Казат Акматов: Архат
ЭКИНЧИ КИТЕП
- Окуган жокмун.
- Окунуз! Аягына дейре окунуз! Додай кайрадан унчукпай калды эле Бусмен демин ичине алып чыдамсыз күтүп турду.
- Окуган жокмун, – деди Додай кайрадан.
-Жаш бала болбонузчу, ата! Окуп чыгыңыз шашпай. Мен күтүп турам.
- Күтпөсөң кете бер! - деди Додай капыстан оройлонуп. Эмне менин сүкүтүмдү бузасың?!
- Далай-лама жиберди, ата. Бир жолу угуп коюңуз анын сөзүн. Ал сизге жөнөкөй адамды жиберген жок. Касиеттүү Миларепаны жиберип отурат. Миларепаны!
Бусмен жооп угайын деп кулагын тешикке тосту эле аңгыча артына бирөө келип туруп калганын сезди. Карай салса бир өспүрүм бала турат. Дропа экен - колунда бир түйүнчөк анан бир бөтөлкө суу.
- Эмне, быякка бересиңби? - деди Бусмен тешикти көрсөтүп. Бала башын ийкеди да, апкелгендерин тешикке суна салып дароо кайра жөнөп кетти.
- Мен сизге Миларепанын кайра жаралган түгөйүн апкелдим. Сүйлөшөсүзбү?
- Мила-Дорже-Гялцен деп жазыш керек болчу. Ал дагы жаш кезинде кара сыйкырдын тузагына түшкөн. Отуз беш адамдын канына забын болгон, билип койгула. Мила-Дорже-Гялцен да аппак периште эмес!
- Билебиз ата. Ал сиздин алдыңызга келди, сүйлөшөсүзбү?
- Ал дагы, мен дагы Юнтон Тогялдын кара сыйкыр мектебин бүткөнбүз, билесиңби?
- Мына эми ошол мектептешиңиз алдыңызга келип отурбайбы. Сүйлөшүңүз!
Бусмен кайнатасынын жообун күтпөй эле Мани Ясого кол шилтеп шашылыш чакырды.
-Мына, келди Мила-Дорже-Гялцен алдыңызга!
Мани Ясо Бусмендин жанына келип жүйүртө басып отурду.
- Мила-Дорже-Гялцен кийин Улуу котормочу Марпанын ак сыйкыр мектебине өтүп кетти. Ыйык болуп алды. Анан кантип азыр кайрадан менин кара сыйкыр мектебиме кирем дейт?!
- Ом мани падме хум! Сизге эң оболу улуу даражалуу Далай- ламадан дубай салам айтам, - деди Мани Ясо тешикке эңкейип.
- Сиз Мила-Дорже-Гялцендин 100 миң ырын бүт билесизби? - деди ичкериден кекеткен сыяктуу үн.
- Кечиресиз, урматтуу Додай. Мен өткөн өмүрүмдө деле ырдаган гимндеримдин бардыгын эсиме тутуп жүрчү эмесмин. Азыр да ар учурга карата ырдаган ырларымдын бардыгын эле эстеп жүрө албайм. Балким бул менин кемчилигим болуш керек.
- Анда эмесе кулак сизде, – деди үңкүрдүн ичинен чыккан үн Мани Ясону сынагандай.
Лама Бусмендин өңү бузула түштү да, Мани Ясону суроолуу карады. Жигит болсо өзгөргөн жок. Үңкүрдүн оозуна малдаш уруп отура баштады. Анан, бирпастан кийин тамагын жасап алып үзүл-созул ырдай баштады.
О, урматтуу Додай монах, кара сыйкыр сырттаны!
Менден сура: Арбынбы деп бу дүйнөдө душманың?
Жок деп айтам: душман болсо Тибеттики!»
Жана сура: «көрө албаган, ичиң тарбы» деп.
Жооп берем: «андай мүнөз менде эмес,
Көрө албастар Тибетти, курчап турат курал менен шыкаалап»
Дагы сура: бирөөлөрдү бүлдүрүп, ыйлатууга ниетиң барбы деп,
Жооп берем: андай жорук менде эмес,
Андай ишти кылып жаткан кара ниет башкалар»
Жана сура: «анда эмнеге келдин мага күч бергин» деп кара сыйкыр.
Мен жооп берем: «күрөшөйүн залал менен, жогоруда мен айткан,
Бел болоюн, улуу косом Далайга
Элин коргоп мекенине жанын берген!»
Ырдап бүткүчөктү Мани Ясонун бүткөн бою солкулдап, чекесинен чыпылдап тер кетти.
- Хи-хи-хи, - деди аңгычакты үңкүрдүн ичиндеги монах Додай кыткылыктап.
- Баардыгыбыз тең бирдей сезимге алданабыз. Кезегинде кара сыйкырдын пири Юнтон Тогял да, Миларепа да, анан мына, мен дагы дал ушинтип алданганбыз. Ак сыйкыр болгон жерде сөзсүз кара сыйкыр болуш керек деп жараткан өзү жарлык кылган. Анан кантебиз?! Сиз, ыйык Миларепанын түгөйү, дагы бир жолу алданайын дедиңизби? Эки жолу алданыш көптүк кылбайбы? Али жаштыгыңыз бар экен ээ?!
Монах Додай менен сүйлөшүш мынчалык кыйын болоорун ойлобогон Мани Ясо чалга берээр жообу жок такалып турду.
Улуу даражалуу Далай-лама өзү сизден өтүнүп жатат, - деди аңгычакты Лама Бусмен чыйпылыктап.
-Мен ошону айтып жатам, күйөө бала! Мен Далай-ламанын дал өзүн айтып жатам!
-Улук Далай-лама сизге баа жеткис урмат көрсөттү. Аны сиз түшүнбөй атасыз.
-Мага азыр эмне керек?! Жооп берчи, күйөө бала! Жооп бер дейм!!!!