Казат Акматов: Архат
ЭКИНЧИ КИТЕП
Монах Додай өтө эле алсыз чаңкылдады, бирок ошондо да үнкүрүнүн ичи оңой жаңырган жок. Андан кийин сүкүтү бузулган монах чарчады окшойт, таптакыр унчукпай калды. Кыска күн тоо артына батын кетти.
***
Ошол эле Джип турган жерде түнөмөк болушту. Лама Бусмен ылдый түшүп, дропа «туугандарына» кетип калууга ниет кылды эле дароо кайта айныды. Мани Ясону эки жансакчыга ишенип таштап кетүүгө болбойт эле. Канча кылса да өз көзгө жетеби. Күндүн илеби кетээр менен дароо суук кычырайт.
- Болгон-бүткөндүн баарын үстүңөргө жамынгыла, – деди Лама Бусмен өзү да уктоочу мүшөгүнө кирип жатып. Алар жаңы эле уйкуга кетели деп тынчып калган кезде бирөөлөрдүн басып келген дабышы угулду.
- Таксыр Бусмен. Силерди биздин жол башчыбыз сүйлөшүүгө чакырып атат! - деди келген үн.
-Эмне дейсиң? Сен ким?
- Силерди кубанычтуу сүйлөшүүгө чакырып атат.
- Ким?
- Биздин жолбашчыбыз. Лурган экинчи.
- Баарыбыздыбы?
- Баарыңарды.
- Же мени элеби?
-Жок, баарыңарды. «Каап» деди Лама Бусмен ичинен өкүнүп. Ойдо жок нерсенин чыга калганын кара. Барбай коюшка болбойт эле. «Же мен өзүм жалгыз эле бара берсемби» деген да ой кылт этти. Бирок ал дагы опурталдуу.
Мани Ясону Тибеттин жетекчиси жалгыз гана Бусменге тапшырган. Жансакчыларга көп жылдан бери ишенич жок. Четинен сатылып кете беришет. Акча деген азезил эмнени гана кылбайт.
- Барабызбы же жокпу, таксыр Бусмен, деди багажникте жаткан полицай Чоро кийме төшөгүнөн башын чыгарып.
- Ойлонуп атам.
-Батыраак ойлонсоңуз экен.
- Барууга туура келет, - деди Бусмен акыры.
Анткени дал өзүнүн дропаларга нечен жолу иши түшмек. Джиптин фараларынын жарыгы көзгө сайса көрүнгүс караңгыда жаткан дропалардын топурак үйлөрүн бир ажайып жалпылдатып, иттерин болсо ийиндерине кире кире качырды. Сыртынан караңгы көрүнгөн үйдүн ичи бирок кыйла эле жарык экен. «Жанар таштар күйүп турат үйлөрүндө,» деп Лама Бусмен артында келаткан Мани Ясого шыбырап койду.
Лурган Экинчи деген такыр эле салмагы жок сыяктанган бирок негедир узун бойлуу арык киши экен. Бардыгы тең Бусменди туурап Лурган Экинчи менен чыканактарын тийгизип учурашышты да үйдүн төрүндөгү секичеге кыркалекей отурушту.
Кызык жери үй ичиндеги кыбыраган бардык жумушту жолбашчы деген Лурган Экинчи жалгыз өзү жасап жүрдү. Аялы, бала-чакасы көрүнбөйт. Жолбашчы бир тутам жыттуу чөптү кытай «зажигалкасы» менен күйгүздү да, жайпак табака салып туруп ортого коюп койду. Чөптүн жыты бир ажайып буркурайт. Андан соң жолбашчы нарыдан алып чыгып ар бир кишиге бирден тал башка бир чөптөн карматты да, ошону тигил отко күйгүзүп алгыла деп ишарат кылды. Лама Бусмен башта жасап жүргөндүк кылып дароо ордунан туруп барып күйгөн чөбүн жыттаган бойдон кайра ордуна келди.
- Улуу урматтуу жолбашчы Лурган Экинчи бизди урматтап, сый көрсөтүп аткандыгы үчүн өтө ыраазыбыз, – деди анан ал ордуна отурбай, тикелеген тейде.
Аңгычакты меймандардын бардыгы жашыл жалын чыгарып күйгөн жыттуу чөптү бирден-бирден кармап отуруп калышты.
-Жыттагыла. Кайгы-кападан, сар-санаадан көңүлүңөр арылып, дилинер тазарат. Бул чөп көңүлдүн дарысы.
- Бул чөптү эмне деп атайсыңар? - деди Мани Ясо сөзгө аралашып.
- «Менеп» деген чөп. Силердин планетада жок. Уругун Сириустан ала келгенбиз. Африкадагы догон туугандарыбыз өстүрө албай койду. Ысык жерде өспөйт экен.
- Сириуста аба ырайы кандай? - деп сурады Мани Ясо.
- Ата-бабаларыбыз айтат мелүүн деп. Жай, кыш деген болбойт. Ар дайым бир калыпта.
- Быякта эмне тамак жейсиздер?, - деп жансакчы Чоро суроо таштап калды. Ошентсе жолбашчы шашылыш ордунан тура калды:
- Сиз тамак жейсизби? Апкелип береймби?
-Жо-жок, рахмат. Биз азыр эле кечки тамагыбызды ичтик. Мен тимеле кызыгып сурап атам.
- Биз тамагыбызды да Мекенибизден ала келгенбиз. Мынакей көрөсүздөрбү? Лурган жолбашчы туурадагы каалганы ачып, меймандарына бир бөлмөдө шагы ийилип өсүп турган төө буурчак сыяктуу өсүмдүктү көрсөттү.
- Мына ушунун жемиши биздин тамагыбыз. Силерче айтканда жайдыр-кыштыр тынымсыз түшүм берип турат. Бизге башка эч нерсенин кереги жок.