир талы ат башындай алтынга тете болуп жатат. Араб ханзадаларынын келери да ушуга байланыштуу эле, ошол үчүн аларды тегерене тейлегендер болот, а тургай сакчылары менен коштоп жүргөндөргө керектүү курал берилет. Ал жерде анын орду чоң, эки тараптын көздөй тилмечи, ханзадаларды жана алар менен чогуу келгендерди коштоп жүрүүчү менеджер, Арсенсиз алар бирин бири жалдырап караган балык болуп калышат, демек, ага мылтыктын мылтыгы, жок эле дегенде сөзсүз тапанча берилет. Иши оңолгону турат, анан ошол тапанчаны ал өзүнө калтырат, анын жолу өзүнөн өзү табылат, аңчылык эгер аларга айтып бүткүс бир керемет дүйнөгө айланган болсо, анда кумары канган ханзадалар күн кармап күлүп турганда тапанчаны жөн эле белекке берип коюшу ыктымал. Тоодогу тамаша бүткөн соң шашыла шаарга келет да, көксөгөнүн алеки саатта бүтүрөт. Ооба, жакшы кыял жарпыңды жазат дегенди дил жарыгы кылды да, Туюк-Жардагы Бектур агасына шылтоолоп кетип калмак болду.
Телефон ойготкон күн ушинтип башталды. Жалдыраган телефондун безбелдектей көшөрө безилдегенинде кеп бар экен, маң басып турган, дароо эсине келтирди, өткөн түндөн өрт алып, анан түшүндө да жанын кыйнаган дилазабынан өзүнүн кадимки жай турмушуна кайтып келди. Ойлонду, ойлонгондо да акылы менен ойлонуп, өзүнө өзү тыюу салып, өзү менен өзү тынчтык келишимин түзүп, ажырыктын тамырындай жайылып бараткан каргашалуу ойлорун убактылуу четке какты. Иш, аны аткарыш керек. Анан ичинен: «Арс, болду, болду, акылыңа кел! Азыр ал жөнүндө ойлонууга болбойт, мээң ордундабы, Арс?» – деп жатты. Арс – Айданасы эркелетип атаган ат, бул болсо аны Айа деп эркелетчү. Аттигиниң десеңчи, дилиңде күйгөн ал күндөрдөн каңырык түтөткөн үшкүрүк гана калды. Эриксизден ал ушуну эстегенде өзүн эрте күздө эле жалбырактары күбүлгөн дарактай сезет. Жандүйнөсүндө илип алар эч нерсе жок.
Иштеш керек, илегилек санаалар менен өзүнө азап үйгөнү жетишер, тирүү туруп өлмөк болду. Иш толтура! Башы башталып, аягына чыга элек, а чыны редакцияларга зарыл болгон канча материалдары бар. Өзү күнөөлүү, болбосо, учур проблемаларын козгогон публицистикалардан тарта, кайдагы бир гидроэнергетика маселелерине чейинки темаларга дейре кайрылган аягы жок макалалары бар. Мындай болгон эмес, башында быштыбы, кагазга түшүп, редакцияга жетчү. Кашаң аттай кайдыгерлик көбүнчө ага ушу көз карандысыз журналист атыккандан кийин уялаш болуп кетти окшойт. Эркин да! Эч кимге отчёт бербейсиң, эч ким да сени тескебейт. Кааласам иштейм, каалабасам жок! Кудайды караса боло, ушу кантип болсун!
Бүт баарынан оолактоо үчүн, өзүнүн киши колдуу болгон сүйүүсүнө, өзүнүн киши колдуу болгон идеясына кайгы-муң баскан жүрөгүн бекер күйгүзбөш үчүн жекирүүдөн азыр эч нерсе чыкпайт деп, ал өзүнүн көңүлүн өзү көтөрүп жатты. Анын үстүнө каргыш алгыр капитализм өз билгенин жасоодо! Жасайт, ага эч ким каршы чыга албайт. Капитализм дейт, деги буга капитализмдин кандай тиешеси бар дейм да? Ооба, ооба, идеяны товар катары сатып алууга да, аны акчага сатып жиберүүгө да, андан калса ошо идея дегенге тыюу салууга да болот, демек, акчага бүт бардыгын жасоого толук мүмкүн. Андай болсо тиешеси бар экен. А бирок сен мындай кырдаалга сатып албоочу катары, таптакыр башка, көчтөн калган кемпайсың, ошол үчүн өз энчинди өзүң ал. Жалгыз экениңе караба, тигилерди эрөөлгө чакыр, анан көрөсүң, туурадан чыккан туз баштыктай бул ким деп, жети бүктөп, бир түзөп, как жерге казыктай кагып жиберет. Башыңды жулуп ыргытат, сурагын сатып алат. Ошондуктан ар нерсенин өз жолу, болор сааты деген бар, жетишет, жолбун ойду унут кыл. Билгениң барбы, бүт баарына түкүрүп сал да басып кет деп өзүнө өзү акыл берип жатты. Анын үстүнө кыдырдай болуп Бектур ага келип, башка маселе чыга калбадыбы! Сөз олуттуу болот.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.