Казат Акматов: Архат

ЭКИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

Ушуну Мани Ясо өкүмдарынын көздөрүн бир эле сапар түзмө-түз карап алса таап коймок. Бирок Далай-лама жигитке андай мүмкүнчүлүк бере турган эмес. Өтө чебер, өтө кыйды, таптакыр Мани Ясодон жүзүн ала качууну унутпайт.

- Мынакей, - деди бир күнү ал кайрадан эки алаканын эки жакка жайып күлмүндөп.

- Поталанын Иш Башкаруучусу, менин оң колум болуп эсептелген Лама Дондуп өзүнөн-өзү эле акылдан адаша баштады. Иш боюча келген кызматкерлерди таптакыр кабыл албай атыптыр. Канчалык шашылыш болсо да. Атүгүл менин буйругум менен жиберилген бийик даражалуу ламаларды кабыл албайт экен. Муну эмне дешке болот? Мамлекеттик иштерди үзгүлтүккө учуратып атпайбы!

- Эмне себеп менен кабыл албайт экен, улуу таксыр?

- Себебин билгим да, уккум да келбейт. Далай-Ламанын буйругун аткарбай атса, анан мен анын себебин сурап отурушум керекпи?

- Ал шордуу менин төртүнчү курмандыгым, улуу таксыр.

- Ха-ха! Мен канча жолу айтам. Сиз мындайды өзүңүзгө албаңыз деп?!

- Антиш мүмкүн эмес, улуу таксыр! Мен өз колум менен жасаган иштен кантип баш тартам? Сиз өзүңүздүн баркыңызды өтө эле бийик көтөрүп атасыз, Ясо. Чынын айтсам зыянга учурагандардын бирине да сиз кара сыйкыр бере алган эмессиз. Мен баардыгын тыкыр иликтеп карап турам го!

- Түшүнбөдүм, улуу таксыр! Мен кандайча баркымды көтөрүп атам? Кара сыйкыр берүүнү мен эч качан барк деп эсептебейм. Ал барк эмне кылымыш! Эгер сиз айткан жети адамдын бирине да кара сыйкыр бербеген болсом анда мен кубанам!

Далай-лама мындай кескин сөздөрдү биринчи жолу угуп нес боло түштү: «Бу кандайча? Эч нерсени көрө элек, биле элек жапжаш неме Далай-ламага моминтип турат?! Же бул жигит «Ыйык Миларепа» дегенге дөгүрсүй түштүбү? Же болбосо буга сырттан бирөө акыл үйрөтүп атабы? «Кылмыш» деген сөздү буга ким айтты экен? Акырын чегип сурап көрсөмбү?»

- Ордосарайда ким менен кеңешип-таңашып жүрөсүз, ыйык Миларепа?

- Мени менен эчким сүйлөшпөйт. Ал түгүл бир да киши сураган суроомо жооп бербейт, таксыр.

- Чын элеби? Жинди болушкан го?! Эмне үчүн андай?

 - Билбейм, таксыр.

- Болуптур, мен муну текшерем, чара көрөм. Сиздин кара сыйкырга өткөнүңүздү айтып балким Лама Бусмен элди коркутуп койгондур?

- Мен аны билбейт экем, таксыр.

- Анда беймарал эсала бериңиз. Мен өзүм териштирем. Мани Ясо кетүүгө кам урду эле Далай-Лама артынан үн салды.

- Касиеттүү Миларепа, эртең дагы бир нече кызматкерлерди текшеребиз. Жакшы уктаңыз! Мани Ясо артына бурулган жок.

 

***

 

 Потала ордосарайынын Иш башкаруучусу Лама Дондуп бир кезде Жохан хра Мында Мани Ясого сабак берген. Көөдөнүндөгү эгосу кемден-кем, унчукпаган коймаарек мүнөзү бар адам эле. Лама Цунун бир чети шакирти, бир чети кыйышпас досу болчу. Боюн дайыма таза кармаган, ишке өтө тыкандыгы менен Лхасага аты чыккан бул билимдүү кызматкерди кийин ушул Ордосарайга Далай-лама өзү иш башкаруучу кылып дайындаган. Дайындаардан мурда Дондуп жөнүндө эң биринчи кезекте пикирди Лама Цудан, андан кийин Жохан храмынын ректору Панчен Делиден сураган болчу. Экөө тең Лама Дондуптун ишмердигине, өзгөчө кагаз жумуштарга кудум чычкан аңдыган мышыктай өтө тыкыр экенин айтышкан. Ошол акыры чын чыкты. Лама Дондуп бүткүл Тибеттин; диндин дагы, өкмөттүн дагы иштерине тиешелүү, мурдараак чаржайыт болуп, ирээтинен кетип калган иш кагаздарын тез арада тартипке салып, ордосарайдын чарба иштерин илберинки колго алган. Ошонусу менен ал Далай-ламанын купулуна толуп, жакшы атка конгон. Эгерде досу Лама Цунун капилеттен сынган тагдыры болбогондо Далай-ламанын актыгына шек кылбастан Дондуп кадимкисиндей иштей бермек. Баарысы тең ошол саат баскан буйруктан башталды. «Лама Цунун сөөгүн көрүнөн казып алып өрттөп ийгиле» деген өзүнүн буйругун Далай-лама адегенде дал ушул Иш башкаруучусу Дондуп аркалуу Жохан храмынын ректоруна айттырган. Дондуп албетте ал буйрукту тиешелүү кишиге жеткирди, бирок өз атынан: «мен мындай буйрукту аткарбас элем» деп сөз кошуп коёт. Мунун ошол пикири менен ректордун ою экөө дал келген соң анан Панчен Дели дайынсыз качып кетип атпайбы.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.