Казат Акматов: Архат
ЭКИНЧИ КИТЕП
- Ом мани падме хум! - деди Дей эшиктен денеси толук кире электе эле. Өтө шашып калды окшойт.
Ошону байкай койгон Панчен-лама күлөбагып, Дейге утурлай чыкты.
- Баарыбыз урматтаган Лама Цунун элеси ардайым көз алдымда турат, -деди ректор Дейдин сунган колун кармаганда.
-Менин даанышман жетекчим Лама Цу сизди өзгөчө кадырлачу эле. Келгин, мындай отургун. Менин бир гана суроом бар, урматтуу монах Дей.
Лама Цу о дүйнөгө кетип атканда ыйык Мани Ясого арнап кат жазган экен. Ошол катты сага таштаган имиш, ээсине берип кой деп. Эмне үчүн эмдигиче бербей жүрөсүң Жооп берчи? Панчен-ламанын үнү доомат сыяктуу чыккандыктан Дей коркуп кетти.
-Мен ал каттарды Мани Ясого бере албай жүрөм, деди ал дароо актана кетип.
- Эмне үчүн?
- Поталага кире албадым. Киргизбейт. Анан бир тааныш полицайга берсем, ал Лама Ясо ордосарайда жок экен деди. Кайда экени белгисиз деди.
-Белгисиз?
- Ооба, ошентти. Белгисиз дейт.
-Белгисиз да болчу беле. Анда азыр мага апкелип бер ал катты. Мен берип коёюн, ыйык Мани Ясого. Окуган жок белең?
- Эмнени, каттыбы?
- Ии.
- Окуган эмесмин. Чапталуу да.
-Анда улуу даражалуу Далай-ламага жакпаган сөздөр жок беле, билбейсиңби сен?
-Далай-ламагабы? Билбейт экем.
-Анда апкелип бере сал. Тез.
- Урматтуу Панчен-лама мен эки айдан бери ишсиз отурам. Бекерчилик деген эң жаман нерсе экен...
- Адегенде катты апкел, анан сүйлөшөбүз! Дей ректордун бөлмөсүнөн тез эле сыртка чыга түштү. Аны чакыраарын чакырыптыр, бирок ректордо Дейдин өзү жөнүндө сөз айтайын деген бир ооз ой да жок экен. Ошого ичи күйдү, бөлмөсүн көздөй кетип баратып астейдил ызаланды. Анан, бир маалда анын кадамы ылдамдай, шашып жөнөдү. Апыл-тапыл үйүнө кирди да жаздыгынын астындагы үч конвертти ич көйнөгүнө орой салып храмдын караңгы подвалына жүгүрүп түштү. Подвалдын бул көзгө сайса көрүнгүс булуңбуйткаларында Дейге окшоп дегеле бир жан жүрө алчу эмес. Лама Цуга ишке орношкондон бери айтор канча жыл өттү? Ошончо жылдан бери Дей арткан-үрткөн акча-тыйынын подвалдын түпкүрүндөгү бир көз көргүс, кулак уккус кычыкка катат. Баардык жагынан алганда кычык эң сонун жай. Жалгыз гана айыбы - көпкө жатып калганда кагаз акчалары көгөрүп, ным жыттанып кетчү.
Ошол кычыкка алпарып Дей Мани Ясого деген Лама Цунун үч катын кошо катты. Бул ишти ал көкүрөгүндө пайда болгон, бирок өзүнө да белгисиз бир шекшинген, же болбосо жоопкерчилик сезимдин күчү менен жасап салды да эшикке чыкканда: «Эмне болсоң ошо бол» деп өзүн сооротконсуду.
Бирок таңаткыча уктай алган жок. Панчен-лама дагы түнү бою жалаң ошол каттарды эле эстеп жаткансып эртеси Дейди дал таңкы табынуунун маалында чакыртып ийиптир.
- Канакей каттар? - деди ал Дей киргенде саламын албай туруп эле. Түрүнө караганда ачуусу келип калгандай.
- Урматтуу Панчен-лама, каттар Лама Ясодон башка бир дагы адамдын колуна тийбесин деген эле.
- Ким?
- Лама Цу. Менин ардактуу жетекчим.
- Демек, сенин ардактуу жетекчин башка кишилерден жашыра турган сөз жазса керек Мани Ясого. Көрөгөч Далай-лама бекеринен издетип аткан жок ал каттарды. А сен, кембагал Дей, ардактуу жетекчиндин артынан кеткиң барбы, же болбосо дагы жашайсынбы?!
- Жашагым бар, урматтуу таксыр.
-Апкел андай болсо катты. Табынуу бүткүчө апкеле кал. Кечиксең таарынба Ансыз да улуу көсөмдү кечээтен бери күттүрдүн! «Улуу көсөмдү күттүрдүң!» деген сөзду ректор монах Дейди калтек менен башка чапкандай доош менен айткандыктан, ал бөлмөдөн чыгып баратып теңселе түшкөндөй болду. «Далай-ламаны күттүрүп койдумбу?» деди андан ары бара түшкөндө жүрөгү оозуна тыгылып. Көрсө ыйык Далай-лама өзү суратып аткан турбайбы!» «Далай-лама!»
Дей куру кыялында нечен-нечен көкөлөп, далай жакшы, бийик зоболого жетип кайра түшүп жүрчү, бирок моминтип реалдуу турмушта Далай-Ламанын дал өзү менен кандайдыр бир жагдайда байланышып, болгондо да аны зарыктырып күттүрүп коём деп үч уктаса түшүнө кирген эмес. Кирмек да эмес. Бирок турмуш дегениң кээде кадим эле жомок сындуу боло берет турбайбы.