Казат Акматов: Архат
ЭКИНЧИ КИТЕП
Ошол суроолордун бирөө өткөндөгү Миларепанын бүткүл рухий казынасын, анын толгон токой философиялык, диний жана эпикалык ырларын, айткан накыл сөздөрүн, көп жолу ааламды кезип жүрүп жасаган бүтүндөй астралдык иштерин Мани Ясонун эстутумунда толук ойготуу керек эле. Анткени Далайлама баш болуп бардык адамдар эң оболу мына ушуга кызыгат. Бул өспүрүм чындап эле касиеттүү Миларепанын кайра жаралышыбы, же болбосо Лама Цунун ойдон чыгарган фокусубу? Эгерде бул иш афера болуп чыкса, анда Лама Цу эле эмес, Жохан храмы эле эмес, атүгүл бүтүндөй Тибет же Далай-лама эле эмес, дээрлик будда дүйнөсүнүн абийирине жабылган кара көө болгону турбайбы.
Ошол коркунучту эң жакшы түшүнгөн Лама Цу Мани Ясонун реинкорнация экендигине тээ башында эле, мындан жети жыл мурун, Кыргызстандан Адилет деген жаш бала келип, Жохан храмдын босогосун аттаганда эле, музыкалык класста анын үнүн уккандагы керемет окуядан кийин көзү жетсе да, ал жөнүндө жалпыга жарыя салбай, ичинен мин ирет тобо карманып жүргөн болчу.
Мани Ясону толук ачыш үчүн, баланын өзүнө Миларепа жөнүндө таптакыр айтпаш керек болду. Лама Цу дал ошондой кылды. Нечен жолу Мани Ясо Миларепа жөнүндө сураганда аргайсыга жооткотуп, сөз качырып жүрдү. Бирок өзү баланын ар бир сөзүн, ар бир кадамын аңдыды. Ошого жараша анын тилеги ишке ашкан сайын кээде кубанганынан бөлмөсүнө бекине калып жашып алчу. «Ыйык Мила кайра келди, о Аалам! Болгондо да менин колума келди!» деп жетимиш тогузга чыккыча бир сапар да сүйүнүчтөн ыйлабаган Цу ушул жети жылда биртоп жолу жашыды. Анысын эчкимге көргөзгөн жок, бирок бир сапар жардамчысы Дей байкап калган болчу.
Мани Ясо устатына айтпастан туруп эле, түшкү тамак маалында ашпозчуга барып, мүмкүн болсо чалкандын жалбырагын бүрү менен кошо кайнатып берүүсүн өтүнүптүр. «Аны эмне кыласың бир жерин оорудубу, дарылыкка ичесиңби?» - деп ашпозчу сураса: «Жок. Эч жерим оорубайт. Жөн эле чалканды кайнатып ичкенди сагындым» дептир Мани Ясо. Ашпозчу таңыркап калат да Дейге айтат, ушундай-ушундай деп. Дей дароо келип Лама Цуга айтат.
- Мынакей! - деп Лама Цу кубанганынан каткырып ийет ошондо. Көрсө Миларепа өз кезинде, бийик тоолуу үңкүрдө сүкүт салып отурган жылдары бир тоголок дансыз ачка калып, нечен жолу суу боюнда өскөн чалканды бүрү менен кайнатып ичкен экен. Ошондон улам чачтары, сакал-муруту, териси кошо жашыл түскө боёлуптур. Ошону дароо эстеген Лама Цу Дейдин көзүнчө эле көз жашын сүртүп-сүртүп алат. Уялганынан Дей бөлмөдөн чыга качат.
«Чалкан кайнатып бергиле Мани Ясого», - деп Лама Цу дароо ашпозчуга улуксаат берет. Бирок кылаңгыр эле кайнаткыла, - деп чочулайт. А бирок, баары бир маселени Мани Ясонун өзү менен такташка туура келди:
- Уулум Ясо, Кыргызстанда чалкан кайнатып ичкен салт барбы? - дейт Лама Цу.
- Билбейм, ата.
-Сизге кайнатып беришчү беле чалканды?
-Жок.
-Анан кандайча сагындыңыз чалкан кайнатып ичкенди?
- Билбейм. Сагынганыман бир жолу жалбырагын чийки эле жеп көрдүм, даамы жок экен. А бирок, кайнатып ичкенде даамдуу экенин билем.
- Дагы бир суроом бар өзүңүзгө. Ошол чалканды кайнатып ичип жүргөн карапасын сындырып алганда сиздин мурдагы түгөйүңүз Миларепа эмне деп ырдады эле, эсиңиздеби?
Мани Ясо эстей албай кыйналып калды. Көпкө башын мыкчып отурду да мындай деди:
- Эки эле сабы эсиме келип, калганы келбей атат.
- Айтсаныз ошол эки сапты.
«Ал тургай ушул карапа,
Кечөө бар бүгүн жок болгон.
Эсиме салат дүйнөнүн,
Опосуз жалган экенин...»
- И баса, - деди Мани Ясо көздөрү жалжылдап, - дагы бир сабы эсиме келе калды:
«Өзгөчө салат эсиме, адамдын ачуу тагдырын...»
- Калганын эстей албадыңызбы? Демек, Далай-ламага бараар алдында бир жума сүкүткө отурбасаңыз болбойт.
Мани Ясо балким өзүнө ишенбес эле, бирок устатына бардык иштерде терең ишенчү. Ошон үчүн бир жума жылчыксыз караңгы бөлмөгө жатып «Өмүр айлампасында» Миларепанын жашап өткөн бардык өмүр баянын, бүткүл жан дүйнөсүн, көкүрөк казнасын бүгүнкү эстутумуна кайрадан жаңыртмай болду...