ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
– Мына, токой башталды, Россия босогосун аттадык! Россия энебизге келдик! – жоокерлер ошо Россиядан эмес эле, башка жактан келе жатышкансып, эл-жерине келгендей жарыла сүйлөп жатышты.
Ошолордун арасында өтө эле жаш, бою узун болгон менен чычкак улактай тыртайган, атасынын аскердик кийимин кийип алгансып шөлбүрөгөн Сергей Воронцов, болбосо взводдогулар сүймөнчүк менен Сергий инок, бизче Сергий кечил, Сергий монах же мындан да көтөрө чалып айтканда Сергий отец – Сергий ата аталган бирөө бар эле. Ошо жигит сөздөн сөз чыккан бир учурда Кудайды айтып, ал деген икона эмес, өзгөчө ыйык кубулуш экенин айтып калды. А бирок андагылардын бири да ошо кубулуш эмне экенин түшүнгөн жок. Ушундан улам араң турган ажына шылдыңдагычтар аны ошо замат эле Сергий ата, Сергий кечил деп атап алышты. Болгону ушул, жок жерден ырахат табышты да калышты. Ал эми ошо Сергей Воронцов бар болгону он тогуз гана жашта эле, ошого карабай булардан акылы ашып жатпайбы, анан аны тамаша менен өздөрүнө жакын кылбаса болбойт да. Ал болсо тигилердин тамашасына териккен да жок. Ошо Сергий вагондун эшигине туурасынан коюлган темирге бир канча саат былк этпей сыртты карап өбөктөп тура берет, эргелчектей эмеде андай турган бирөө жок. Башкалары бака-шака түшүп карта ойношот, кимдир бирөөнүн узаткандар берген арагы түгөнө элек экен, шакылдаган поездде бекерчилик кумарынан шарактап, кажы-кужу ар кандай сөздөр айтылып, уу-дуунун аягы жок, а дагы бирөөлөр телмире жалгыз туруп, өзүнө өзү муңайым ырдап келатат. А Сергийдин дүйнөсү башка, эшиктин ачыгынан сыртты – бирин бири артты көздөй кубалаган жерлерди карап келет. Караганда да жаш балача таңыркай да, бериле да карайт. Анткени Сергий нагыз орус жерине биринчи ирет келатат. Мектептен кийин ал түз эле Москвага барсам, ошерден окусам деп тилек кылчу, анын баарынын таш-талканын чыгарып, мынабу поезд алып учуп аркырап согушка алып баратат. Тагдыр ушундай тура, ал эшелон турмушун көрдү, станцияларда калай чайнек көтөрүп кайнак сууга чуркады, жоокердин жол азыгын үнөмдөп жеди, Волга боюнда үч ай бою аскердик машыгууда болду, анан минтип сапарда, жер кызыгы менен алек. Башкалар үчүн күндө көргөн көнүмүш нерсе болсо да, Сергий үчүн мурда көрбөгөн кызык көрүнүш, ошондуктан ал андай кездерде таң калууга берилип, жанына бара калган бирөөнү тигини карасаң дегенсип жеңден тарткылап келет. Анын таң калганы темир жол боюндагы жалаң жумуру карагайлардан тургузулган кыштактар, камыш өскөн көлмөлөр, айылдын апенди мүнөз бир адамы уй минип өкчөңдөп жыргап барат, дагы башкасы, айтор, айыл турмушу. Ары жакта заводго жакын талаада асман мелжиген бийик труба, андан мунай майы жалындап күйүп жатат. Муну Сергий жакшы билет, атасы мунай чыкчу жерде иштөөчү, ошерде да ушундай бийик, жалыны чыгып турган труба бар эле, ал ашыкча газды жок кылат, жанындагыларга ошону айтып келатты. Анын кыялына кылт этти окшойт, кыштын сокур түнүндө, кар зампарлап жаап турганда, эчтекеден-эчтеке жок асманга жалбырттаган жалын чыгып турса бир керемет көрүнчү. Жаңы жылда кээде ошо кереметке апасы менен эжелерин ээрчип, алар менен кол кармашып алып ошол түн кереметиндей көрүнгөн отко ак карды кечип барышчу. Эки бетине аяздан эндик сүртүнүп кайра келишчү, жарык жана жылуу үйгө кирген соң ошо куунак маанай менен ар дайыма ыр окушчу, апасынын май токочторун бурдай жешип, демейде катаалынан кайтпаган бухгалтер атасынын да жарпы жазылып, шайырданып калчу. Ушуларды ал сапарлаштарына айтып коюп жатпайбы, ошондо алар: «Эсинен ыр менен май токоч кетпейт... Анан ушу да согушка баратат ээ», – дешип жыргап күлүп алышчу.
Темир жолу жүрөк тамырындай кыйма-чийме түшкөн станцияга алар көз байлана баштаган кезде келишти, поезд үн чыгарбай акырын жылат. Бомба тийип вагондоруна чейин өрттөнгөн, ташы талкан болгон, бардык составы запастык жолго чыгарылып салынган паровозду көрдү да, бир аз таңыркай дел боло түшүп, анан Сергий андагылардын көңүлүн ошого бурду. Дүрбөй түшүп карагандардын бүт бардыгы таш болду, поезддин бомбалоого кантип кабылганын, кандайча өрттөнгөнүн, фашисттердин самолёттору кантип бомба таштаганын, вагондордогу алааматты ар бири көз алдына келтирип, алардын ордуна өздөрүн коюп жатышты. Денеден жылуу жан качты, канчасы мүрт кетти, канчасы тирүүлөй күйдү, ооба, секирип кеткендери да болгондур. Ооба, бул аларды тилден калтырган согуштун алгачкы сүрү, анын адам аябас каар белгиси эле. Муну көргөндөр күйүтү бирлер күүгүм талаш бейитке барып, үн-сөзү жок жолугушуп, үн-сөзү жок солкулдап ажырашкандай болушту. Дене элүк болуп сөздөн калгандардын көпчүлүгү макоркаларын түтөтүп, ой бастыда калышты.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.