Казат Акматов: Архат

ЭКИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

Ушул тушта Мани Ясонун эшиги астейдил тыкылдады. Жигитти жагымсыз сезимдин илеби уруп өттү да «кириңиз» деген ишарат берди ал. Антпеске болбойт эле. Анткени тыкылдаткан Далай-ламанын улуу кызы Селенг болчу. Он бешке караган Селенг Мани Ясо үчүн өзүнчө эле бир табышмак. Келет да жигитти жалдырап тиктейт да турат. Же оозунда лам деген сөзү жок. Же кетпейт. Же жакындабайт. Ирегеден бир кадам бери кирет да турат.

Тибеттин кыздары өтө эле эркин болушат. Мындай эркиндикти өздөрүн ашкере мактаган Европалыктар да түшүнбөс эле. Кыз белги менен быякта эч кимдин жумушу жок. Жигит-кыз үйлөнбөй туруп балалуу болуп калса эки тараптын каалаганы баланы багып ала берет. Боюнан алдыруу деген жок. Төрөлгөн бала эч качан жерде калбайт. Бирок, ошондой талаа эркиндигинин өзү тартипти, сактыкты, тазалыкты жараткан. Кыз дагы, жигит дагы күнүмдүк эркин жыныс жашоодо туш боло турган баардык балээден өздөрүн-өздөрү гана сактайт. Башка эчким сактабайт. Ошондуктан аларда «өзүн сактоо инстинкти» деген сезим эзелтен өнүккөн.

Мына бүгүн да Селенг эшиктен дабышсыз кирип, демейде туруп жүргөн ордуна турду. Адегенде апасы менен кошо келчу. Мани Ясо сабак окуп жалгыз отурганда апасы карп-курп кирип келип, тамагын берген болуп, жигиттин кийим-кече син тескеп, үстү-башын оңдоп-дегиче болбой артынан кызы кирип келет.

- Үйгө бар, сабагыңды оку! -деп апасы нечен ирет кызын кетирүүгө аракет кылды эле майнап чыкпады. Кызы дүлөй болуп калгансып апасын укпайт. Ошентип жүрүп акыры апасы артка чегинүүгө аргасыз болду окшойт. Кызы менен кошо жарышып бул жакка келе бергенден уялдыбы, айтор изи сууду.

Азыр эми Селенг өзү жалгыз келет. Мани Ясо бөлмөсүндө ээн калган учур көп деле эмес, анткени ал «ишке» Далай-лама менен кошо чыгат, кечкисин аны менен кошо бүтөт. Өкүмдарынын көлөкөсү сымал ар дайым жанында. Жанында болбосо арка жагында, көшөгөнүн артында. Далай-ламанын суроосу менен кабыл алууга келген адамдардын мээрин карап, жазып отурат да, керек болгондо чечмелеп берет.

Селенг мунун баардыгын эсептей билген кыз. Ошон үчүн ал Мани Ясо ишине шаша баштаганда саал эңкейип, ишарат кылат да чыгып кетет. Мындай авалда өзүн олдоксон сезген жигит бир нече жолу аны менен сөз сүйлөшүүгө аракет кылды.

- Келиңиз, отуруңуз, – деди бир жолу кызга орундук көрсөтүп. Селенг отурган жок. Болгону, анын терең чөккөн кой көздөрү билинээр-билинбес күлмүндөп койду. Бул көздөр жигитке көп нерсени айтып тургандай: «Сиз эмне үчүн кечилдиктин жолуна түшүп алдыңыз экен? Өзүңүздү аябайсызбы. Мен сизди сүйгүм келет. Колуңуздан кармагым келет. Сүрөткө да эч убакта түшпөйсүз. Эгер түшсөңүз сүрөтүңүздү мен өзүмдүн алтын кутучама катып алат элем. Синдиме да көрсөтмөк эмесмин. Ал түгүл уктаганда боорума басып жатмакмын. Балким эң жакын дос кызыма көрсөтсөм болот эле. Ал дагы сизди дароо сүйүп калмак. Ошон үчүн ага көрсөтөөрүм күмөн. Колумда сүрөтүңүз жок үчүн ар качан жаныңызга келүүгө мажбурмун. Мунум үчүн апамдан дайыма тил угам. «Сенин башың тегеренип калган. Окууңду окубайсың Жигит сүйүүгө али эрте. Эгер минтип жалдырай берсең Пекиндеги кыздар лицейине жиберип коём» деп апам мени коркутуп атат. А мен сизден эч качан ажырагым келбейт, Мани Ясо. Сүйгөнүм!..

Кыз бала өзүнүн астейдил, ички жан дүйнөсү менен жашаган жан болот. Эгер үчүнчү көзүн ачып караса Мани Ясо Селенгдин ошол жан сырын бүтүндөй аңтарып көрмек. Бирок жигит антүүгө даабайт. Анткени билет бул азгырыкка, бул ургаачы дүйнөсүнүн сазына бир сорулсаң эч качан кайра чыкпасын. Лама Цу бул жөнүндө тээ, Адилет жаңы келген балакай кезинде көп айтып түшүндүргөн. Ошол жылдары, ал өзүн али Мани Ясо эмес, Адилет катары сезген жаш чырпык кезинде Шоола деген дүйнөдөгү эң кымбат кызын унутууга бел байлаган. Унуткан. Атүгүл сүкүт салып отуруп эстуту мундагы үйүлүп-жыйылган керексиз көп нерселер менен кошо Шооланын да элесин жок кылууга жетишкен.

Ошол эле учурда Адилеттин кан-жанынан чыкпаган көп нерселер анын өзүнөн да, көп убакта түшүнөн да кетчү эмес. Алдаркөсө жөнүндө жомокторду кызыгып окуп жүргөн бала кезиндеги элестер, ошол куркуйган узун бойлуу, эчки сакалы бар кара-тору кишинин айткан кептери, кылган иштери эсинен кетпейт. Эң эле шумдуктуудай сөздөрдү айткан, куудул киши кантип адилетсиз байларды жазалаганы балага өзгөчө жакчу.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.