Казат Акматов: Архат
ЭКИНЧИ КИТЕП
- Бул өтө жаман! Өтө коркунучтуу!
Лама Цу ордунан тура калчудай обдулуп кайра отурду. Аңгыча Мани Ясо кошумчалады:
- Мага жансакчы кылып полицай-монах Жосайды койбодунарбы? Ошонун мээри тез-тез өзгөрүп, кадим азыркы өткөн полицайдыкындай кочкул күрөң болуп ылдый ачылып турат.
- Чын элеби? I
Лама Цу бу сапар ордунан ыргып турду.
-Бүгүнчө сабакты бүтүрөлү, – деди ал шашылып.
Ошону менен Мани Ясо өз бөлмөсүнө кетип, анын жансакчысы полицай Жосай эшиктин сыртында турган. «Кереги жок» деп Мани Ясо жакшы эле каршы болду жансакчы дегенге. Анткени уялды. Басса-турса эле, бир чоң киши акыйып карап турса кыйын экен да балага. Адегенки күндөрү ал түгүл качып кетүүгө аракет кылды кароолчусунан. А бирок анте албайт экен. Бир храмдын ичинен кайда качып кутулмак эле. Ошентсе да эки ирет көптүн ичине кирип кетип таптырбай убара кылды эле Жосай ал жөнүндө Лама Цуга айтып даттаныптыр.
- Уулум, - деди Лама Цу баланы чакырып алып, – бул өзү айла жоктун иши.
Мен деле жактырбай турам сиздин жаныңызда бир полицайдын такай жүрүшүн. Бирок Далай-Ламанын буйругу бул. Аткарбаска акыбыз жок. Биз билбейбиз, а Далай-Лама мамлекеттик жашырын иштерди билет да. Кыязы сизди уурдап кетчүлөр бар го.
- Кантип эле уурдасын, - деди бала чын дилинен жылмайып.
- Сиз аны кийинчерээк түшүнөсүз, мен сизге дайыма айтып жүрөм, уулум. Өтө сак болуңуз деп.
Ошону менен Мани Ясого «дөөлөрдүн мекени» деп аталган Тибеттин Кам өрөөнүнөн чыккан мыкты полицай Жосай илээшти да калды. Нечен ирет күч сынашкан күрөштөрдө алдына киши чыгарбай байге менен атак алып жүргөн Жосай бармактай бир балага жансакчы болуп калганына ыза. Адегенде ал кетмек болуп да жүрдү. Эңгезердей чоң кишиге бул кызмат деле эмес экен. Керээли кечке баланын эшигин кайтарат. Ал болсо дайыма эле сабакта. Класстан-класска өткөндө, же ашканага баратканда-келатканда эле аркасынан ээрчип калбаса, негизинен эле Мани Ясо отурган бөлмөлөрдүн жабык эшигин аңдып отурат. Бир жолу ал Панчен-ламага атайын кирип, бала сабакта отурган сааттарда башка жумуштарымды бүтүрө берсем болобу деп улуксат сураган. «Жок!» деген кесе жооп алды. «Баланы кай убакта болбосун капыстан бир жакка чакырышыбыз мүмкүн».
Ошонун эртеси эле Жосай бул иште иштебейм деп кескин баш тартты. Панчен-лама аны эптеп ордуна киши тандагыча чыдай тур деп көндүргөн. Бирок, бир жума айланбай ал кайра иштейм деп калыптыр. Ошого сүйүнгөн панчен. Анткени Жосайдай тың-тарс полицай таба коюш оңой иш эмес.
Дал ошол, Мани Ясого өз ыктыяры менен жансакчы болгондон жарым жыл өтпөй полицай Жосай колуна кишен салынып Тибеттин коргонуу кызматы тарабынан кармалып отурбайбы. Болгондо да жалгыз эмес, өзүнө окшогон дагы бир жолдошу менен. Көрсө, ал экөө Тибетти көзкаранды кылып басып турган Аскер күчтөрү менен тымызын байланыш түзүшкөн экен. Ири суммадагы акча алышыптыр. Алар өздөрүнүн мекенин Тибетке каршы аткара турган чыккынчылык иштердин санында Мани Ясону уурдап кетүү милдети да бар болуп чыкты. Ал эки чыккынчыны камоонун себеби Лама Цунун төмөндөгү билдирүүсү эле: «Миларепанын реинкорнациясы болуп эсептелген Мани Ясонун көргөнүнө караганда ага жансакчы болуп коюлган монах-полицай Жосайдын жана ага келип жолугуп, жүргөн Сикким храмынын полицайы Чампал экөөнүн тең аурасы ичи бузуктукту, өтө бир коркунучтуу ишке бел байлагандыктарын көрсөттү. Тезинен текшерүүгө алышыңыздар керек. Кеч болуп калбасын. Лама Цу».
Мына ушундай атайын билдирүү Далай Ламанын колуна тийээр менен, ансыз да шектүү болуп калган эки полицай дароо камакка алынат. Ошол эле саатта Жохан храмынын панченине Мани Ясону бышыктап кайтаруу жана баланын өзүнүн жеке тандоосу менен жансакчы коюу жөнүндө көрсөтмө берилет.
- Уулум Мани Ясо, - дейт ошондо Лама Цу баланы өзүнө чакырып алып, - сиздин мурдагы түгөйүңүз Миларепа жашаган доор башкача эле. Анда адамдар Миларепанын сыйкырдуу кудуретинен коркуп ага кол сала алышчу эмес. Азыр болсо заман башка. Адамдан адам коркпойт, сыйлабайт. Тескерисинче касиеттүү адамга көз арткандар, көрөалбай ичи тарлык кылгандар, ага жамандык издегендер арбып кетти. Мына ошол себептен сиздин жансакчыңыз полицай Жосай, анын шериги Чампал экөө чыккынчылык ишке барып душманга сатылган. Ошол себептен экөө тең камакка алынды. Азыр эми сиз кайтаруусуз калдыңыз. Тезинен тандашыбыз керек. Көсем Далай-ламанын буйругу боюнча жансакчыны биринчи кезекте өзүңүз тандайсыз. Калганыбыз, мына мен баш болуп адамдардын мээрин, ички дүйнөсүн көрө албайбыз. Сыртынан карасаң полицайдын баары эле жыпылдап сонун, а ичинде эмне бузугу бар экени бизге белгисиз. Ал иш сиздин гана колдон келет.