Казат Акматов: Архат

ЭКИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

«Жок арманы Барластын!!!»

Ачуусу, ызасы ичтейине толуп-ташып чыкканда, кепесинде жалгыз отурган Барлас кээде ушинтип кайгырып-кайгырып алчу да, узунунан солуп жатып калчу.

Ошентип жаткан боюнча сүкүт салып, медитацияга өтчү, демин токтотконго шашчу. Бирок, демди токтото коюш деген баланын ойуну эмес экенине анын көзү небак эле жеткен. Алиги ашпозчу досу, карандай калпты шыпырткан көрүнөт Ошентсе да, ага карабай аракет кыла бериш керек...

Баса, канча кылса да бир арманы жок эмес экен, Барластын. Эң акыркысы! Бирок ал дагы арылбай койгондон кийин Барлас ага да кайыл болгон. Кайыл деле болгон жок. Тимеле кол шилтешке мажбур. Андан башка эмне кылат эле? Колунан эмне келет эле?

Ушинтип бу түбүң түшкөн көр дүйнөдө, кымындай нерсе да кээде-кээде ишке ашпай, колдон келбей туруп алат эмеспи. Так ошонун өзү болду. Өткөн эле жумада. Барлас ушуердеги жападан жалгыз улутташы, кандашы Адилет менен жолугуп, колунан кармап, кучактап, ага билгизбей эле ичинен коштошуп коёюн деген болчу. Ошол тилеги менен, ал нечен алекет кылып издеди баланы. Бирок, чоң х амдын ичиндеги кыжы-кыймада таба ала турган эмес. Тимдентим эле алдынан чыга коё турган эмес Адилет. Ошон үчүн ал сууга киринип, сакал-мурутун алып, таза кийинип алып Адилетти атайын издеп чыккан.

Барлас иштеген ашкана жак «чарба тарап» деп, ал эми шелелер окуп жашаган жак «панчен» (ректор) тарап деп аталчу да, ал жакка чарба тараптагыларды киргизчү эмес. Ортодо ачык коридор бар, бирок эки полицай турчу ал посто. Ошолордун экөө тең Барласты таанычу. Атүгүл анын кикбоксинг боюнча Европанын, Борбор Азиянын чемпиону экенин да билишчү. Билмек тургай Храмдагы бүткүл полицай аттуулар, жаш жигиттер аңыз кылып сүйлөшүп, Барлас келатканда ордуларынан кандай тура калганын өзүлөрү билбей калчу. Бою эшиктен ашкан, бетинин баарын кандуу кармаштан тагы тырыйткан, өзү жалгыз көздүү шер сыяктуу жалтанбай баскан Барласты көрүшкөндө, көздөрү жайнап, сөз сүйлөй албай аптыгып калышаар эле.

Бу сапар да ошондой болду. «Панчен постко» дейре үч жерде турган полицайлар Барластын астын тоспостон, үндөбөстөн өткөрүп жиберишти. Атайын эле өткөрүп жиберишип, анан артынан суктанып карашкандай. Барлас болсо баарына тең жылмайып, баш ийкеп өтүп жатты. Бирок өзү билчү жылмайганынан көрө анын мостойгону жакшы эле. Анткени жылмайган сайын жалгыз көзү чанагына кирип, бырыктары бетинин отун көздөй тартылып, кандайдыр бир ырылдаган кабыланга окшоп, кишинин үрөйүн учура турган. Бирок айла жок, жылмайбаса да болбойт, анткени тыйуу салынган жакты көздөй келе жатат.

«Панчен постогу» полицайлар мындай болоорун эч күтпөсө керек, ары карап отурушкан экен карп-курп келе калган Барласты көрө сала эстери чыгып кетти. Алдын тосконго да чамалары келелбай далдырашат. Бирок Барлас өзү постон өтпөдү:

- Ом мани падме хум!, – деди ал орусча чест берген сыяктуу колун кулагына көтөрүп.

Ошондо гана эки полицай экөө тең эсине эми келгенсип тура калышты да Барластын астын торошту.

- Кирүүгө болбойт!, - деди бирөө өтө эле арсарсыган үн менен.

- Билем, – деди Барлас алдындагы белкырчоосунан келип турган полицайларга эңкейе сүйлөп. – Менин силерге өтүнүчүм бар. Кандай кылганда жердешиме жолуга алам. Ал ушул жерде окуйт.

- Кыргызбы?, – деди бир полицай. Кыязы бул жердегилер эки кыргыздын тең чоо жайын толук билишет көрүнөт.

- Ооба, Адилет. Ал менин иним да.

- А, Миларепабы, - деди экинчи полицай биринчисин карап.

- Ага кирүүгө болбойт, – деди биринчиси, Барласка эми араң биртике такаат кылгансып. – Анын аты азыр Миларепа. Лама Цунун бөлмөсүнөн да нарыда жашайт. Ал иниңизди атайын пост кайтарат. Жанында жансакчысы да бар.

- Ого, ошондой болуп кеттиби? - деди Барлас кубангандай таңыркап,

- Кандай кылсам кирем. Кеңеш бербейсиңерби.

- Лама Цу, же болбосо ректор өзү улуксат бериш керек. Бирок азыр сабак учуру. Экөө тең сизди кабыл албайт.

Барластын беттери тырыша түштү. Ушунча даярданып алып келсе, моминтип турганын кара! Анын өксүй түшкөнүн көргөн эки полицай чочуркап эки жакка четтей беришти. Кокус аттын туягындай зылыйган колдору менен серпип жибереби деген сыяктуу коркунуч.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.