ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
Телефон билгендей эле безилдеп ийген экен, болбосо бул ээ бербей эрк-кайратын, акыл-сезимин эзип жаткан кыйноолор, өз жанын өзү азапка салган террорчулук эмнеге айланып, кандай бүтөт эле, ким билет?
Телефон мына ушундай маалда чыркырап ийди. Жагдайы жанды жеген абалдын таасиринен улам ал ким болсо да сүйлөшкүсү келген жок, кайдыгер барды, демейдеги коёндой окшош үндөрдү угам деген, а бирок Бектур Саманчиндин тааныш үнү жаңырганда башкача боло түштү, жолугалы дейт, анда эмне жөнүндө сүйлөшөрүн билип, кездешүүнү алгач түшкө жуук убакытка жылдырмак болду. Анткени ал акыл пештеп, өзүнө келип, демейде айтып жүргөндөй жандүйнөсүнүн сейсмикалык толкунун токтотуп алышы керек эле. Андан кийин... Ооба, алгач ал-жай сурашмай болот, андан кийин, мына кызык, Арсен Саманчинге бир идея келе калды, балким, көзү ачылгандыр, балким, башкасыдыр, айтор, акыры кууратып бүткөн куралды эч кандай машакаты жок эле таап, өзөгүн өрттөгөн маселеси жөн эле чечилерин эсине салган ой, өзгөчө туюм аны жандандырып жиберди. Жеңилдей түштү. Ошон үчүн ал жан-алы калбай сүйлөшүп, жолугушса жолугарын айтып, көптөн бери иштери кычап телефон чалалбай калганын шашыла билдирип кечирим сурап жиберди.
Албетте телефондон сүйлөшүү таптакыр башкача, жамандыктын жазасын берүүгө зарыл болгон, Арсен Саманчин дилине сыр катары катып жүргөн иштерге тиешеси жок болду. Алар тууганчылык иштерди мурунтан эле өз ара сүйлөшүп, кеңешип, анан сөзсүз Бектур акесинин бизнеси тууралуу, «Мерген» аңчылык фирмасы жөнүндө, айтор, мергенчилик туурасында пикир алышчу. Бул жолу да ошондой болду.
– Ой, эки күндөн бери телефон чалып, такыр алалбай койдум, – деп амандашкандан кийин эле жемеден баштады сөзүн Бектур агасы. – Сен кайда жоголуп жүрөсүң, Арсен? Чөнтөк телефонуңду да өчүрүп салыпсың?! Деги сага эмне болгон?
– Баары жакшы, Бектур ага, сен шаардасыңбы?
– Ананчы, сени менен бир сүйлөшөйүн деп жетип келдим. Сен эмне, араб ханзадаларын барстарга алып чыгарыңды унуттуңбу? Өзүң айтпадың беле? А тигилерге болсо дал өзүңдөй түш жоруган суу тилмеч керек. Сен болсо ишти создуктуруп эле жатасың, же дайының жок, иш эмне болду? Бүт баары эле сени эгемен, көз карандысыз, эркин дешет. Эркиниң ушулбу?! Айтарын айтып, унутуп койгонсуң го?..
– Жок, Бектур ага, кайдан унутайын!
– Анан эмне кечиктирип жатасың? Убакыт аз эле калбадыбы! Арабдарыңдын келерине жети эле күн калды. Сен болсо бир кабарың айтпайсың.
– Кам санаба, Бектур ага, мен телеге чоң көрсөтүү даярдап, ошо менен алекмин. Чет өлкөлүк журналисттер келген, маек курганбыз. Эч кабатыр болбо, Бектур ага, ал иштер жайында, сүйлөшүлгөн. Арабдар менен мен өзүм болом, өзүмдөн башка ким тилмеч болмок эле, менеджер да өзүм, кыскасы, аларды мен алып жүрөм.
– Андай болсо жакшы экен! Кудай берет деген ошол. Араб ханзадалары бизде биринчи ирет болуп жатпайбы, экинчиден, алар Алла Тааланын жердеги өкүлдөрү катары келатышат да. Ошондуктан бардыгына даяр турушубуз керек, болгону жети күн калды. Тоолордо, капчыгайларда канча даярдык көрүлүшү зарыл, кандай даярдануу кажет экенин өзүң билесиң. Эң негизгиси азыр учуру келди, барстар ашуунун артындагы бийик жерлерден биздин Үзөңгүлөшкө түшүп калышты. Мезгили.
– Түшүнөм, Бектур ага, мен даярмын дебедимби.
– Анда, Арсен, сен экөөбүз жолугушалы, шашпай сүйлөшүп алалы. Анын үстүнө башка да иштер бар эле, Арсен. Биз сен жөнүндө санааркап жүрөбүз...
– Макул, Бектур ага, жолугушалы. Азыр саат тогуз, кел он бирде. Кайсыл жерден жолугалы?
– Макул көрсөң сенин үйүңдөн эле жолугушпайлыбы?
– Жакшы болот, мен чай даярдап коём.
– Сүйлөштүк анда, чайды эмне кыласың? Мен эмне бир жактан келген конок белем, өзүбүз да. Аялың, үй-бүлөң болсо кеп башка. Туугандарың сен үчүн кабатыр болуп жүрөт, а сен... Болуптур анда, барганда. Он бирге жетип барам.
– Күтөм, Бектур ага, күтөм.
Арсен Саманчин трубканы ордуна койду, жеңилденип дем алды, эки жагын каранды. Эсине түштү. Бектур Саманчиндин шофёрунун чөнтөк телефонуна чалды, жигиттин гүлү, мунун агасынын аркыраган жибин* айдайт. Аты – Итибай. Кээде Арсен аны итиң бай адамсың, демек, итиң бай болгон соң, Кудай урбадыбы, өзүңө да анча-мынча артат да деп тамашалай берет. Эх, байлык жөнүндө түбөлүк кыялдар ай, адамдар кандай гана салыштырууларды ойлоп таппайбыз... Чыгарда мага чалып кой деп Итибай менен сүйлөштү.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.