ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
– Эй, цыган, эй шайтан! Мен бияктамын! Уктуңбу?! Мени тааныдыңбы? Мен баягы баламын да, мага бал ачайын деп издеп жатасыңбы? – деп жиберди.
– Сага бир күнү бал ачып берем. Азыр мага керек адамды өзүм табам, – деген жооп тигини тилин тиштетип, таң калтырды. Анан баары анын айтканындай болду.
Мүмкүн Жараткан берген сезим касиети менендир, мүмкүн көөнү түшкөндүр, айтор, көп өтпөй издегенин тапты. Анысы Сергий болуп чыкканына андагылар таң калды. Эмне үчүн ушунчадан Сергий? Эмне үчүн цыган аял ага көктөн издегенин жерден тапкансып шашыла кайрылды:
– Эй, жигит! Эй, жаш жигит, эй кара каш бала, четке чыкчы, колуңду бер, жолуңа бал түшүп жатат, бактыңды айтып жатат!
Сергий четинен санаганда үчүнчү катарда бараткан. Ал мындайды күтмөгү кайдан, алапайын таппай абдаарып калды. Башына түк чыкканы ага бал ачкан адам болбогон, тагдырын айтып төлгө да салбаган, анткени үйдөгүлөрдүн андай сыйкырдуу иштерге жан тарткан жайы жок эле. Атасы жанагы карта ачып тагдыр айткандарга ишенчү эмес, апасы деле ошондой болчу, ишарат-аян дегенге үзүлө түшүп көрбөгөн, анан бул цыганды кара!
– Кереги жок! Бал ачпай эле кой! – деп кыйкыра жооп айтты да, макул болбой койгонуна уялгандай түр көрсөтүп, ийиндерин куушуруп, жылмайып койду. Ошол эле учурда андан сыпайгерчилик кылып кечирим сурап коюш керектиги оюна түштү. А бирок кантип сурайт, эмнеге сурайт эле? Мына бу жанындагыларга Кудай берип салбадыбы, цыган аял билет, ушунчадан биздин кечилге көөнү түшпөдүбү. Көзү ачык да, баарын көрүп турат да, Кудайга ишенери чын да, тигил экөө тим эле эгиз тал болуп жатпайбы дешип жыргай башташты.
– Эй, жигит, сен жок дебегин, бул – тагдыр, – деп тигил цыган ого бетер ага жабышты.
– Анын аты Сергий, – деди катардын четиндегилердин бири цыганга.
– Сергий? Эй, Сергий, садага болоюн десе, эй, кара каш! Бул деген тагдыр деп жатпаймынбы, ошол үчүн жок дебе, Сергий, сен али жашсың, тагдырыңды айтып берейин! Бал түшүп жатат, чын дилимден айтып берем. Болгонун болгондой айтам!
Ал аңгыча бирөөлөр:
– Жолдон кач, цыган, элге жолтоо болбогун, – деп аны кодулап киришти. Аларга цыган бош келген жок:
– Мен жолтоо кылбаймын, басып баратканда эле алаканын карайм.
– Жадатып бүттүң, эй цыган. Жабышпа деп жатабыз, кач жолдон!
Бу цыган аял орто жаштарда эле. Сергий анын жүзүнөн цыгандарга таандык митаамдык менен мастендиктин белгилерин көрө алган жок, тескерисинче, ал ага Вероника эжесиндей ачык-айрым, жанда жок боорукердей туюлду. Ал ошондой, ар качандан бир качан кимдир бирөөлөргө жакшылык кылайын деп ченден чыга чебелектенип, убара тарта берет. Бул цыган да ошо эжесине аябай окшошуп кетти, кандайча экенин кармай албай калды, караганыбы же көзүбү, а балким, «мен сенин эжең катары, өзүмдүн бир боорум катары айтып берем» дегенинен уламбы, айтор, ал Вероникадай көрүндү.
Не болгонун ким билет, цыган аял көрүнбөй калды. Ушундан уламбы эмнегедир Сергий аны аяп, бал ачтыра бериш керек болчу, тартынчаак болуп не таптың деп дил өкүмүнө салып, өзүн өзү жемелеп алды.
Алар келер станцияга ошо марш басыш менен, ошо каз-катар турушу менен келишти, саратовдуктар да алардан калган жок, тойдогудай топурап, уу-дуусу күчөп, жоокерлерди жандай коштоп, тегеректи толкутуп турушту. Жоокерлерди алып кетер эшелон товардык вагондорунун эшиктерин кең ачып даяр турган экен. Аяк-башы ат чабым, көз жетер эмес.
Вагондорго түшөрдө кыйсыпыр кыймыл башталды, бири батышка, бири чыгышка чуркамай, анысы аз келгенсип, узатып келишкен аялдар менен балдар да кубалаганга карабай опур-топут ого бетер күчөтүп ийишти.
Орун алмай оголе узак иш болду. Күндүн жерге түшүп турганы аз келгенсип эл кысылыштан кыйналып турду. Эшелонго качан отурарын ойлогон Сергий жанагы цыганды таптакыр унутуп калган, бир маалда эле элдин арасынан анысы көзгө көрүнсө болобу. Көшөргөн көктүгүн кара, акыры тапты.
– Эй, Сергий! Мен сага баратам. Кой дебегин, менин тилимди алгының. Тагдыр деген тагдыр, ал сенин жолуңа бал ачып бер деп мага айтып жатат. Макул болгунуң, согуш деген согуш, тагдырыңды билип ал.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.