Казат Акматов: Архат
ЭКИНЧИ КИТЕП
- Мынакей биздин издегенибиз, – деди ал Мани Ясого.
- Бул деген кара сыйкырдын нускамасынын тексти. Кайнатам муну небак өрттөп салдыбы деп корктум эле. Өмүрүндө эчкимге берип көргөн эмес. Акыры биздин колго тийди. Эми улуу даражалуу Далай-Ламанын тапшырмасын сиз экөөбүз аткарабыз, урматтуу Мани Ясо!
- Миларепа же болбосо анын түгөйү Мани Ясо эч убакта менин пирим болгон эмес!, – деген ичкериден монах Додайдын кирилдеген ачуу үнү чыкты аңгычакты.
- Ошон үчүн ал кара сыйкырдын нускамасын менден тартып алды. Мен берген жокмун, Мани Ясо өзү тартып алды! Эми көрүп ала бергиле, канчалаган адамдардын баш сөөктөрү анын баскан жолунда томолонуп жатаарын! Көрүп ала бергиле, кан жуткурлар!
Лама Бусмен бул каргашалуу сөздөрдөн Мани Ясону тез алып качам деп шашкандыктан кайнатасына рахматын да айтпай, коштошпой дагы, Джипти көздөй энтеледи.
- Ызасына чыдабай, эмне айтканын билбей атат алжыган чал, - деди анан машинага отуруп жатып ал. Ошо кезде Мани Ясо анын жүзүн капыстан даана көрүп калды да таңыркады.
Нускама колуна тийгенине сүйүнүп аткансыган Лама Бусмендин ичи толо нааразылык менен кайгы эле....
***
Мани Ясо миң салаа болгон Баян-Хара-Ула тоолорунун тереңиндеги, дропалардан алыс, кук эткен кузгундун үнү угулбаган бир кызыл чаптын үңкүрүндө жалгыздыкка камалган. Үңкүрдүн оозу бек, ылдый жагында гана аба кире турган бир, үстүндө аба чыга турган бир тешик бар. Ичинде болсо мисте майга куурулган эки пакет арпа бадырак, анан атайын жасалган челекте эскирбей турган суу.
Үңкүрдүн ичин жарык кылган -жанар таш, адамдын кир-когу чыга турган атайын жең Бул «кара» сүкүттө Мани Ясо туура үч ай үч күн отурушу милдет. Сүкүт бузулбас үчүн Лама Бусмен жансакчылар менен машинанын үнү угулгус алыста, кырдын ары жагында жайгашкан. Үңкүр жакты алыстан турнабай менен кароого да болбойт. Алардын милдети - Мани Ясо отурган капчыгай тараптагы кулак-мурдун кескен табигый тынчтыкты бекем сактоо, ал жакка кыбыр жан өткөрбөй кайтаруу!..
БЕШИНЧИ БӨЛҮМ
Монах Дей капыстан чочуп ойгонду. Кулагына бирөө бирдеме деп кыйкырып ийгендей. Ушул үч жарым миң адам кумурскадай жыбырап иштеп-жашаган Жохан храмынын ичинде бир айдан бери ал ээн талаада жападан жалгыз калгандай эле. Эч кимдин Дей менен иши жок, мындай алып көрсө Дейден да эч ким менен иши жоктой. Көрсө, бул жалганда ал жалгыз гана Лама Цуга керек болгон турбайбы. Лама Цу атасы да, энеси да, жетекчиси да, үйбүлөсү да болгон экен көрсө. Башка эчкимиси, а түгүл эч нерсеси жок турбайбы Дейдин бу жарыкта. Ушуну өзү түк бир ойлоп койбогонуна өзү таң Көрсө бир эле киши о дүйнө жүрүп берсе тирүү калган башканын асманы жерге түшүп, тулгасы томолонуп калат турбайбы. О шумдук!...
Мына эми, ээн бөлмөсүндө жалгыз уктап жатса кулагына кимдер бирөө чаңырат. Кадимкидей, катуу чаңырды. Бирок, ойгонуп кетсе эчким жок. Үн да жок, дабыш да жок.
Дей биртопко ойлонуп жатты. Чаңырган үндү кайра-кайра эстеп көрсө, чын эле бирөө чаңырган окшойт. Бирок сөзү эсинде жок. Ошол чаңырган бирөөнүн сөзү эсинде жок. Аңгыча Дейдин оюна бүгүнкү боло турган эң маанилүү окуя түшө калбаспы. Ооба, ал бүгүн храмдын ректору Панчен-ламага бармак. Чакырткан экен. Кечээ ректордун жардамчысы келип кабарлаганда Дейдин оозунан келмеси түшүп, уккан кулагына ишенбей кеткен. Храмдагы Дей сыяктуу майда кызматкерди ректор өзүнө атайылап чакырбай калсын. Ар кимдин өз кардары дегендей, Дейди чакыра турган бир эле Лама Цу болгон.
Дей төшөгүнөн ыргып турду да, шашылыш кийине баштады. Сары монах чапанын, топусун, бутуна топоздун шили терисинен жасалган маасысын кийип күзгүгө каранды. «Буюрса кызмат берет ко» деген ой кечээтен бери көкүрөгүнө миң келип, миң кетти, бирок Дей дагы эле ал ойдон тажабай баратты.
Панчен-лама өзү абдан эле дурус адам болчу. Кичи пейил, боорукер, храмдын ичинде жүргөндө тааныса да тааныбаса да элдин баары менен учурашчу. А Лама Цуга канча жолу айттырбай эле өзү кирип келчү. Канча жолу Дей менен жылуу баш ийкешти, бирок ошентсе да, кичинекей кызматкер эмеспи, ректор аны анчейин таңазарына алчу эмес. «Мейли да, мендейлердин ар бирине токтолуп отурса ректордун чактысы калабы?» Кабылдамада үч-төрт киши бар экен. Акыры монах Дейге да кезек жетти.