Казат Акматов: Архат

ЭКИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

 Бардыгы Лама Цу өзү Дейге аманат кылып айткандай болду, бирок Далай-лама да, Мани Ясо да азага келген жок. Панчен-ламанын айтканына караганда Тибеттин жетекчиси Пекинге расмий эмес визит менен кеткен имиш. Аны коштоп жүргөн жөкөрлөрдүн курамында сөзсүз түрдө Лама Ясо да бар экен.  «Бирок, Лама Цу өз денесин салт боюнча өрттөтпөстөн минтип үкөккө салып жерге көмдүргөнү ДалайЛамага жакпай калыптыр» деген сөздү Дей Панчен-ламадан эмес, башкалардан укту.

Ошол эле күнү кечинде Дейге дагы бир кабар жетти. Топоздун тезеги үйүлгөн чоң сарайдын чекесиндеги топурак кепесинде жатып Барлас деген сары чапан келгин монах да дүйнө салып кетиптир. Кабарды Дейге ашкананын ашпозчусу атайын айттырган экен.

Барластын жаны асманга учуп кеткен соң анын денесин отко берүү расмысына күтүлбөгөн жерден эл көп чогулуп, атүгүл Панчен-лама өзү баш болуп келип аза күтүп турду. Храмдын арт жагындагы кызыл борчуктун түбүндө атайын таш секи бар эле. Ошол секиге Барлас өзү дайындап кеткен отунду калың төшөп туруп үстүнө жука шейшепке оролгон сөөктү жаткырышты да, монах «Тедол» окуп бүткөн соң от коюшту. От күйө баштаган мезгилде капыстан ондогон тапанчанын үнү асманга жаңырып, байкабай тургандар селт этүүгө аргасыз. Көрсө азага Жохан эле храмы эмес, башка монастыр менен храмдардан жыйылып келген поли цайлар экен. Кыязы Барластын аты алардын арасында небактан эле легендага айланса керек.

 Ошентип «мундирдин урматын» бийик кармаган полицайлар секиде ги от алоолонуп асманга көтөрүлүп, андан соң аз-аздан отуруп таптакыр күлгө айланып өчкөнгө дейре аза күткөн баштарын көтөрбөстөн төнүп турушту.

«Аттиңай! Мекенимен сыртта тентиреп жүрүп бир кыргыз баласына кызмат кылайын десем болбоду. Баланы хансарайы бекитип алды. Эми менин балага керегим жоктур. Ошондуктан акыркы керээзим ушул:

Менин күлүмдү айнекке салып туруп жердешим Адилетке бергиле. Качандыр ал Алатоого барып калса кыргыздын бир алакандай жерине көөмп койсун» деп керээз айткан экен Барлас.

Ошентип Ордосарайдан чыкпай калган жаш лама Ясого устаты Лама Цунун өлөөр алдында жазган каттары да жетпеди, Барластын айнектеги бир ууч күлү да ашпозчу досунун колунда кала берди....

 

***

 

Бул кечте бири бири менен алгач көрүшө турган эки адам экөө тең толкунданып жатышты. Жаш Лама Мани Ясо азыр Далай-ламанын иш бөмөсүндө жаңы устаты менен таанышмак.

Далай-ламанын айтымына караганда бул жаш устаты мурдагы устаты Лама Цудан алда-канча күчтүү касиетке ээ экен. Демек бул жагдай толкундоого себеп эмей эмине?

Мани Ясонун Лама Цуга жүрөгү сууган жок. Бирок Далай-ламанын айткандары ал үчүн күтүлбөгөн кабар болгондуктан «жок, мен Лама Цудан башка эч бир устаттан окубайм» деп айта албай, жөн гана атадай көргөн устатына болгон урматын көкүрөгүндө терең катып калууга аргасыз болгон.

Далай-ламанын расмий буйругу менен Лама Мани Ясо, же болбосо Тибет кожоюну кыскарта чаап айткандай, тимеле «Лама Ясого» жаңыдан устат болуп бекиген Лама Бусмен болсо болочок шакиртинен аябай сүрдөп турду. Анткени ал эч кандай Кыргызстандан келген бир балага эмес, ыйык Миларепанын дал өзүнө устаты болмокчу.

 Мына ушул жагдай бир кезде Лондондон динсиз билип алып, бирок акыр аягы Тибетте Лама даражасына чейин жеткен, анын үстүнө Мани Ясону шартка жараша бир жолу көргөн Лама Бусменди толкундатпай коёбу? Экөө Далай-ламанын иш бөлмөсүндө жолугушту.

- Үчүнчү көзүңдү жаап эле алгының оң Антпесең, биринчи көрүшүп аткан устатың сүрдөйт, – деди Далай-лама Мани Ясого кеңеш берип.

 - Сиз кандай айтсаңыз ошондой, таксыр. Үчүнчү көзүмдү ачкандан өзүм да көп убакта уялам. Анткени адамдырдын ички ой-пикирин көрүп билип туруу анча деле салабаттуу иш эмес экен.

- Мен айтпадым беле. Ошон үчүн сенин касиетиңди бир гана нерсеге - Тибеттин мамлекеттик кызыкчылыгына пайдалансак туура болот.

- Бирок, урматтуу таксыр байкашымда сиздин кызматкерлер мени жек көре башташты.

- Эмне үчүн? Кимдер мисалы?

- Кызматынан бошогондор, сизден катуу жаза алгандар.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.