ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

Арсен Саманчин дагы улантып жаза берсе болмок, анысы өзүнчө бир кайгылуу эссеге айланмак, а бирок азыр эмес, сааты чыккандан кийин гана, окуя болгондон соң гана, ооба, ошондо гана...

Түш болор кездин алдында жайкы күн жерге түшө баштаганы үй ичине да сезиле баштады. Ал түндөн бери ачык турган терезесин жаап, шкафтын үстүнө коюлган чакан кондиционерди иштетти. Куркулдайдын уясындай бул үйлөрдө ысыкка чыдоо эң кыйын, ошо акактаткан аптаптан ушундай бөлмө салкындаткычтары гана сактап калат. Өмүр бою тоонун таза абасына көнүп калган Бектур ага терезени жаппай эле кой, аба кирип турсун деп калды. А кишинин айтканын аткарбаса иш болбос, а бирок ошо терезенин ачык турганы да бекер болбоптур...

Терезе жабылып ачылган сон, бер жагы эки сааттан ашкан сүйлөшүүгө кайрадан киришти. Ага-ининин аңгемеси бүткөнчө тыным билбес Итибай чай ичип, андан соң жипке май куюп, аны жууп-тазалатканга, атүгүл базарга кайрылып мөмө-жемиш ала келгенге да үлгүрүптүр. Баарынан кызыгы, мына бу эки Саманчинди буга чейин алардын бир боордугу бириктирип келсе, азыр анысына жер жүзүнө жайылган бизнес дегени, аңчылык долбоору кошулуп, ал экөөнү ого бетер ажырагыс кылып салды. Бул ушундай экен, айтмакчы, ошо бизнес жөнүндө, жанагы поездден поездге түшүп соода кылгандар айтат, дүйнөдө бу тоо-талаанын гүлдөрүнөн өткөн өтүмдүү товар жок имиш. Ушундай деп ким ойлоптур, гүл дегениң талаада жайнап өсүүдө, аны баккан да, караган да киши жок, өзүнөн өзү өсүүдө, көз жоосун түшүрө суктан, ат менен кетип баратып балдарга терип берсең да болот, а гүл сатат деген кыргыздарга чын эле күлкү келерлик иш. Аңчылык деле ошондой болчу, эми минтип ошо аңкоолук дегенден чоң бизнес чыгып, Саманчиндер болсо акча табабыз деп анын план-долбооруна баш оорутуп отурушпайбы.

Кептин баары бул долбоордун адам буту баспаган улуу тоодо өз алдынча жашап жаткан мөңгү барстарына байланышып жаткандыгында болуп жатпайбы. Демек, акыр заманды айтчудай болгон базарың аларга да жеткен экен...

Аңчылыкты уюштуруу, аны өткөрүү туурасында далай кеңештер айтылды. Арсен Саманчиндин көзү ачылды, маңдайында пландарын кагазга чиймелеп, бүт дили менен бериле кызый сүйлөп жаткан Бектур агасын угуп отуруп өтө ыраазы болду, тим эле ал өз ишин театрдагыдай пландаптыр, бүт бардыгы көз алдыңда, мурдагы колхоз башкармасы азыр режиссёр-коюучу болуп көрүндү да, аңчылыктын ыкмаларын, анын өтүшүн драмадай сүрөттөп берди. Таң каласың, Бектур аганын айтуусу боюнча жанагы ханзадалар жырткычтарды өздөрү тандап, жаземдебей таамай атып алышы үчүн жырткычтарды буктурмага айдап келүүнүн бир укмуш жолун сунуштады. Кулак угуп, ойго келбеген иштерди угуп отурган Арсен анын маңызына түшүнгөндөй эле болду, антпесе болбойт эле, тоодогу аңчылыктын бардык маселелерин араб ханзадаларына түшүндүрүп берүүсү зарыл болчу, ошентсе да ал жандүйнөсүнө жыландай кирген ойлорго кабылып жатты. Жакында баштарына түшчү алааматтан бейкабар Теңир-Тоодо ээн-эркин жүргөн барстарга боору ачып турду. Ошондой эле ал барстардын тагдырын дал ушул эл жүнүн жеген жерде, Хрущев үйлөрүнүн кайсыл бир кабатында, эңгезердей эки эме өздөрүнчө эле Кудай болушуп чечип жатканын, атүгүл алардын өмүрүнүн акыркы күнүн, саатын белгилеп отурушканын байкуштар билер болсо, анда тигилер Гималайгабы, айтор, бир жакка качып кетет беле деп ойлоду.

Ой деген бирде космоско чыгып, кайра уясына учуп келген эркин куштай го. Ушу азыр да анын башына кайрадан бир ой, бул мертебе барстарга силерди кызыл кыргын кылганы жатышат деп кантип кабарласа болот деген ой келди. А кокус чын эле билдире турган кырдаал-шарт болсо, анда кыпкызыл акча болуп жаткан бизнести эмне кылат? Кайда катасың? Жырткычтарды учкул кыялың менен сактап кал, а бизнесчи? Ал эмне болот? Көрүңө катып саласыңбы? Эгер чын ушундай мүмкүнчүлүк болсо, анда дүйнө солк этмек эмес, анда адам тукуму өздөрүн өзү өлтүрүп, тукум курут кылып жок кылмак. Ошондуктан азыр бизнеске гана артыкчылык берилет, калгандарынын бүт бардыгы кийин, кийинкиден да кийин болот. Ии, адатыңча дагы бир нерселерди балп эттирип айтып көрчү, антет экенсиң, ооба, андан көрү асынып калганың жакшы. Ушу кезде Бектур аганын сөзү барган сайын акыл-насаат айткандай болуп бараткан, ошондон уламбы, айтор, Арсен Саманчин аны менен сүйлөшүп жатып маал-маалы менен өзүнөн өзү эле ушуларды ойлоду да, «Мерген» бизнес-аңчылык фирмасынын кожоюнунун көрсөтмөлөрүн ханзадалар каада менен келгенде кереги суудай тиет деп блокнотуна англис тилинде жазып жатты.

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.