Казат Акматов: Архат

ЭКИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

ОКУРМАНЫМА!

Бул чыгармамдын биринчи китебин окуган айрым тилектештеримде мындай бир суроо туулганын байкадым да, саал чоочуй түштүм. «Автор Тибеттин турмушун жазган турбайбы. Демек тибеттиктердин образын, элинин, жеринин өзгөчөлүктөрүн, адат-салтын, динин таасын ачып, так бере алды бекен?» деген суроо. Ушуга байланышкан жагдайды ачык айтып-деп койбосом болбойт экен, кымбаттуу окурманым.

Рас, чыгармадагы окуялардын көбү Тибет жеринде өтүп жатканы анык. Бирок менин максатым тибеттиктердин образын, же болбосо динин, каада-салтын ачып берүүдө эмес. Мен тибет окуусундагы, өзгөчө лама дининдеги: реинкарнация (өлгөн адамдын кайрадан жаралышы), левитация (учуу өнөрү), кайып болуу, кубулуу, ошондой эле йог, ак жана кара сыйкыр сыяктуу элдик учкул кыял кереметинен жаралган мистикалык кубулуштарды чыгармадагы тибеттик эмес, кадимки эле «кыргыз» ойлорумду айтуу үчүн курал (инструмент) катары пайдаландым. Арийне, буга окшогон баа жеткис, сейрек аспап-куралдар дүйнө элдеринин рух казынасында биртоп эле бар го. Ошолорду ой айтууда толугураак өздөштүрө билсек, өзүбүз да байып, өзгөнүн да туюндура билүү мүмкүнчүлүгүн кеңитүүгө аздыр-көптүр өбөлгө кошпос белек.

Бир эле мисал. Биз, кыргыздар «киши» жана адам» деген түшүнүктөрдү анчейин айырмалай бербейбиз. Ал эми тибет-лама окуусунда болсо, тирүү жан адегенде жарык дүйнөгө киши гана болуп төрөлүп, бүт өмүр бою «адам» болууга умтулат. Анүчүн ал бүт өмүрүн рух багытында өркүндөтүүгө арнайт. Байлыкка, бийликке, утурумдук жыргалдарга тырышпастан, монастырларда, храмдарда окуйт, жашайт, өлөт. Ошол эле өлгөн «Киши» бир өмүрүндө да адам» атына жете албай, кийинки жашоолорунда гана, көп аракеттин, ыйман адептик чоң өсүштөрдүн натыйжасында жете алат. Андан ары да, ал «адам» атына жетип эле тим калбай, «архат», «будда» деген өтө бийик даражага умтулат.

Мына ушундай элдик, кеменгер санжапты курал кылып алып мен жазуучулук өнөрүм менен, элестүү окуялар, жандуу каармандар, тагыраак айтканда, Адилет аттуу табиятынан адамдан артык, ажайып касиет менен жаралган кыргыз уулунун татаал, бирок сыймыктуу тагдыры аркалуу көкүрөгүмдөгү көйгөйлөрүмдү сыртка чыгарып жатам го.

Албетте, «Архат» романындагы айтайын деген негизги оюм жалаң эле бул эмес, аны сезимтал окурмандарым өзүлөрү аңдап алаар дейм. Дегинкиси, көркөм чыгарма жаратууда кайсыл гана курал болбосун: мейли мистика, мейли фантастика, мейли аллегория, айтор бир дагы ашыкча аспап болбосун гана айткым келди.

Автор

 

 

 

БИРИНЧИ БӨЛҮМ

__________________________________________________________________

 

Сөздөн сөз чыкты! Ашканада отурушуп Барластын ашпозчу курбусу бир күнү мындай деп мактана кетти.

-Мен өлгүм келсе каалаган күнү өлүп алаберем. Бирок азыр өлгүм келбейт.

- Кантип?! – деди Барлас чочугандай жалгыз көзүн алайтып.

- Эмне кантип,

- Кантип өлө аласың каалаган күнү?

- Ээ, ал өзүнчө чоң өнөр.

- Кандай өнөр?!

- Чоң өнөр дебедимби. Мына, көрсөтөймбү? Демиңди толук чыгарып туруп, алдагы чоң челектеги сууну көтөрчү. Көтөрө албайсың ээ? А демиңди ичине тартып, абаны чыгарбай туруп көтөрчү. Бул эмес, мындай эки челекти көтөрөсүң. Туурабы? Же болбосо бир нерседен коркуп, же бир нерсеге ачууланганда жүрөгүн дүкүлдөп чыгабы? Ошондо терең дем тартып, абаны он секунд ичиңе кармап, анан дагы төрт жолу ошентсең жүрөгүң дароо тынчып калабы? Калат!

- Сен досум йогдон да кыйын окшойсуң?

- Йог болбосом да кээде шарап ичип мас болуп калсам үч басым дем алуу жолу менен беш мүнөттө таптаза болом да, ишке келе берем.

- Ой, анын мага кереги жок! Ичкилик ичпейм. Андан көрө кантип өлө коёсуң ошону айтчы. Айтсаң эми, кыйыктанбай.

- Эмне, өлгүң келип турабы?, – деди ашпозчу өтө эле теминип сураган Барласка таңкалып.

- Акыры өлмөй бар да. Билип алыш керек. Оңойбу ал өнөрүң?

- Оной болчу беле. Дем алып атып анан токтотосуң Акырындап.

- Эмнени токтотом?

- Жүрөгүңдүн сокконун.

- Токтото албайм да. Кантип токтотом?!

17.01.2026

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.