ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
– Болду, кыйкырганды токтоткула! Жоокерлерге жолтоо болбогула! Тарагыла!
Командирлердин жайынча түшүндүргөндөрүн да, кага сүйлөп катуу айткандарын да бир тоготуп койбостон айрылуунун бир өмүр арылгыс арманын сезген алар катарынан жанбастан кадам шилтеп баратышкандарды жанталаша коштой басышып, Саратовдун дарыя бойлой кеткен жылан из көчөлөрүндө балбалактаган аялдар менен күндүн күлкүсүндөй болгон балдар агып келе жатышты. Ыйык Волганы алыска таштап узап баратышат.
Коштошуу деген мынчалык дил кыйноо экенин Сергий байкуш сезген да эмес, сезмек түгүл ал биринчи жолу коштошуу деген эмне экенин зээн кейитип көрүп отурат. Ошондон уламбы, же чын эле бул коштошуунун жолугушуусу жок деген ойдон уламбы, айтор, дил-көөнү ийип, көзү кадала калгандарга жакынындай жылмайып, колун булгалап, калчулардын кабагын ача, камтама болбогула, баары жайында болот дегендей тей көрсөтүп жатканы менен ичинен кан өтүп, дил тозогун тартып келатты. Ошентмек, анткени азыркы кырдаал, анан дагы бир арман, ал үйдөгүлөрү менен коштошо албай калды, ата-энеси жашарын жашап, актыктын жолун карап калган адамдар эле, а Сергий болсо алардын көкүрөк күчүгү болчу. Өкүнгөнү ушул. Булардын эң улуусу кыз, Казакстандын Кытай менен чеги бир жердеги заставада, андан кийинки эжеси – Вероника, ал дал ушул Саратовдун өзүндө турат, күйөөсү согушка кеткен, ошо бойдон кабар жок. Кичинекей баласын апасына берип, өзү керээлден кечке жумушта болот. Атасы Воронцов Николай Иванович бүт өмүрүн Волга мунай өндүрүшүнө жумшаган эски бухгалтердин бири. Сергий жөнөрдө ал ооруканада эле, ооруганына көп болуп, оңолалбай жаткан. Вероника кыз да, мына ушулардын бардыгын төкпөй-чачпай Сергийге жазып турган. Сергий болсо шаардын сыртындагы аскерге даярдоо лагеринде эле. Ал жерде үйгө барууга уруксат деген жок, ошондон улам Вероника үйдөгүнүн бардыгын, өзүнүн ишин, тыякка да, биякка да жетишип жатканын кат аркылуу кабарлап турчу.
Эжеси чын эле жанда жок боорукер эле, ата-энесин, бир туугандарын ойлоп санааркай берчү, ошондон улам алардан кабар алып турбаса көңүлү тынчу эмес. Ал Верониканын сыр катпас ачыктыгын да жанындай жакшы көрчү, катты да ошентип болгонун болгондой жазып турчу. Ошо эжекесинин кийинки катына бу Сергийиң жооп жаза элек, жазабы же жазбайбы аны да билбей жүрү, анткени Верониканын ал каты мунун көөнүнө эмнегедир көк таштай тийди. Анын жазгандарында жаман деле эч нерсе жок, болгон иш, а бирок Сергийдин көңүлүн кыжалат кылган башка себеп анын баарын эжеси кантип билип алганы. Ооба, Сергийдин Наташка деген классташы бар эле, аны «коминтеринчи» деп коюшчу. Оо, мунун тарыхы кызык, анткени ал жетинчи класста окуп жүргөндө ошо Коминтерн жөнүндө, Испаниядагы коминтерндик бригадалар өлкөнүн бүт жумушчулары менен дыйкандарынын бактысы үчүн кантип согушканы туурасында ыр чыгарып, анысын Москвага салып жиберет. Анан ал жактан ага ыраазычылык айткан кат келет. Москвадан, Сергийдин эсинде жок, Коминтернден беле, айтор, агайлар менен эжейлер Наташкага урмат көрсөтүп, азамат дешип, кыскасы, ал окуя мектепти дүңгүрөткөн. Наташка ошол катты сурагандардын бардыгына окутуп жүрдү. Тыкылдаган чыйрак кыз эле, ошондон кийин ого бетер активистка болуп кетти, жыйналыш сайын сүйлөйт, аны тааныбаган адам жок. Согуш башталар жылдын жаз алдында бир шумдук окуя болбоспу. Кече болуп калды, Сергий кайдан качырсын, Наташка өзү болбой жатып бийге жетелеп чыккан. Кайдан ал бийлемек эле, адатынча терезенин жанында вальс бийлеп жаткан түгөйлөрдү бериле карап турган. Бүт баары көрүп турган, бир маалда эле Наташа капилеттен түгөйүн таштап салып, анын жанына келди да, чечкиндүү түрдө колдон алып: «Сережа, эч ким менен эмес, сени менен гана бийлегим келип жатат», – деди. Чын-чынында Наташка анын ийининен араң келчү, ошентсе да ал вожатыйынын алдында турган пионерден бешбетер кыз сунушуна үн дебей моюн сунду. Ал неге мындай чечимге келди экен? Ушуну самап, ушуну күтүп, ушундай болор бекен деп эс чарчата эңсеп тургансып Сергийдин азабоюн ысык чымырык басып, көзү караңгылап кетти. Денесинен от жанган бойдон ал экөө тең жаштардын арасына кирип кетишти. Тагдырдын табышмагындай болгон иш мына ушундан башталды...
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.