Казат Акматов: Архат
ЭКИНЧИ КИТЕП
Тибет тилин жакшылап үйрөнүп алган Барлас жолдоката аны да жөн койбой:
- Мен Адилет инимди жаман кепеме коноко чакырып алсам болобу же болбойбу?, - деп сынап келатты.
- Балким, - деди кишиге дайыма пейли жакшы Дей күлмүндөп.
- Аны ким чечет?
- Лама Цу чечсе панчен жок дебейт.
Бара түшкөн соң Дей кайра чочугансып минтти:
- Бирок азыр тартип өтө катуу. Эки чыккынчы полицай колго түшкөндөн кийин бардыгы өзгөрдү. Ошон үчүн Мани Ясону үйүңүзгө чакыра албайсыз го.
Ал айткандай эле бар экен. Мурда «панчен постон» кийин жол тоскон эчким болчу эмес. Азыр болсо андан кийин дагы эки пост пайда болуп, акыркысы Лама Цунун бөлмөсүнүн тушунда экен. Дал ошол акыры пост Дейди биртоп убара кылды.
- Лама Цуга кирүүгө азыр болбойт. Ал жакта кадырлуу чоң адам бар, -деди оң колун төшүнө көтөргөн жаш полицай Барласты коё бербей.
- Бул киши ошол кадырлуу адамга жолукканы баратат. Коё бериңиз.
- Жок, болбойт. Лама Цу өзү айтыш керек. Анын өзүнүн көрсөтмөсү ушундай.
Дей аргасыз алаканын жайды да, беш-алты эле метр жердеги Лама Цунун эшигине кирип кетти.
Ушунчалык көп тоскоолдон өтүп отуруп, акыры Адилетке бир жеткенде Барлас кадимкидей барбактап көрүшөйүн деди эле, болбой калды.
-Ой, бир тууганым, кандайсың деги, асыл иним! -деп чоң денеси менен өзүн басканы келатканда эле Мани Ясо сөөмөйүн эрдине басып койду эле Барлас оңтойсуз тайсалдай түштү:
- Эмне, учурашса да болбойбу? - деди ал кыргызча сүйлөп.
- Болот, - деди Адилет жылмайып. Андан кийин Лама Цуга ишарат кылды эле, устат Барласты чакырып, өз алдындагы кош жаздыкка отургузду.
Сөз көп болду. Акырында Барлас Лама Цунун жансакчы жөнүндөгү сунушунан баш тартты:
-Менин акыры максатым ушул инимди бир көрүш эле. Көрдүм. Кадимкидей чоң жигит болуп калыптыр. Эми кете берсем болот. Сиз мени кармабаңыз, улуу устат, - деди Барлас оң колун төшүнө коюп. Андан кийин сыртка чыга жөнөмөк болду эле Лама Цу күлүп токтотту.
- Шашылбаңыз, - деди ал, эгер ушул жигит сиз үчүн кымбат болсо, анда өзүңүз кам көрүңүз. Биз сизге ошондой мүмкүндүк берип атабыз.
- Байке, макул болсоңуз, - деди Адилет өз тилинде. Барлас жалгыз көзү менен аны бутунан башына дейре бир карап алды да, жер тиктеп калды. Андан соң Лама Цуга кайрылды:
- Улуу устат. Биздин Адилет өз элине акыры барабы же жокпу? Мен ушуну билгим келет.
- Мани Ясо Улуу Жолдо бараткан өзгөчө адам. Кийин, керек болсо дүйнөнүн кайсы бурчуна барам десе өзү билет. Бирок баскан ар-бир кадамы коркунучта болгондуктан, жанында дайыма өзү ишенген кишиси болуш керек. Мен туура айтып атамбы, кандай дейсиз?
Лама Цуну карабай, бирок оң кулагын салып, сөзүн тыңшап отурган Барлас «туура» дегендей башын ийкеди.
- Баса менин эсиме бир айтым сөз түштү. Ошону угуңуз, — деди Лама Цу жандана түшүп.
-Бир жаш эле монах жалгандагы вазипасын толук аткарбай туруп эле түбөлүк жарык дүйнөнү көздөй шашылып калат. Эң бийик тоодогу монастырга чыгып барып ошол жерден өлмөк болот. Жети күн жети түн сүкүт салып, демин токтотмокчу болуп сыртта жалпак таштын үстүндө жаткан күндөрдүн биринде асмандан бир ажайып үн угулат, кулагына. Эсинен саал кете түшкөн неме эмне деген үн экенин ажырата албайт. «Аны тыңшап эмне кылат элем, өлө берейинчи» дейт ал сүкүтүн уланта берип. Эртеси баягы үн кайрадан угулат. Монахка аябай жолтоо болот, «Бул кандай каргыш тийген үн» деп монах жини келип акырындан ойгоно баштайт. Ойгонсо бир керемет асманда кадимки бүркүт шаңшып аткан экен. Тибетте бүркүттүн шаңшыганы асмандын үнү деп эсептелет. Сиз аны билесизби урматтуу Барлас мырза?
- Билбей анан. А бизде, кыргызда, билесизби, бүркүттүн өзүн канаттуулардын пашасы дейт, «Пашасы» деген падышасы деген сөз! Бизде бүркүт ыйык!
- Эң жакшы! Эң жакшы! Демек сиз менин айтканымды түшүнөт экенсиз!
Ошентип, өлөм деп жаткан монах сүкүтүн жандырып ийет. Жандырып ийип асманга тикирейип көз тигет. Караса асманда, тээ бийикте, зооканын кылда учундагы көк асманда бир чоң эне бүркүт балапандарын учуруп, үйрөтүп аткан экен.
Монах ошону карап кареги талып жатса баягы «кляк» «кляк» деген үн кайрадан кулагына угулат. Бирок, бу сапар алыстан эмес, тимеле кулагынын түбүнөн чыгат ошол үн. Монах башын буруп карай салса дал тушунда канаты кагыла элек, али абыдан уча элек бир сары оозул балапан жаткан экен. Тээ зоокадагы бийиктен бери уча албай, али мултук канатын каккылап келип таштак жерге урулса керек.