ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
Сергий буга чейин көрбөгөн кыйноодо калды, бийлеп жаткандардын арасына аралашарын аралашып алып, анан башы айланып чыкты, тегерегинде вальс кумарына баткандардан көзгө илешпеген кандайдыр бир жалындын, жөн жалын эмес, керемет жалындын илеби уруп жаткансып аза боюн аптап каптап, деми кысылды, сезим ышкысын уламдан-улам алоолонткон бул учур аны жанга жагым абалга тартып баратты. Анткен менен аердегилердин көптүгүнөн жүдөп, а балким, эрк-кыймылы чектелип тартынгандыр, айтор, сыртка качып кеткиси келди, жылдыздын кызындай Наташка экөөнү эч ким көрбөш үчүн асманга учуп жөнөгүсү, улам бийиктеген сайын анысын улам бекем кучактап, эки дене бир денеге айланганча улам кыса кучактап, улам кайра бийиктеп кете берүүнү самады. А Наташка анын дил туйгусун кайдан билсин, буту жерге тийип-тийбей чимирилип бийлеп, бүт денеси эрип, ышкындай солкулдап да ийилип, анын эркинде болуп жаткансыды. Ушундан уламбы, айтор, адегендеги аны кысынтып-кыйнаган абал да, сезим да таптакыр жоголуп, экөөнүн ортосунда уламдан-улам күч алган таркабас кумар жаралып, ал заматта өрт болуп барат, жүрөгү балыктай туйлап, кабынан чыгып кетчүдөй дүкүлдөп сокту. Анан ушул кырк тамырын балкыткан абал Сергийди кыздын жылуу демине, магдыраткан назик жытына акырындан багынта берди, ошондонбу, же уламдан-улам билинбей бир дене болуп эрип бараткандыктанбы, ал Наташканын жүзүн ачык, даана көрө албай койду, кандайдыр бир демиктирген толкундануу эстен тандыра берди. Анан ошо маалда тигил керемети капыстан: «Сережа, сен мени жакшы көрөсүң, мени ар дайыма ойлойсуң, кыялга батасың, а мен аны билемин», – дегенде гана ал Наташканын тайманбай күлмүңдөп тиктеген көздөрүн, атайылап ага жакындап келген чечкиндүү жүзүн көрдү...
Сергий мындайды күтмөк түгүл андай абалга даяр да эмес эле, ошондон улам ал аябай кысынып, жалгыз муун чөптөн пас болуп тырмагынан тер чыгып уялды, дагы жакшы, өзүн жоготпой, бий ыргагын кармап, бийлей берди. Ошентсе да кызга бир нерсе деп жооп айткысы, болгондо да башкалар көчөдөн бийкечтерге тийишкендей моокум кандыра турган сөздөрдү айткандай кеп салгысы келди, а бирок куруп калсын, мунуку эмне айтса да сөздөрү дайыма олуттуудай чыгып калчу. Анткен менен ал кызга мен сүйүү жөнүндө ойлонбоптурмун, а сен болсо мага жакканы жагасың дегендей сөз айткысы келди. Наташка бул жолу да анын оюн билип тургансып оңтойсуз абалдан чыгарып кетти: «Мен билем, Сережа, айтпа мага, кыйналбагын. Макулбу, мен сени тамашаладым, – деди музыканын ыргагынан, бий кыймылынан чыкпай. – Мен сенин ички дил сырыңды дапдайын эле көрүп турам, ошондуктан мага эмне деп айтарың белгилүү. – Ошентти да, айтар сөзү Сергийге жакшы угулсун дедиби бийлеп жаткандардан четке чыкты. – Мен ким эмне ойлоп жатканын жөн эле билип коём. Мунумду райкомдогулар билет, мени кыраакы комсомол-пропагандистсиң дешет. Сенин оюңду да билип турам. Сен мени сүйөсүң, жакында мага сени сүйөмүн деп айтасың. Анткени сен башка балдардай эмессиң, оюңдагыны айтпай тартынып жүрө бересиң. Баарын билем. Сен кыздар менен жүрө элексиң да. Чын айтамбы? Билем мен, бүт бардыгын көздөрүңдөн көрүп турбаймынбы, жашырбай эле кой. Жакында кыздардын баары сага жабышат. Көрөсүң го, а бирок эсиңде болсун, мен биринчимин. Ошондуктан сен меники гана болосуң, – деди. Ошо замат алар кайра бийге киришти, а Наташка болсо сөзүн токтоткон жок. – Сен экөөбүз ар дайыма бир болобуз. Мен чогулуштарда сүйлөп турам, а сен журналист болосуң, аларды гезитке жазасың. Сенин колуңдан келет, мен аны билем. А сен болсо менин өткүр экенимди билесиң, сүйлөгөн жагын катырам. Ошондуктан мага сендей акылдуу адам керек, Сережа. Деги сен бир нерсени түшүнүп жатасыңбы? »
Тамаша-чыны белгисиз ушундай бир сөз болду, анын сырын табалбаган Сергий ошол түнү таң атканча кирпик катырып, электир тогуна урунган эмедей чабалактап чыкты. Анан ал Наташкага кат жазмай болду да, жазарын жазып, анысын негедир тытып салды. Олуттуу бирдеме деп жазуу орунсузураактай, болбосо жөн салды кагаздын кереги не, эрмек үчүнбү, кыз көңүлүн көтөрүш үчүнбү, айтор, мындай жалынсыз сөздөр менен жазыш Сергийге кызыгы жоктой сезилди.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.