ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
Темир дөңгөлөк темир жолду аптыга жутуп келатат. Каз-катар жаткан жоокерлер сунган бутун тартпастан коңурук тартып киришти. Эшиктин ачык жеринен ай булутка жашынып, жарк этип кайра чыга калат да, жылдыздар жымың-жымың көз ымдайт.
Деги кызык, Наташка экөөнүн мамилесин, ага ак көңүлдөн кат жазганын, жаштык иши ортодо жанбай койгонун бу цыган аял кайдан билет? Бүт баарын көргөндөй айтты. Эмне деди? Куру убайым дедиби? Ошондой да болот турбайбы. Бир иш түштөй өттү, эми тагдырын эмне күтүүдө? Бу согуш аны не кылар экен? Согуштун жүзү курусун, ал жөнүндө жарадар болуп Саратовго келишкен жоокерлер айтышкан. Көрмөк түгүл уккуң келбейт, а бирок тагдыр аны кан аккан майданга айдап баратат.
Үкүнүн көзүн жегенсип уктайын деген түрү жок. Анан ал ушу карышкан караңгылыктай кайрымсыз ойго чырмалды. Бүт баарынан жана ар бир жаралган жандын үстүнөн карап турган бир кудурет-күч бар окшойт, ошонун өзү тагдыр аталса керек. Аны эч кандай күч токтотуп, маани-жайын түшүндүрүп бере албаса керек. Кыязы, согуш да тагдырдын буйругу, өмүр менен өлүм, жеңилүү менен жеңүү дагы тагдырдын иши окшоду. Тагдыр жазган экен, элдин баары согушка бара жатышат, поезд болсо алып-учуп аркырап, аларды кан күйгөн алаамат өрткө жеткирсем деп ашыгат. Барганда кандай болот? Кайрадан тагдыр башталат! Өлтүрүшөт же өлтүрүшпөйт. Кимдин кимди жеңери дал ушундан билинет. Тез арада согуш бүтүп, ачарчылыктан чыксак экен дегенди элдин баары Кудайдан тилеп турушат. Көчөнү көлдөй каптап, кара таан түшүп келатканда аялдар ушул жөнүндө, а тургай балдар да ушул жөнүндө кыйкырышкан. Ал үчүн аёосуз салгылашуу керек, душманды өлтүрүү керек, анан жеңип чыгуу керек. Ушундай болушу керек. Ушул үчүн атасы менен апасы талашып-тартышып кетишкен. Сергийге аскерге чакыруу кагазы келген, ошондо алар эмне бериш керектигин акылдашып, эне кургур андай-мындайын даярдап жатып отургучтун четине отура калган да, колдорун көкүрөгүнө алып, капысынан эле: «Эч кимди өлтүрө көрбө, эч кимдин канын агызба, балам!» – деп жалынып жиберген.
Эмне үчүн антти экен? Жөн элеби же бир билгени бар беле? Сырдуу болчу, эсинен али чыга элек, ошондо апасы алыс жактан ашыга келип, ишарат-аян бергенин акыреттин тамандырыгын аттар алдында айта тургансып, аны экинчи көрөмүнбү же көрбөймүнбү деп жалбара тиктеп, алкай айтканын көзүнүн нуру өчкөнчө, көзүнөн дүйнө көчкөнчө унута албайт. Анткени ал ошондо алдейлеп баккан апасын алгач ирет көрүп, табышпай жүрүп алгач ирет табышып жаткансып, анан да анын көздөрү батар күндөй балбылдап баратканын, ошол эле мезгилде күндөн күнүмдү, түндөн өзүмдү таппай каламбы деген санаага өзүн биротоло багынтканын көрдү. Эски сатин көйнөгү, далысына түшүрө, ийинине арта салынган тыбыт жоолугу, айтор, ошондогу апасынын жалбарып турган абалы ага күйгөн оттун өчөрүн элестетти. Көзү умачтай ачылды. Чыт курсак курагында атасынын нефтидеги ишине барып түнөп, бу дүйнөнү суй жыгып жүргөн кезинде апасы алтын түс чачын өрүп, желкесине бек түйүп үй тиричилигин, мектеп менен балдарынын, андан калса күйөөсүнүн диабет дартынын түйшүгүнө ноюбай жүргөн куландан таза, кулундай ойноок сымбаттуу кезинен ушу мезгилге чейинки касиет-дөөлөттөрү Сергийдин аскерге жөнөр алдында айтылар акыл-кеп үчүн кызмат кылган окшоду. Ооба, «согушта эч кимдин канын агызба, эч кимди өлтүрө көрбө» деп апасынын баласынан жалынып суранганда Сергий байкуш алапайын таппай калган, ошондон улам ал анын сөзүнө кайдыгер гана жооп кылган:
– Антип айтпачы, апа! Анын эмне кереги бар? Мен деген армияда кызмат өтөйм да, – деп аны алаксытыш үчүн шкафтагы китептерин ирээттемиш эте баштаганда: – Апа, китепканадан алгандарым бар эле, аларды өзүнчө бөлүп коёюн, Вероника өткөрүп койсунчу, – деген.
Ошондо ошол сөз аягына чыкпай калган, анткени ойдо жок сөзгө атасы аралашып кеткен. Жарыктык киши түз сүйлөгөн, бетке чабар, андан калса айтканым айткан деген кыялы бар, ачуулуу эле, өзүнүкүн бербеген мүнөзү кармаса урушканга чейин барчу, мүмкүн жетекчилер менен тил табышып, мамиле түзө албаганы да ошондон болсо керек.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.